БУЙРУК  

Буйрук – мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги  негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге  жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номурланып, айрым көктөмөдө сакталат.

Буйрук формасына жана мазмунуна карата жалпы ишмердик боюнча буйрук жана өздүк курам боюнча буйрук болуп экиге бөлүнөт. Бул буйруктардын аткарылуу жолуна айрым-айрым токтолобуз.

1. Жалпы ишмердик боюнча буйрук

            Бул буйрукта мекемеде ишти уюштуруу, мекеме жана анын бөлүмдөрүнүн ишмердигин тартипке салуу маселелери каралат, жогорку мекемелерден келген көрсөтмө иш кагаздар мекеме кызматкерлерине жеткирилет, алардын аткарылышы боюнча так чаралар көрсөтүлөт, ал иш чаралардын аткарылышына жооптуу адамдар дайындалат жана аткаруу мөөнөтү белгиленет.

Мекеменин ички эмгек тартибинин эрежелери, ишкананын мүчөлөрүн сыйлоо жана ушул сыяктууларды тастыктоо менен байланыштуу болгон нормативдик буйруктар да жалпы ишмердик боюнча буйруктардын тобуна кирип, мазмуну боюнча бир адамга эмес, бүтүндөй жамаатка тиешелүү болот.

Буйруктун маалым даректери:

 

1.      Мекеменин бланкындагы маалыматтар;

2.      Иш кагаздын аталышы (Буйрук);

3.      Буйрук жазылган күн;

4.      Иш кагаздын номуру;

5.      Иш кагаз даярдалган жай;

6.      Тексттин темасы;

7-А. Тексттин негиздөөчү бөлүгү;

7-Б. Тексттин буйрук бөлүгү; 

      8.Жетекчинин кызматынын аталышы;

9.Жетекчинин колу;

10. Жетекчинин аты-жөнү;

11. Кошумча маалыматтар

Буйрукту даярдоонун жана аткаруунун айрым учурларын белгилей кетүү зарыл. Мисалы, буйруктун 4-маалым дареги – «Иш кагаздын номуру» маалымдареги – жалпы ишмердик боюнча буйрукта өзүнчө, өздүк курам боюнча буйрукта өзүнчө белгиленет. Адатта, литердик  (тамга) белги менен айырмалоо көп практикаланат. Мисалы, жалпы ишмердик боюнча буйрукту А менен, өздүк курам боюнча буйрукту  Б менен (мисалы: 11-А жана 43-Б буйруктар) белгилөөгө болот.

      6-маалым даректе буйруктун текстинин темасы белгиленет. Теманын аталышы тексттин мазмунун жалпылап туруусу керек. Мисалы, буйрук бир канча пункттан турса да, тема ошол пункттардын бардыгына тиешелүү болушу талап кылынат.

      7-маалымдарек-буйруктун тексти. Бул эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк (7-А), буйруктун негиздөөчү бөлүгү болуп саналат. Мында буйрукту чыгаруунун максаты, буйрукка негиз болгон мамлекеттик же өкмөттүк иш кагаздар көрсөтүлөт жана бул бөлүк  …БУЙРУК КЫЛАМЫН: деген этиш сөз менен аяктайт. Сөз баш тамга менен жазылат.

Бул маалым даректин экинчи (7-Б) бөлүгүндө буйрук конкреттештирилет. Ал бир канча пункттардан турушу мүмкүн. Мындай учурларда ар бир пункт араб цифрасы менен номурланып жазылат.

      Буйруктун тексти буйруктун аткарылышына жооптууну белгилөө менен аяктайт.

      8-маалымдаректе жетекчинин кызматынын толук аталышы жазылбайт, анда «Директор». «Ректор», «Башчы» деп гана көрсөтүлөт жана кол коюлат. Ал кайсы мекеменин жеткчиси экендиги бланктагы маалыматтардан даана байкалып турат.

      Зарыл деп табылса, буйруктун долбоорун даярдаган же аны менен тааныштырылган блүмдөн аталышы же кызмат адамынын колу коюлушу керек.

      Укук кеӊешчи төмөнкүлөргө маани берилиши зарыл: маселени буйрук менен расмийлештирүү канчалык деӊгээлде максатка ылайык келет; буйруктун долбоору аракеттеги мыйзамдарга, өкмөттүк токтомдорго  жана тармактык жогорку органдардын көрсөтмөлөрүнө канчалык даражада туура келет, буйрук менен мекеменин жобосунун же уставынын ортосунда карама-каршылыктын жоктугу жана бирин-бири кайталап калбагандыгы ж.б.

Буйрукту негиздөөгө зарылдык жок болсо, анда ал буйрук берүүчү экинчи бөлүгүнөн башталат, бирок  «…БУЙРУК КЫЛАМЫН:» деген сөз болбойт.

Буйрук берүүчү бөлүктүн ар бир пункту этиштин «…турмушка ашырылсын», «…аткарылсын», …милдеттендирилсин», «дайындалсын», «…которулсун», «…бошотулсун» деген сыяктуу буйрук ыӊгайы менен аякташы зарыл.

Буйрукта сөз болуп жаткан адамдын фамилиясы баш тамга менен, аты жана атасынын  аты жалпы негизде жазылат: А.М.Молдоканов же Аалы Молдоканович Молдоканов

Буйруктун айрым пункттарындагы аткрылуучу иш чаралардын мөөнөтү так көрсөтүлүшү керек. Мөөнөтү «…жазга чейин…», « …күздүк себилгенге чейин…» деп белгилөө бул иш кагазынын тилине да, аткарылуу өзгөчөлүгүнө да туура келбейт.

Айрым учурда конкреттүү буйруктун негизинде мурунку кайсы буйруктар жана башка иш кагаздар же алардын айрым пункттары өздөрүнүн расмий күчүн жоготкондугу да көрсөтүлөт.

Тексттин маанилери окшош буйруктардын акыркысы расмий күчкө ээ болот.

Буйрук эки нускада – биринчи нуска мекеменин бланкына, экинчи нуска А4 жазуу кагазына даярдалат. Жарыялоо үчүн экинчи нуска пайдаланылат жана аны кеӊсенин тиешелүү кызматкери  «Анык» деп визалап, мөөр басып, кол коёт.

Ар кандай буйрук жетекчи кол койгондон кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Буйруктар атайын китепке катталат жана көктөмөдө сакталат.

Кыргыз Республикасы

Чүй облусу

Чүй райондук мамлекеттик администрациясы

 

БУЙРУК

2012-жылдын 18-февралы   №5       Токмок шаары

 

          «Нооруз-2012» майрамын майрамдоо

           учурунда тартипти жана коопсуздукту

            камсыздоо жөнүндө

 

21-мартта массалык майрамдоо жана соода өткөрүү учурунда шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1.      Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (Абакиров Б.) 21-мартта тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын.

2.  МАИ башчысы (Жоошбеков С.) 21-март күнү автоунаалардын кыймылын саат 8 ден саат 16 га чейин Ленин көчөсүү боюнча  Пионер жана М.Горький көчөлөрүнүн аралыгында токтотсун.

3. Буйрукту аткаруу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.К. Каиповго мидеттендирилсин.

 

Мамлекеттик администрация

башчысы           (колу)             А.Кенжетаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

 

 

БУЙРУК№19


2012-жылдын 18-февралы                                            Бишкек шаары

 

Кыргыз эл жазуучусу,

Кыргыз эл баатыры

Т.Касымбековдун

80 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө

 

    Үстүбүздөгү жылдын 15-январь айында  республикабыздагы белгилүү инсан, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры Т. Касымбеков көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу залкар жазуучунун  мааракесине арналган адабий конференцияны белгилөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Адабий конференция  19-апрелде саат 14.00дө министрликтин  коллегия залында өткөрүлсүн.

2. Иш чараны  алып баруу милдети  А. Иманжановага жүктөлсүн.

3. Иш чараны уюштуруу милдети Төлөбек уулу Талантка жүктөлсүн.

            

                     Министр                     (колу)                              И. Жунусов