20-сабак   Кептик тема: ЭС АЛУУ Грамматика: ЖАНДООЧТОР

атооч жөндөмө

1.     МененМен досум менен театрга бардым.

                Ал калем сап менен жазды.

2.     Үчүн –  Карылар үчүн концерт берилди.

               Майыптар үчүн жардам көрсөтүлдү.

3.     Аркылуу – Бул катты досум аркылуу жибердим.

                   Маалыматты электрондук почта аркылуу алдым.

4.     Тууралуу, жөнүндө – Бул кооз жер жөнүндө сыналгыдан көргөм.

                                     Кызматың тууралуу уккам.

5.     Сыяктуу, сымал – Илбирс – мышык сымал жырткыч жаныбар.

6.     Сайын – Жума сайын биз отчёт тапшырып турабыз.

7.     Боюнча, бою – Бул конкурска Кыргызстан боюнча мыкты адистер катышты.

 

барыш жөндөмө

1.     Чейин, дейре – Бул маршрут мейманканага чейин барат.

2.     Караганда – Мага көлгө караганда тоодо эс алуу жагат.

3.     Карай, карата – Кесиптик майрамга карата салтанат өттү.

 

          чыгыш жөндөмө         

1.     Кийин, соң, ары, бери – Отурумдан кийин мага жолугуп кетиңизчи.

                                              30 жылдан бери ушул мекемеде иштейт.

2.     Башка – Бул  кагазга сизден башка эч ким кол коё албайт.

3.     Мурун, мурда – Айтаардан мурун ойлонуш керек.    

КѲНҮГҮҮ
 

   Үйдѳн ишке _________ бир саат.

   Китепти сизден ________ алып кетишти.

  Чогулуштан _________сүйлѳшѳлү.

   Экѳѳбүз таанышкандан ______ канча жыл ѳттү.

   Ширетүүчү жаңы курулуп жаткан имаратты ______ жѳнѳдү.

(кѳздѳй, бери, кийин, мурун, чейин)

КѲНҮГҮҮ

1)    Жаз____ чейин бүтүр.

Ишкана____ чейин бар.

Жыйналыш_____ чейин сүйлѳш.

 

2)    Текшерген____ кийин айт.

Баргандан______ кийин чал.

Ишти бүтүргѳн_____ кийин жаз.

 

3)    Былтыркы___ караганда кѳп.

Кыштак____ карганда чоң.

Сиз______ караганда жоопкерчиликтүү.

 

4)    Мен ______ мурун келиңиз.

Айтар_____ мурда ойлонуңуз.

Кол коёр______ мурда ойлонуңуз.

 

5)    Окууну бүткѳн____ бери иштейт.

Эс алуудан келген_____ бери кѳрѳ элекмин.

Үй салынган______ бери эч жашай элек.

 

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    – Канча жылдан бери иштейсиз?

Окууну бүткѳндѳн бери иштеймин.

 

Жыйналыш канчага чейин болот?                           

_______________________________

Сүйлѳѳрдѳн мурда эмне кылыш керек?                                     

_______________________________

Жаңы жетекчи келгенден бери иштер кандай болуп жатат?                                  

_______________________________

Окууну бүткѳндѳн кийин эмне кыласың?                         

_______________________________

Кулактандырууда эмне тууралуу жазылыптыр?                       

_______________________________

 

СҮРѲТТѲР

СҮЙЛѲШѲЛҮ

1)    – Саламатсызбы? Сизге кайрылууга болобу?

– Албетте, болот.

– Сиз башка жактан келген окшойсуз.

– Ооба, мен Германиядан Ысык-Кѳлгѳ эс алганы келдим. Бул жердеги тоолорду кыдырып, кѳрсѳм деген ойум бар.

– Тоолорду сѳзсүз кѳрѳ аласыз. Бул жерде атайын туристтик жүрүштѳр уюштурулат.

– Абдан жакшы. Кечинде эс алуучулар убакытты кантип ѳткѳрүшѳт?

– Кечинде волейбол, тенис ойношот. Боулинг борборуна, киного барышат. Эч кабатыр болбоңуз, бардыгын кѳрѳсүз. Бул жерде сонун эс алып, жаратылыштын кооздугун кѳрүп кетесиз.

– Сизге чоң рахмат!

 

 

2)    – Эркин, кандайсың? Ѳргүүң кандай ѳтүп жатат?

– Ойдогудай эс алып, жакында эле Ысык-Кѳлдѳн келдим.

– Эркин, менин ата-энем Соң-Кѳл жайлоосунда эс алып жатышат. Мен ошол жакка барам. Мени менен барып келбейсиңби.

– Оо, абдан жакшы. Мен мурун бир жолу жайлоодо болгом, мага таза абасы, тоолору, кооз гүлдѳрү жаккан.

– Анда эмесе, жума күнү кечинде чыгалы.

– Макул. Сүйлѳштүк

АУДИО материал

– Саламатсызбы? Сиз да курортко дарылануу үчүн келдиңизби? Таанышып алалы. Менин атым – Сезимай Мадияровна.

– Менин атым – Жаркын Асанбековна. Ооба, мен да курортко дарыланып, эс алаганы келдим.

– Мен Чүй областына караштуу Беш-Күнгѳй айылынан келдим. А ѳзүңүз кайдан келдиңиз?

– Мен Нарын шаарынан келдим.

– Ысык-Ата курортун жакшы деп уккам.

– Ооба, мен буга чейин 2 жолу келип эс алып, дарыланып кеткемин. Мага бул жер абдан жагат.

– Абдан жакшы, буюрса экѳѳбүз чогу эс алат экенбиз.

– Ашканага түшкү тамакка барып келели. Бул жердин тамагы да жакшы.

– Мейли, жүрүңүз.

ОКУГУЛА:

Соң-Кѳл

Соң-Кѳл – Кыргызстандагы эң кооз, суктанарлык кѳлдѳрүнүн бири. Бул кѳл кѳлѳмү боюнча Ысык-Кѳлдѳн кийинки орунду ээлейт. Ал Кочкор, Нарын, Жумгал райондорунун чегинде жайгашкан. Узундугу – 29 км, аянты – 279 км. Суунун температурасы жайкысын – 12 градус, кышкысын – 3 градустан ашпайт, ноябрдын башында тоңуп, май айында эрийт. Кѳлгѳ 18 агын суулар куят. Балыктын кѳп баалуу түрлѳрү бар.

            Соң-Кѳлгѳ акыркы мезгилдерде кѳп чет ѳлкѳлүк туристтер келип эс алып кетишет. Кош келиңиздер!

КАЙТАЛАГЫЛА

 

Суктанарлык, саякат, чет ѳлкѳлүк, кооз, эстеликтер, тарых, маданий, ѳрѳѳн, тилмеч, мѳңгү, баалуу, жаратылыш, булак, кызыктуу, тейлѳѳ, агын суулар, кош келиңиздер, табыйгый, керемет, суулары, бийик, эс алуу, шаркыратма, токой, тоолор, капчыгай, кыдыруу.

 

КѲРГҮЛѲ: (ВИДЕО материал

Тема: «Туризм»

– Саламатсыздарбы!  Кош келиңиздер! Күнѳстүү кыргыз жергесинен ысык салам! Кандай учуп келдиңиздер?

– Эң сонун! Аба ырайы сонун тура! Сиз менен таанышып алалы. Менин аты-жѳнүм – Кравченко Павел Андреевич. Москвадан келдим.

– Мен силердин тилмечиңер болом. Бул топко жооптуумун. Атым – Асель.

– Мен кѳп саякат кылам. Кыргызстанга биринчи жолу келдим.

– Сизди алдыда кѳп кызык жерлер күтүп жатат. Биздин биринчи саякатыбыз Бурандана башталат. Бурана – Орто кылымдагы байыркы шаар урандысы. Мына, Буранага да келип калдык.

– Оо, абдан бийик экен! Мунун бийиктиги канча?

– Мунаранын сакталган бийиктиги 24 метр, биринчи курулганда 42-44 метр болгон экен.

– Оймолонуп-чиймеленип, абдан кооз экен. Бул курулуш кайсы кылымга таандык болду экен?

– Бул мунара орто кылымга – IX кылымга таандык архитектуралык курулуш.

– Мага абдан жакты.     

– Бүгүнкүдѳн эртеңки саякатыбыз да абдан кызыктуу болот. Анткени эртең Ала-Арча эс алуу жайына барабыз.

 

 

1.