29-сабак   Кептик тема: УЛУТТУК МАЙРАМДАР. КУТТУКТООЛОР. Грамматика: ТААНДЫК МҮЧѲЛҮҮ ЗАТ АТООЧТОРДУН ЖѲНДѲЛҮШҮ

Жекелик сан

АТООЧ

ИЛИК

БАРЫШ

ТАБЫШ

ЖАТЫШ

ЧЫГЫШ

Атам

Атамдын

Атама

Атамды

Атамда

Атамдан

Элиң

Элиңдин

Элиңе

Элиңди

Элиңде

Элиңден

Атасы

Атасынын

Атасына

Атасын

Атасында

Атасынан

Көптүк сан

АТООЧ

ИЛИК

БАРЫШ

ТАБЫШ

ЖАТЫШ

ЧЫГЫШ

Башчыбыз

Башчыбыздын

Башчыбызга

Башчыбызды

Башчыбызда

Башчыбыздан

Колуңуз

Колуңуздун

Колуңузга

Колуңузду

Колуңузда

Колуңуздан

Китебиңиздер

Китебиңиздердин

Китебиңиздерге

Китебиңиздерди

Китебиңиздерде

Китебиңиздерден

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   Айбектин атасы___  ошол күнкү окуянын тасмасы бар.

                   Айбектин атасында  ошол күнкү окуянын тасмасы бар.

   Биздин бѳлүм____ билимдүү адистер иштешет.

   Ал калкты тейлѳѳ борбор____ эсепчи болуп иштейт.

   Мен Кыргызстан______ жаранымын.

   Анын иш бѳлмѳсү________ сүрѳттѳр илинип турат.

   Мекеменин кызматкерлери______ майрамы менен куттуктады.

 

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   Сыйлык_____ ээси – Дамир Асанович.

                   Сыйлыктын ээси – Дамир Асанович.

Комиссия______  чечими кабыл алынды.

Насыя_______ кайтарылышына кепилдик беребиз.

Иш сапарыңыз_______ отчетун тапшырууңуз керек.

Келишим____  бир кѳчүрмѳсү колуңузда болуш керек.

Ал биздин ишкана_____ башкы адиси.

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   ________ жибер.

                   Катты жибер.

                    

 

1.     ___________ талкуулагыла.

2.     ___________ тейлеңиз.

3.     ___________ уюштургула.

4.     ___________ толтуруңуз.

5.     ___________ тиркеңиз.

(маселени, иш-чараны, маалымкатты, иш кагаздарын, кардарларды, бланкты)

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   ___________ кабарлап коюңуз.

                   Башчыга кабарлап коюңуз.                              

 

1)    _____________ кол коюп коюңуз.

2)    _____________ жаңы техникалар алынып келинди.

3)    _____________ мекеменин башка бѳлүмдѳрү да катышты.

4)    _____________ келишимдин үлгүлѳрү таратылды.

5)    _____________ биздин кызматкерлер чыгышкан жок.

 

 Бешик боо бек болсун!

 Ден соолугуңуз чың болсун!

 Жолуңар шыдыр болсун!

 Бактылуу болгула!

 Майрамыңыз менен!

 Туулган күнүң кут болсун!

 Ишиңиздерге ийгилик каалаймын!

 Ѳмүрүң узун болсун!

СҮЙЛѲШѲЛҮ

– Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер! Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын. Сиздерге чың ден-соолук, узун ѳмүр, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай каалаймын!.     

         – Рахмат, сизге да ушундай каалоо тилектерди каалайбыз!

         

– Саламатсызбы, Айнура Билимовна. Майрамыүыз менен!

         – Саламатчылык Асан Бектурович. Сизди дагы куттуктаймын. Бирге болсун!

         – Мейли, кичине салыңыз. Чай кашык берип койуңузчу!

         – Мына, алыңыз.

         – Рахмат.

 

–        Кандайсың Айгүл. Иштер, ден соолугуң, үй-бүлѳң жакшыбы?

–        Жакшы, Фатима. Менде баары жакшы. Ѳзүңчү?

–        Мен деле жакшы жүрѳм. Баары жайында..

–        Фатима, жакында “Нооруз” майрамы. Салт боюнча сүмѳлѳк жасалат эмеспи. Биз туугандар менен чогулуп сүмѳлѳк жасайбыз. Эгерде бош болсоң, үй-бүлѳң менен келгиле. Улуттук тамактарды жасап, оюн-зоок, ыр-бий болот. Кѳңүлдүү ѳткѳрѳбүз.

–        Жакшы. Айгүл биз майрам күнү үйдѳ эле болсок деп жатканбыз. Бирок чогуу майрамдасак кѳңүлдүү болот. Чакырганыңа чоң рахмат!

–        Эч нерсе эмес. Майрамда күтѳбүз.

–        Болуптур, кѳрүшкѳнчѳ.

 

–        Кош келиңиздер, урматтуу коноктор!.

–        Конушуңуздар кут болсун!

–        Рахмат, үйгѳ кириңиздер.

–        Оо, абдан сонун үй салыптырсыздар.

–        Ооба, бадык ыңгайлуулукту, жайлуулукту түзгѳнгѳ аракеткылдым.

–        Азаматсың, үйүңдѳ дайыма жакшылыктар болсун!

–        Рахмат, каалоо-тилегиңизге, дасторконго отуруп, даам ооз тийиңиздер!

 

*       

–        Саламатсызбы, Ольга Андреевна!

–        Саламат, Сырга Асековна.

–        Эртең Бектур Асановичтин туулган күнү. Кандай куттуктасак деп ойлойсуз?

–        Менимче, Кыргызстандын пейзажы тартылган сүрѳт белек кылсак туура болот го дейм. Сиз кандай дейсиз?

–        Туура айтасыз, абдан жакшы белек болот.

 

СУРАГЫЛА

   Сизге чың ден-соолук, узун ѳмүр, бакыт-таалай каалайбыз.

 ______________________________________

 Кайрылсаңыз болот, угуп жатам.

  ____________________________________

   Кечиримдүү, айта берсеңиз болот.

   ______________________________________

   Улуттук зер буюмун белек кылалы.

  ______________________________________

   Эртең куттуктап баралы.

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    Эгемендүүлүк күнү качан болду ? 

31-августта болгон.

 

1.     Сиз жаңы жылды кайда ѳткѳрѳсүз?               

_______________________________________________________

2.     Кечиресиз туулган күнүңүз качан?                

___________________________________________________________

3.     Сизге кайрылууга болобу?          

___________________________________________________________

4.     Сүмѳлѳк кайсы майрамда жасалат?               

____________________________________________________________

5.     Кыргызстандын конституциясы качан кабыл алынган?  

____________________________________________________________

6.     Биздин ѳлкѳнүн символикалык белгилери кайсылар?

___________________________________________________________

ОКУГУЛА

Бүгүн 8-март. Бул күнү эркектердин баары аялдарды куттукташат. Биз дагы мекеменин кызматкерлери аялзатын куттуктадык. Абдан кѳңүлдүү болду.. Мекемебиздин башчысы куттуктоо сѳзүн сүйлѳдү. Роза гүлүн жана хрусталь идиштерди белекке бердик. Фуршет болуп, түрдүү дүйүм-тамак аштарды жедик. Майрам биз ойлогондой жакшы ѳттү.

УККУЛА    АУДИО материал

(Президенттин жаңы жылдык куттуктоосун) – интернеттен даяр (кыскартып) алыш керек

 

КАЙТАЛАГЫЛА
 

Ардактуу, урматтуу, чын жүрѳктѳн, ишиңизге, албан-албан ийгилик, зор бакыт, максат-тилек, чын ыкыластан, оюн-зоок, улуттук, коноктор, кесиптештер, достор, ага-инилер, ага-туугандар, мугалимдер, окутуучулар, жарандар, мекендештер, белек, алкыш, сый-урмат, саламаттык, куттуктоо, майрам, той, ыраазычылык, кош келиңиздер,бактылуу болгула, бешик бооңор бек болсун, тѳргѳ ѳтүңүздѳр, конуш жайлуу болсун, туулган күн кут болсун, жүзүң жарык болсун, жаның аман болсун, дасторконуңуздар данга толсун, кампаңыздар данга толсун, ѳрүшүңүздѳр малга толсун.

 

КѲРГҮЛѲ       (ВИДЕО материал)

Тема: «Нооруз майрамында»

Майрамдан үзүндү


1.