21-сабак   Кептик тема: СПОРТ Грамматика: БАЙЛАМТАЛАР

Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруучу, сүйлөмгө мүчө боло албаган, лексикалык мааниси жок сөздөр байламта деп аталат.

Байламталар төмөнкүдөй бөлүнөт:

а) Байланыштыргыч байламталар: ары, нары, жана, жана да, жана дагы, да, дагы, дале, деле, менен;

б) Каршылагыч байламталар: а, ал ошондо да, анткени менен, болгону менен;

в) Божомолдогуч байламталар: же, же болбосо, не, айтор, мүмкүн.

г) Себеп байламта: анткени, себеби, неге десең, андыктан, ан үчүн, ошол себептүү, ошонун натыйжасында;

д) Шарттуу байламта: эгер, эгерде;

е) Салыштырма байламта: ошондой, ошончо, ошончолук ж.б.              

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы: Мен жумасына эки жолу аэробикага катышам.

 

 

 

МЕН

 

_________________бейсболго

_________________футболго

_________________волейболго

__________________баскетболго

_________________ каратеге

 

 

КАТЫШАМ

 

(бир гана жолу, ар бир күнү, айына беш жолу, күн сайын, дайыма)

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:   

Мен чурка_____ ___.

Мен чуркай алам.

 

Мен чана _____  _______.

Досуң лыжа теп____  _______бы?

Сиз сууда сүз____  _______бы?

Биз ат мин____  _______.

Сен велосипед теп____  _____бы?

Алар тоого чык_____ .

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    

Ася, сен лыжа тебе аласыңбы?

Ооба, мен лыжа тебе алам.

Жок, мен лыжа тебе албайм.

 

  Максим, сууда сүзгѳндү билесиңби?   

­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­_______________________________

_______________________________

 

  Анара, сен велосипед тебе аласыңбы?

 _____________________________

  _____________________________

 

   Байэл, бейсбол ойной аласыңбы?

  _____________________________

  _____________________________

 

  Жазгүл, тогуз коргоол ойногонду билесиңби?

   _____________________________

   _____________________________ 

СПОРТТУН ТҮРҮН АНЫКТАГЫЛА



велосипед тебүү велосипед ойноо



топто ойноо топту кубалоо



топту элөө топту тоголотуу



жүгүрүп жарышуу жүгүрүп ойноо



топту токтотуу топту берүү

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    – Сиз кайсы спортко кызыгасыз?         

Мен сууда сүзүү жана теннис ойноону жактырам.

 

–       Сен качан спорт залга барасың? ____________________________________

–       Канча убакыт машыгасың?

–       ____________________________________

–       Машыктыруучуң ким?

–       ____________________________________

–       Спорттук кийимдерди кайдан сатып аласың?

–       ______________________________________

–       Оор атлетика боюнча качан мелдеш ѳтѳт?

______________________________________

СУРАГЫЛА

Мисалы:   

Сен эмнеге кызыгасың?              

Мен тогуз коргоолго кызыгам..

 

–       _____________________________________

–       Кыргызстандын “Аккула” ат майданы жаңы оңдолуп бүттү.

–       _____________________________________

–       Ат оюндары боюнча мелдеш ѳткѳнү жатат.

–       _____________________________________

–       Кыргызстандын футболдук командасы жеңишке жетишти.

–       _____________________________________

–       Бокс боюнча дүйнѳнүн чемпиону Мухамад Али болгон.

–       _____________________________________

–       Баскетбол оюнун кѳбүнчѳ кыздар ойношот.

 

СҮЙЛѲШѲЛҮ:

1)    – Дима, сен бош күндѳрү эмне кыласың?

– Мен дайыма саат алтыда турам. Анан 20 мүнѳт таңкы дене кѳнүгүүлѳрүн жасаймын. Жаз, күз мезгилдеринде эртең менен 30 мүнѳт жүгүрѳм. Анан жакшылап тамак ичем.

– Чын эле сен чыйрак кѳрүнѳсүң.

– Иш күндѳрү деле, жумуштан кийин билярд ойнойм. Ѳзүң кайсы спорт менен машыгасың?

– Мен сууда сүзгѳндү жакшы кѳрѳм. Жумуштан кийин үйгѳ келгенде балам менен шахмат ойнойм.

– Спорт адамдын ден соолугун чыңдайт жана жашоосун жеңилдетет деп ойлойм.

– Ооба, туура айтасың. Сергек жашоо үчүн спорт менен машыгуу керек.

 

окугула

Спорт ден соолуктун булагы демекчи спорт – бул  ынтымакка  чакырып,  сергек  жашоого  үндөйт, ден-соолукту  чыңдайт. Ден соолугу  чың  улут,  күчтүү  мамлекеттин  негизи болору  дайыма  айтылып  келет.

КАЙТАЛАГЫЛА

Анда санда, күнүгѳ, такай, дайыма, тез-тез, кѳп, жумасына бир жолу, айына эки жолу, жылына беш жолу, мелдеш, машыгуу, ден соолук, сергек жашоо, сууда сүзүү, шахмат ойноо, чана жана лыжа тебүү, турнир, марафон, дүйнѳлүк чемпион, футболдук команда, спорт зал, боулинг борбору, ат оюндары, ат майданы.

(АУДИО материал)
 

 – Саламатсыңбы, Эркин?

– Саламатчылык Болот. 

– Эркин, бул дем алыш күндѳрү эмне кыласың?

– Азырынча пландар деле жок. Эмне болду?

– Биздин бѳлүмдүн кызматкерлери каржы-эсеп бѳлүмүнүн кызматкерлери менен футбол ойноп мелдешкени жатабыз. Мүмкүн сен да бизге кошуласың? Бизге кошумча оюнчу керек болуп жатат.

– Ошондойбу, макул анда. Мен ѳзүм деле футболду жакшы кѳрѳм. Теңтуш балдар менен футбол ойноп убакыт ѳткѳрѳбүз.

– Анда сүйлѳштүк. Мен жума күнү кечинде телефон чалам.

– Макул, анда сүйлѳштүк.

 

КѲРГҮЛѲ:    (ВИДЕО материал

Тема: «Достордун маеги»

– Салам!

– Салам.

– Кайда бара жатасың?

– Спорттук кийимдерди, буюмдарды саткан “Bigser sport» деген дүкѳнгѳ бара жатамын. Ал жерде 50%дык арзандатуу жүрүп жатат дейт. Мага жаңы спорттук костюм керек эле.

– Ал жерге карточка менен барсаң да, 15% арзандатуу аласың. Менде карточка бар. Кааласаң мен сага бере турам.

– Ошондойбу, жакшы болот эле го!? Берсең бере тур.

– Сен спорттун кайсы түрүнѳ кызыгасың?

– Жайында теннис ойноп, кѳлгѳ түшѳм, кышында болсо лыжа тебем.

– А сенчи?

– Мен күрѳшкѳ гана кызыгам. Ар дайым жуманын шаршемби, ишемби, жекшемби күндѳрү машыгууга барам. Кээде турнирлерге да барып турамын.

– Абдан жакшы. Анда күрѳш боюнча ийгиликтериң да болсо керек?

– Ооба, күрѳш боюнча таймаштарга катышып, бир нече грамоталарды жана быйыл жазында президенттин кубогун жеңип алдым.

– Азаматсың! Биздин ѳлкѳбүздүн келечектеги чемпиону болушуңа тилектешмин.

– Чоң рахмат!

– Иштериңди ийгилик коштоп жүрсүн!