24-сабак   Кептик тема: КЫРГЫЗСТАН Грамматика: ЭНЧИЛҮҮ ЖАНА ЖАЛПЫ АТТАР

           Энчилүү аттарга – адамдардын, географиялык жер-суу аттары, тарыхый окуялардын, мекеме-ишканалардын аттары кирет. М.: Асан, Чынгыз Айтматов, Бишкек, Токмок, Коргоо министрлиги, “Аят” басмакансы, Улуу Ата Мекендик согуш ж.б.

           Кубулуштардын, заттардын, түшүнүктөрдүн жалпыланып айтылышы жалпы аттар болуп  саналат. М.: тоо, суу, жер, асман, ой ж.б.

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    Кыргыз ____________.

                            Кыргыз Республикасы.

 

o   Кыргыз Республикасынын ________    ____________.

o   Кыргыз ________________      ___________________.

o   Кырыгз Республикасынын Жогорку _________.

o   Россия _____________________.

o   Бириккен ________________      ______________.

 

(Республиканын Ѳкмѳтү, Соту, Кеңеши, Федерациясы, Улуттур Уюму)

 

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   коргоо министрлиги

                            Коргоо министрлиги

 

1)    каржы министрлиги

2)    билим берүү жана илим министрлиги

3)    саламаттык сактоо министрлиги

4)    энергетика жана ѳнѳр жай министрлиги

5)    ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлиги

 

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    жергетал,    кумтѳр, ысыката

                            Жерге-Тал, Кум-Тѳр, Ысык-Ата

 

o   Аларча, Койсары, Кичикемин

o   Жалалабад, Соңкѳл, Сарыбулак

o   Алатоо, Кетментѳбѳ, Акталаа

o   Акѳлѳң, Аксай, Кѳкжар

o   Түндүкчыгыш, батышевропа, чыгышазия.

 

 

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    – Сенин кесибиң кайсы?      

Менин кесибим ширетүүчү.

 

1)    Бул китеп кайсы басмаканадан чыгыптыр?                     

________________________________________

2)    Сиз кайсы мамлекеттик органдын ѳкүлү болосуз?

_____________________________________________

3)    Анын атасы кайсы орден менен сыйланды?

______________________________________________

4)    Пакистандын аял президенти ким болгон?

_______________________________________________

5)    Жайында кайсы жайлоого барып эс алдың?

________________________________________________

 

(Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, “Турар” басмаканасынан, “Манас” ордени менен, Соң-Кѳл жайлоосунда, Беназир Бхутто)

СУРАГЫЛА

Мисалы:  – Кыргызстан кайсы ѳлкѳлѳр менен чектешет?              

Кыргызстан – түндүгүнѳн Казакстан, батышынан Ѳзбекстан, түштүк-батышынан Тажикстан, түштүк-чыгышынан Кытай менен чектешет.

 

–       _____________________________________________________

–       Кыргызстан кен байлыктарга бай.

–       _____________________________________________________

–       Арстанбап – дүйнѳдѳгү эң кооз жерлердин бири.

–       ______________________________________________________

–       Соң-Кѳлдүн жээги жайыттар менен курчалган.

–       ______________________________________________________

–       Сары-Челек Чаткал тоолорунун чыгыш бѳлүгүндѳ жайгашкан.

–       _____________________________________________________

 

 

СҮЙЛѲШѲЛҮ:

1)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Кубанычбек мырза, таанышып алыңыз, Генри Нильсон мырза жана Оливер Форд мырза.

– Мен сиздер менен таанышканыма кубанычтуумун!

– Биз дагы кубанычтабыз!

– Генри Нильсон мырза Мериленд штатындагы айыл чарба департаментинде кызмат кылат. Ал эми Оливер Форд атактуу Оксфорд университетинин профессору.

– Кубанычбек мырза Кыргыз Республикасынын Юстиция минситрлигинде эмгектенет.

– Биз Кыргыз Республикасына атайын чакыруу менен келдик. Биздин делегацияда 13 адам бар.

– Абдан жакшы. Эртең чогуу Ысык-Кѳлгѳ конференцияга барабыз. Бүгүн “Ак кеме” мейманканасына сиздерди жайгаштырабыз.

– Рахмат.

 

2)    – Саламатсызбы? Менин атым – Батыр. Мен бүгүн Алматыдан учуп келдим. Сиз дагы бул жерде эс алып жатасызбы?

– Саламатчылык, Батыр. Менин атым – Марат Кемелович. Нарындан келдим.

– Сиздин эс алганыңызга канча күн болду?

– Үч күн болду. Сиз мурда Кыргызстанда болдуңуз беле?

– Жок, Кыргызстанга биринчи жолу келишим.

–  Сизге Ысык-Кѳл жактыбы?

– Ооба, абдан жакты. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз экен. Ысык-Кѳлгѳ келгениме абдан кубанып турам.

 

                       

       

                                  (АУДИО материал

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Түндүгү — Казакстан Республикасы, батышы — Ѳзбекстан Республикасы, түштүк-батышы — Тажикстан Республикасы, түштүк-чыгышы — Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргыз Республикасы Евразия континентинин борборунда, Чыгыш менен Батыштын, Түштүк менен Түндүктүн аба катнашынын кесилишинде жайгашкан. «Манас» аэропортунан 4 саат учкан аймакта Москва (Россия), Пекин (Кытай), Стамбул (Туркия), Дели (Индия) шаарлары орун алган.  Республиканын калкы – 5 миллиондон ашык адам. Алардын 66,9%ы кыргыздар, ѳзбектер — 14,14% , орустар -10,65%, Кыргызстанда 80ден ашуун улуттардын ѳкүлдѳрү жашайт. Мамлекеттик тили – кыргыз, расмий тили – орус тил.

Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары — зор мааниге ээ, ѳлкѳнүн экономикалык, саясий, илимий, ѳнѳр жай, маданий жана транспорт борбору. Негизделген датасы: 1878-жыл. Аянты: 127,3 чарчы км. Бишкектин калкы болжол менен 1 миллиондон ашык адамды түзѳт. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – кѳз карандысыз, унитардуу, демократикалык, укуктук мамлекеттин принциптерин негизинде түзүлгѳн республика


КАЙТАЛАГЫЛА:

 

Ѳлкѳ, кѳл, тоо, суу, жаратылыш, токой, туристтик агенттик, тармак, чѳйрѳ, болжол менен, ѳнѳр жай, кѳз карандысыз, калкынын саны, борбору, аймак, аба катнашы, тили, расимй, улут, темир жол, ѳкүл, саясий, укуктук, ѳзгѳчѳ, чоку, багыт, кубануу, эс алуучулар, тейлѳѳ, мүмкүнчүлүк.

 


КѲРГҮЛѲ: 



                                (ВИДЕО материал)

Тема: “Кыргызстандын бир тармагы – туризм”

– Виктор Иванович, сиз туристтик тармак жѳнүндѳ жакшы билесиз. Кыргызстандагы туризм тууралуу баяндап берсеңиз.

– Жакшы болот. Азыркы учурда Кыргызстандын туристтик индустриясы бат ѳсүп, республиканын экономикасынын приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат.

– Демек, бизде туристтик потенциал жогору экен да?

– Албетте, Кыргызстан чон туристтик потенциалга, ички жана эл аралык туризмди ѳнүктүрүүнүн чон мүмкүнчүлүктѳрүнѳ ээ.

– Туризмди ѳнүктүрүү кайсы багыттар менен жүргүзүлѳт?

–  Эми, багыттар ар түрдүү. Алсак, тоого чыгуу, бийик чокуларды багындыруу, тоотектерди изилдѳѳ – чет ѳлкѳлүк туристтердин эң негизги кыялы болуп эсептелет.

– Тоо демекчи, тоолор жѳнүндѳ айта кетсеңиз?

– Албетте. Кыргызстандын территориясы Евразиянын эң чоң тоо системаларынын – Тянь-Шандын, кээде аны “Теңир-Тоо” деп атап жүрѳбүз жана Алайдын чоң бѳлүгүн ээлейт. Кыргыз Республикасынын территориясынын 90%га жакыны 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан, Кыргызстандын территориясында бийиктиги 6000 метрден ашык 14 тоо жана бийиктиги Европанын эн бийик жери – Монбландын бийиктигинен (4807м) ашкан 26 тоо жайгашкан. Тоо этегиндеги түздүктѳрдѳгү ѳсүмдүктѳрү чѳлдүү жана жарым чѳлдүү, тоолордо – тоо талаалары, токойлор, бийик тоолуу шалбаалар жана шалбаалуу талаалар.

–        Абдан кызыктуу да, сыймыктуу да. Мен Кыргызстандык болгонума абдан кубанычтамын. Дагы кандай багыттар менен туризмди ѳнүктүрсѳ болот?

–        Кыргызстандыктар абдан бактылуу эл. Дегеним, дүйнѳ жүзүндѳгү туздуу жана керемет Ысык-Кѳлү бар. Андан тышкары кѳп эле кѳлдѳрү бар, бирок алардын ичинен Ысык-Кѳл – эң ириси. Аны Ала-Тоонун бермети деп аташат. Ошондуктан, кѳлгѳ түшүп, эс алуу чет ѳлкѳдѳн келген туристтердин эси-кѳѳнүнѳн кеткис ырахат тартуулайт.

–        Бирок, бизде, Кыргызстанда тейлѳѳ начар болуп жатпайбы?

–        Туура айтасыз, тейлѳѳнү жакшыртыш эң биринчи кезекте – ѳкмѳттүн колунда. Алар тиешелүү иш-чаларарды уюштуруп, тейлѳѳ боюнча курстарды ачса баары жайында болчудай.

–        Ал үчүн акча каражат керек да, туурабы?

–        Албетте, бирок туризимдин ѳзүн-ѳзү каржылай турган деңгээли бар. Тилекке каршы, андан түшкѳн каражат тиешелүү жерге жумшалбай жаткандыгы абдан ѳкүнүчтүү.

–        Ооба, туура айтасыз.

–        Келечектен үмүт үзгѳнгѳ болбойт. Андыктан, эч нерсеге карабай алдыга гана жүрүш жасаш керек. Эң негизгиси
Кыргызстан — Батыш менен Чыгыштын ортосундагы соода-кербен жолунун байланыштыруучу чынжыры, Борбордук Азия цивилизациясынын кесилишкен жери.