25-сабак   Грамматика: СЫН АТООЧ. АНТОНИМДЕР Кептик тема: КЫРГЫЗСТАНДЫН БОРБОРУ – БИШКЕК

Карама-каршы маанидеги сөздөр антонимдер деп аталат.

Мисалы:   ак – кара, чоң – кичине, узун – кыска,

                 бийик – жапыз, ачуу – таттуу

Сын атоочтун 3 даражасы бар:

1)    Жай даража – ак, кара, кызы, сары, ийри, сүйрү, катуу, суюк.

2)    Күчөтмө даража (эң, өтө, абдан, аябай, чылк, чымкый деген сөздөр менен түзүлөт) – эң кооз, абдан таттуу, чымкый кызыл, аябай чоң, чылк алтын;

3)    Салыштырма даража –ыраак (-ирээк, -ураак, -үрөөк) мүчөсү аркылуу түзүлөт: кызыл – кызылыраак, кичине – кичирээк, чоң – чоңураак.

КѲНҮГҮҮ

 

Мисалы:    Чоң, кооз  __________

Чоң, кооз шаар.

 

o   Таза, тунук, муздак______.

o   Бийик, ак карлуу, тик____________.

o   Жарык, кенен, жаңы _________________.

o   Жоопкерчилктүү, тыкан, эмгекчил _________.

o   Ыңгайлуу, жумшак, кымбат __________.

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    чоң - кичне

 

o   кѳп –                                      тез –

o   тар –                                                жаңы –

o   кыска –                                  оор –

o   катуу                                               жаш –

o   арык –                                   түз –

 

окугула:

Чүй ѳрѳѳнүнүн борбордук бѳлүгүндѳ ак карлуу, жаркыраган Ала-Тоонун этегинде Кыргызстандын борбор шаары – Бишкек жайгашкан. Бишкек шаары Орто Азиянын ири шаарларынын бири. Азыркы убакта Бишкек шаары 130 км аянтты ээлейт. Шаар республиканын маанилүү саясий, экономикалык жана маданий борбору болуп саналат. Шаардын 60 пайызга жакын аймагы жашыл бак-дарактарга бѳлѳнгѳн. Бишкектин кѳчѳлѳрү таза. Шаарда кѳп сандаган соода үйлѳр, турак үйлѳр, мейманканалар курулуп жатат. Илим, маданият, спорт да ѳсүүдѳ. Бишкек шаары – абдан кооз шаар.

ЖООП БЕРГИЛЕ


Мисалы:    – Сага Бишкек шаары жагабы?           

Ооба,ѳзгѳчѳ сейил бактары абдан жагат.

 

–       Бишкек шаарында канча администрациялык аймак бар?

–       _______________________________________________

–       Шаарда чоң кѳчѳлѳр кайсылар?

–       ________________________________________________

–       Канча чоң соода үйлѳрү бар?                        

–       ________________________________________________

–       Кандай мамлекеттик ооруканалар бар?

–       ________________________________________________

–       Кандай министрликтерди билесиң?

–       ________________________________________________

СУРАГЫЛА

Мисалы:    – Кыргызстандын борбору кайсы?                

Кыргызстандын борбору – Бишкек.

 

–       _____________________________________________________

–       Жети област бар. Алар: Ысык-Кѳл, Талас, Чүй, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад.

–       _____________________________________________________

–       Ооба, үч жана беш жылдыздуу мейманканалар бар экен.

–       ______________________________________________________

–       Жазуучулардын жана коомдук ишмерлердин эстеликтери Эркиндик бульварында орнотулган.

–       ______________________________________________________

–       Борбордук аянтта Манастын жана Чынгыз Айтматовдун эстеликтери бар.

–       _____________________________________________________

–       Шаарда “Народный” соода түйүнүнүн дүкѳндѳрү кѳп.

–       _____________________________________________________

–       Ал анча чоң эмес, кооз, жашыл шаар. _____________________________________________________

–       Музейлер, окуу жайлар, китепканалар, эс алуучу, дарылануучу жайлар кѳп.

–       _____________________________________________________

–       Шаарда “Народный” соода түйүнүнүн дүкѳндѳрү кѳп.



*булар эмнелер?

*


*Булар эмнелер?

*


СҮЙЛѲШѲЛҮ:

1)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Кечиресиз, мен жакшы мейманкана издеп жатам.

– Шаардын борборунда “Хаят” деген чоң мейманкана бар.

– Ал кайсы жерде? Мен бир мейманкананы билчү элем. Ал – Кыргызтан мейманканасы болчу.

– Оо, ошол Кыргызстан мейманканасы “Хаят” мейманканасы деп аталып кайра курулган.

– Аа, жакшы болду. Анда мен ошол жакка барайын. Сизге чоң рахмат.

– Эч нерсе эмес. Биздин шаарыбызга кош келиңиз!.

 

 

2)    – Салам Сергей.

– Салам Азамат.

– Азамат жаңы бассейн ачылды дейт. Барып келбейлиби? Күн ысып турат.

– Туура айтасың, кайсы жерде экен?

– Ала-Тоо тойканасынын жанында.

– Анда жумуштан кийин жолугушуп баралы.

– Жакшы, анда кѳрүшкѳнчѳ.

 

3)    – Салам аллейкум!

– Аллейкум ассалам!

– Кандайсың досум? Качан келдиң?

– Бүгүн келдим. Балам каржы министрлигине жумушка орношту.

– Жакшы болгон турбайбы.

– Ооба, ал университетти бүтүп, жаштар министрлигинде бир жыл иштеген. Азыр болсо ѳзүнүн адистиги боюнча орношту.

– Ошондой дечи. Мен балаңды дагы эле студент деп ойлогом. Чоң жигит болгон турбайбы.

– Менин балам болсо мага жаңы турак үйлѳрдѳн батир алып берди. Кечинде келип кетпейсиңби.

– Жакшы болот, кайсы кѳчѳдѳ?

– Асанбай кичи районунда, 10-тролейбус менен түз келесиң.

– Болуптур, кѳрүшкѳнчѳ

– Күтѳбүз.


 КАЙТАЛАГЫЛА:

Абдан, кооз, бийик, чоң, аябай, кѳп кабаттуу, турак үй, маданият, саясий, аянт, бак-дарак, таза, кѳчѳлѳр, аймак, борбор, ири, курулат, кѳчѳлѳр, эстеликтер, соода үйлѳрү, ак карлуу, борбордун, жаркыраган, тоо этеги, мейманкана, бѳлѳнгѳн, бермет.


       (АУДИО материал)

1.

 

КѲРГҮЛѲ:

                              

(ВИДЕО материал о Кыргызстане) 

– Саламатсыңбы Настя!

– Саламатчылык Максат!

– Настя сен кайда иштеп жатасың?

– Мен Кыргыз Кредит банкында иштеп жатам. Сенчи?

– Мен болсо Президенттин алдындагы бакаруу академиясында иштейм.

– Сен ал академияда эмне иш кыласың?

– Шаардагы жана айылдагы ишканаларга барып, социологиялык сурамжылоо ѳткѳрѳм.

– Жакшы, сен бүт Кыргызстанды кыдырып чыккан турбайсыңбы.

– Ооба, бирок мен Баткен менен Жалал-Абадда боло элекмин. Бир жумадан кийин барам го.

– Кандай сонун! Мен болсо эч жакка бара элекмин. Шаардан деги эле чыкпайм.

– Акы тѳлѳнбѳгѳн ѳргүү алсаң, мүмкүн чогу барып келербиз.

– Чын эле, жакшы болмок. Ойлонуп кѳрѳйүн.

 

 

 

 

 

 

*

* _____________________

 

*

* _____________________

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\mega\Desktop\27.06.15\к5.jpgОКУГУЛА:

 

Жүргүнчүлѳрдү ташуу автобазасы

Жүргүнчүлѳрдү ташуу автобазасы шаардын четинде жайгашкан. Бул ишкана – шаар ичиндеги каттам боюнча адамдарды керектүү жерлерге жеткирүү кызматын тейлейт. Ишкананын аткарган кызматына карата бир нече милдеттери бар. Аларга: жумушка кечикпей ѳз убагында келүү, автоунааны оңдоо иштерин билдирип туруу, унаанын ичин таза кармоо, жол эрежелерин туура сактоо. Айдоочулардын жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ карабай, эмгек келишим түзүлүп, айлык акыны убагында тѳлѳп берүү жана эмгек шарттары менен камсыздоо – ишкананын негизги милдети болуп саналат.

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\mega\Desktop\к60.png    (АУДИО материал)

 

– Саламатсыңбы, Гүлжан?

– Саламат, Сайкал.

– Окууну бүткѳнүбүзгѳ 10 жылдай болуптур. Кандай жүрѳсүң?

– Жакшы жүрѳм. Билинбей убакыт ѳтүп кеткенин карачы.

– Ооба, а сен бул шаардасыңбы?

– Жок, мен кѳлгѳ турмушка чыгып, ошол жакта иштейм. Ѳзүңчү?

– Мен да турмушка чыккам. Эки балам бар. Жолдошум жеке ишканада иштейт. Сен кесибиң боюнча эле иштеп жатасыңбы?

– Ооба, райондук ооруканада жалпы терапия бѳлүмүн жетектейм.

– Мен болсо, жеке медициналык борбордо иштейм.

– Абдан жакшы. Жеке ишканада эмгек шарты, айлык акы жогору эмеспи. Силерде кандай?

– Туура айтасың. Бирок жакында врачтар менен мугалимдердин айлык маянасы кѳтѳрүлбѳдүбү. Силердин айлык кандай болуп калды?

– Кудайга шүгүр, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы кѳтѳрүлгѳнү жакшы болуп калды.

– Сайкал, убактың болсо, жолугушуп чай ичели.

–Рахмат, Гүлжан, эмдиги жолу келгенде. Себеби, эртең жумуш, кечинде эле кѳлгѳ кетем.

– Болуптур, кабарлашабыз.

– Жакшы тур.

– Жакшы бар. Жолуң шыдыр болсун!

 

 

 


КАЙТАЛАГЫЛА:

 

Жеке, ишмердик, иштѳѳ, айлык акы, эмгек шарты, бош орун, мамлекеттик кызматкер, жогору, тѳмѳн, тѳлѳм, камсыздоо, милдеттүү, сынак, аңгемелешүү, ийгиликтүү, иш сапары, укуктук, эмгекчил, иш күнү, жарандык, таржымал, толтуруу, ылайык.