ӨМҮР БАЯН   ӨМҮР БАЯН
(Автобиография)
Киши өзүнүн өмүр жолун баяндап жазышы. Өмүр баян бир түрдүү жазылбайт, ошондуктан ар бир киши өзү жөнүндө маалыматты ар түрдүү жазышы мүмкүн. Ал автор тарабынан эркин жазыла турган документ болуп эсептелет.

Анда төмөнкү маалым даректердин болушу зарыл:

1. Документтин аталышы (ӨМҮР БАЯН)

2.Текст

    а) өмүр баян жазган кишинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты;

    б) туулган күнү, айы, жылы жана туулган жери;

    в) ата-энеси, ага-туугандары жөнүндө кыскача маалымат (фамилиясы, ысымы жана атасынын аты, иштеген жери);

    г) билими жана адистиги;

    д) иштеген иштери;

    е) акыркы иштеген жери жана аткарган кызматы;

    ё) сыйлыктары;

    ж) коомдук иштерге катышуусу;

    з) үй-блөлүк абалы жана үй-бүлөсү;

    и) үйүнүн дареги.

3. Өмүр баян жазган күн;

4. Колу;

5. Аты-жөнү.

    Өмүр баян атайын даярдалган баракка же жөнөкөй эле кагазга ишке жаӊы киргенде, окууга өткөндө өз колу менен жазылат. Өмүр баяндын тексттин баяндаганда жогоруда көрсөтүлгөн негизги маалыматтар биринчи жак аркылуу баяндалат.

    Өмүр баянда келтирилген бардык маалыматтар мезгилдик ыраатта (хронологиялык тартипте) берилиши керек. Өмүр баянды окуган, аны менен таанышкан киши ал адамдын басып өткөн өмүр жолу, иштеген иштери, көз карашы, ата-энеси, үй-бүлөсү жөнүндө толук түшүнүк алгандай жазылышы зарыл.

     Өмүр баяндын тилинде диалектизмдер, орой жана эскирген сөздөр болбошу керек. Автор бул документте өзүн мактабайт.

    Өмүр баян расмий иш кагазы болгондуктан, автордун өмүрүндөгү айрым терс (мисалы:соттолгону, согуш туткуну болгону ж.б.) далилдер жашырылып коюлбайт.

     Мамлекеттик сырлар өмүр баянда берилбейт.

     Өмүр баяндын жогоруда белгиленген маалым даректеринин баарынын текстте чагылдырылышы милдеттүү эмес. Алардын зарыл эместери жөнүндө маалымат берилбейт, айрымдарынын орду алмаштырылат.

Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндарда автордун тилдик бөтөнчүлүгү чагылдырылат жана ал стилде сүйлөшүү стилинин белгилери басымдуулук кылат, бирок расмийлүүлүк сакталат.

Өмүр баян

 

          Менин, Токобаев Болот Темирбекович, 1975-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында туулганмын. Атам Усупбаев Темирбек, апам Токсобаева Бактыгүл.

           1992-жылы Бишкек шаарындагы №6 орто мектепти бүтүп, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине өттүм.

             1996-жылы университетти аяктап, 1996-жылдан баштап 1997-жылга чейин Францияда окудум. 1997-жылы Өнөр жай жана соода министрлигине жетектөөчү адис болуп ишке кирдим. 1999-жылы АКБ «Кыргызстан» банкына  ишке кирдим. 2005-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратында уюштуруу бөлүмүндө инспектор кызматын аркаладым. Ушул эле жылы КР Премьер-министринин жардамчысы болуп иштеп келдим. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Экономика өнүктүрүү министрлигинде  иштедим.

2010-жылдан бери КР Президентинин Аппаратында эмгектенүүдөмүн.

Yй-бүлөлүк абалым: жубайым – Гүлзат, Саламаттыкты сактоо министрлигинде юрист болуп иштейт. Эки балалуумун: бир уул, бир кыз.

 

                                                              16-июнь, 2011-жыл         (колу)