15-сабак   Кептик тема: БОШ КҮНДӨРҮМ Грамматика: АТ АТООЧТОРДУН ЖӨНДӨЛҮШҮ

 

Атооч          мен         сен          сиз      ал

Илик            менин  сенин           сиздин       анын

Барыш         мага     сага сизге   ага

Табыш         мени    сени сизди        аны

Жатыш        менде    сенде сизде анда

Чыгыш        менден     сенден    сизден    андан

 

Атооч          биз силер   сиздер  алар

Илик           биздин   силердин  сиздердин    алардын

Барыш        бизге силерге сиздерге      аларга

Табыш        бизди   силерди сиздерди  аларды

Жатыш       бизде   силерде сиздерде    аларда

Чыгыш       бизден   силерден сиздерден   алардын

 

биздинанынменинсилердинсиздинсиздердинсениналардын сунушуңузбөлмөбүзөтүнүч катыдокладыңаржетекчимбашчыңыздариш күндөрүарызың КӨНҮГҮҮ

Мисалы:    ... өз жерибиз менен сыймыктанабыз.

                   Биз өз жерибиз менен сыймыктанабыз.

 

1.     ............ эс алуу күндөрү – ишемби, жекшемби.

2.     ............ азыр бош убакыты жок.

3.     ............ эмгек өргүүсү күз айларында болот.

4.     ............ абдан эс алганды жакшы көрөт.

5.     ............ ишканасы абдан чоң.

 

КӨНҮГҮҮ

Мисалы:    Бул менин жолдомо .......

                   Бул менин жолдомом.

 

1.     Бул сиздин иш бөлмө......, китеп.........

2.     Бул анын өтүнүч кат...., арыз.....

3.     Бул биздин жетекчи......,  башчы.......

4.     Бул силердин доклад......., макала.......

5.     Бул сенин сунуш......., өтүнүч..........

КӨНҮГҮҮ

Мисалы:    ...... бош убактым ........

                   Менин бош убактым аз.

 

1.     ....... бош күнүң .........

2.     ...... өргүүңүз ..........

3.     ........ убактыбыз .........

4.     ....... эс алуу күнү .........

5.     ....... иш күнүңүз ..........

СУРАГЫЛА

Мисалы:    – Жуманын кайсы күнү бошсуз?   

Ишемби, жекшемби күндөрү бошмун.

 

1.___________________________?               

Менин бош убактым бар.

2.___________________________?               

Жайкы өргүүдө айылга барам.

3.___________________________?              

Дем алыш күндү үй-бүлөм менен өткөрөм.

4.___________________________?               

Нооруз күнү барабыз.

5.___________________________?               

Азыр сыналгы көрүп отурам.

 

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    – Жуманын кайсы күнү бошсуз?   

Ишемби, жекшемби күндөрү бошмун.

 

1.     Сен бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

___________________________________

2.     Сиз эмгек өргүүгө чыктыңызбы?

___________________________________

3.     Алардын тыныгуу убактысы канчада?

___________________________________

4.     Эмдиги жумада бош күнүңүз болобу?

___________________________________

5.     Жумуш күнү качан бүтөт?

___________________________________

СҮЙЛӨШӨЛҮ

1)    – Салам Гүлжан!

– Салам.

– Кайда бара жатасың?

– Мен сейилбакка бара жатамын. Бүгүн менин бош күнүм. А сенчи?

– Мен салык инспекциясына отчет тапшырганы бара жатам.

– Качан бош болосуң?

– Билбейм, азыр жумуш көп болуп жатат.

– Бош болгондо чалбайсыңбы, дүкөн кыдыралы.

– Мейли, чалам.

2)    – Кандай?

– Жакшы.

– Силерде түшкү тыныгуу канчада?

– Он экиден бирге чейин.

– Чогуу тамактаналыбы?

– Макул, кайсы жерден?

– Биринчи кабаттагы ашканадан, себеби менин ишим көп.

– Мейли.

3)    – Саат канча болду?

– Алты жарым.

– Иий, жетишпей калдым. Автобекетке барышым керек эле.

– Эмне үчүн.

– Айылдан апам келе жатат. Тосуп алышым керек.

– Аа, мен сени бош болсоң бүгүнкү отурумдун протоколун бүтүрөлү дегем.

– Эртең эрте келейин. Бүтүрөбүз. Көрүшкөнчө!

–       Эртеңкиге чейин.

 ОКУГУЛА

Менин бош күнүм

Мен жеке ишканада башкы адис болуп иштейм. Иш күнүм күнүгө саат саат 8де башталат, кечки 6да бүтөт. Жумуштан кийинки бош убактымды ар кандай өткөрөм. Көп учурда үй-бүлөм менен болом, кээде досторум менен өткөрөм. Дем алуу күндөрү үй-бүлөм менен сейилдөөгө барам же үйгө конок күтүп, тескерисинче конокко барып калам. Спортко кызыгам. Ошондуктан бош күнүмдү спорт залында да өткөрүүгө аракет кылам.

 УГАЛЫ


– Алло, бул ким Касым болду бекен?

– Ооба, угуп жатам. А бул ким?

– Касым, бул мен – Бектур. Кандайсың?

– Иштер, үй-бүлө, ден соолук жакшыбы?

– Рахмат, баары жакшы. Өзүңчү?

– Менде деле баары дурус. Сага чалганымдын себеби көптөн бери көрүшпөй калдык. Бош убактың болсо, жолугуп бир жерден түштөнөлүк.

– Туура айтасың, Бектур. Жумуш көп болуп, бош убактым аз болуп калды. Кээде иш учурунда эле түштөнүп калып жатабыз. Андан көрө, бир дем алыш күнү жолугалы. Буга эмне дейсиң?

– Мейли, андай болсо үй-бүлөң менен биздикине мейманга келгиле. Алдыда майрамдар да келе жатат. Чогуу майрамдайбыз.

– Анда жакшы болот.

– Үй-бүлөбүз менен майрамды көңүлдүү эсте каларлык кылып өткөрөбүз.

КАЙТАЛАГЫЛА 

Акылдуу, бойлуу, сулуу, татынакай, жакшынакай, жылдыздуу, жалкоо, арык, арыкчырай, толук, семиз, жүдөө, тың, капалуу, шайыр, жоош, токтоо, эмгекчил, кыял, ак жуумал, кара тору, тармал, боорукер, жоопкерчиликтүү, мээримдүү, сараң, март, берешен, так, тыкан.

КӨРГҮЛӨ

– Саламатсыңбы, Кымбат, кандай жолугушуу!

– Саламатчылык, Гүлназ.

– Көптөн бери көрүшө элекпиз. Ден соолугуң кандай? Иштериң жакшыбы?

– Рахмат, баары жакшы. Чын эле кездешпегенибизге көп болуптур. Өзүң кандай жүрөсүң?

– Мен жакшы жүрөмүн. Жолукканыбыз жакшы болбодубу. Качан келдиң?

– Аның туура. Канча убакыт өттү. Мен айылдан кечээ келгем, бир жумадай болуп кайра эле кетем. Айылда эсепчи болуп иштейм. Жумушума байланыштуу иштер менен келгем.

–  Убактың болсо, отуруп чай ичели же концертке, театрга баралы.

– Рахмат, Гүлназ. Убактым деле жок. Бирок телефон чалышалы. Менин номурум – 0 700 40 20 30

– Болуптур, жакшы болот. Эртең телефон аркылуу сүйлөшөлү. Дагы качан көрүшөбүз, убакыт тапканга аракет кылсаң.

– Жакшы болот, туугандар да чакырды эле, аларга да барганга аракет кылам. Экөөбүз да жолугабыз.