14-сабак   Кептик тема: КЕСИП ЖАНА АДИСТИК Грамматика: КЕСИПТИК СӨЗӨРДҮ УЮШТУРУУЧУ МҮЧӨЛӨР

Зат атооч, этиш + -чы, -чи, -чу, -чү;

Мисалы: сүрөт+чү=сүрөтчү, өтүк+чү=өтүкчү

               жазуу+чу=жазуучу, сатуу+чу=сатуучу

жазуу
кызмат
иш
баш
жетек
кат
жардам
жылкы
тейлөө
күзөтчү
сатуу
куруу
ыр
ашпоз
тигүү
чу, чү, чы, чи,
КӨНҮГҮҮ

Мисалы:    Касымдын аялы кат+чы болуп иштейт.

 

Аскар кызмат___нын үй-бүлөсүндө туулган.
Анын досу тергөө_____
Биздин кошунабыз жазуу_____
Досумдун апасы эсеп_____
Жеңем тигүү___
КӨНҮГҮҮ Бул менин агам. Ал салык кызматында иштейт. Анын кесиби ..........Бул менин досум. Ал шаардык унаа кызматында иштейт. Анын кесиби ...Бул биздин кошунабыз. Ал ресторанда иштейт. Анын кесиби ...Бул досумдун атасы. Ал прокуратурада иштейт. Анын кесиби ...Бул Айгүл. Ал дүкөндө иштейт. Анын кесиби ....Бул Касым. Ал университетте иштейт. Анын кесиби ... айдоочутескөөчүашпозчуокутуучу тергөөчүсатуучу ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:   

Сенин кесибиң кайсы?      

Менин кесибим ширетүүчү.

 

Сиздин кесибиңиз кайсы?                          

_______________________________

Кесиптешиңиздин кесиби кайсы?                                  

_______________________________

Эжеңдин кесиби эмне?                                

_______________________________

Байкеңдин кесиби кайсы?                            

_______________________________

Курбуңдун кесиби эмне?                  

_______________________________

КЕСИП

Адис, айдоочу, аңчы, аткаруучу, ашпозчу

Балчы,  балыкчы, башкаруучу, бакчы, бийчи

Дүкөнчү, дарыгер, зергер

Жазуучу, жетекчи, жумушчу, жылкычы

Ишкер, изилдөөчү, уз, уста

Кабарчы, катчы, касапчы, койчу, комузчу, котормочу, куруучу

Мугалим, окутуучу, обончу, өтүкчү

Саанчы, сакчы, сатуучу, саякатчы, соодагер, сот, сүрөтчү

Тарбиячы, тергөөчү, тигүүчү, тилчи

Чач тарач, ырчы, элчи, эсепчи.

1ашпозчу2бийчи3дарыгер4куруучу5окутуучу67почточу8сүрөтчү9сыйкырчы10тигүүчү дарыгербийчиашпозчуокутуучукуруучутигүүчүсүрөтчүпочточусыйкырчы
СҮЙЛӨШӨЛҮ

1)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Сиз жазылдыңызбы?

– Ооба, мени бүгүн саат 10го жазышкан. Менин атым Бакай Шүкүров.

– Ооба, бар экенсиз. Кечириңиз кандай суроо менен келдиңиз?

– Мен ишканадагы жарнама маселеси менен келгем.

– Бир аз күтө туруңуз.

– Жарайт, рахмат. Күтүп турам. 

1)    – Салам Петя.

– Салам Аскар.

– Кандайсың?

– Жакшы.

– Биздин министрликте эмне кылым жүрөсүң?

– Силерге таржымалымды тапшыргам. Ошонун негизинде мени сүйлөшүүгө чакырышты.

–  Жакшы. Сен окууну бүттүңбү?

–Ооба, Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин артыкчылык диплом менен бүтүрдүм.

– Азамат. Кайсы жерде практика өттүң эле? Ал – маанилүү.

– Кыргыз Улуттук Банкта үч ай такшалмадан өттүм.

–  Абдан жакшы. Анда буюрса биздин каржы бөлүмгө орношосуң го. Ийгилик каалайм.

– Чоң рахмат! Буюрса чогу иштеп каларбыз.

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:    – Сиздин кесибиңиз эмне?             

Менин кесибим – ширетүүчү.

 

–       Сиздердин кесибиңиздер эмне?            

–       __________________________________

–       Ал ким болуп иштейт?                                    

–       __________________________________

–       Анын эжесинин кесиби эмне?               

–       ___________________________________

–       Силер бул жерде ким болуп иштейсиздер?

–       __________________________________

–       Кесибиң эмне?            

–       __________________________________

СУРАГЫЛА

Мисалы:   

– Сиз ким болуп иштейсиз?          

– Мен жарнама менеджери болуп иштеймин.

 

–       ____________________________________

–       Алмаштын апасы мыкты эсепчи болуп иштеген.

–       ____________________________________

–       Мамбет Мамакеев белгилүү дарыгер.

–       ____________________________________

–       Элмир келечектеги – архитектор.

–       ____________________________________

–       Сыйлык жылкычылар менен саанчыларга берилди.

–       ____________________________________

–       Эмгектин жемиши – дыйкандарга таандык.

 УГАЛЫ


– Саламатсызбы?

– Саламатчылык. Өтүңүз, отуруңуз.

–  Сиз кайсы окуу жайын бүтүрдүңүз эле?

– Улуттук университетти бүтүргөм. Кесибим – эколог.

– Жакшы, эмгек стажыңыз барбы?

– Ооба, мен темир жол бекетинде 10 жыл иштегем. Бирок үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Россияга кетип калгам.

– Ал жерде эмне иш кылдыңыз?

– Оор жүк ташуучу машинеде айдоочу болуп иштедим.

– Сиз таржымалыңызды бизде жөнөттүңүз беле?

–  Эки ай мурун жөнөткөм.

– Азыр карап көрөйүн. Бар экен. Тартип боюнча сизге жумуш каралат. Сизге ылайыктуу жумушту карап көрөйүн. Мына, “Манас” аба майданында экология боюнча адис керек экен. Мен азыр чалып көрөйүн.

– Чоң рахмат, мен күтүп турайын.

– Мен сүйлөштүм. Эртең саат тогузда сүйлөшүүгө сизди чакырып жатышат. Таржымалыңызды мен жөнөтүп койдум.

– Сизге ыраазымын!

 ОКУГУЛА


Мен келечекте дарыгер болууну чечтим. Бул кесипти тандоого менин ата-энем түрткү болду. Анткени атам – хирург. Атамдын жолун жолдогум келди. Менимче, кесипти туура тандоодо терең ойлонуу керек. Өзүңдүн жөндөмдүүлүгүңдү да эске алуу керек деп ойлойм.

Ар бир кесиптин артыкчылыктары бар. Ошондуктан анын айлык акысына жана эмгек шартына эле карабастан, өзүңдүн кызыгууң да болуш керек. Келечекте мыкты дарыгер болуу менен кесипти туура тандадым деп ойлойм.

КАЙТАЛАГЫЛА

Адис, бөлүм, башкарма, ширетүүчү, билдирме, буйрук, кесип, таржымал, сүйлөшүү, мугалим, даргер, наабайчы, доктур, укук коргоочу, жактоочу, кызматчы, башкы адис, саанчы, катчы, архитектор, куруучу, тикмечи, күзөтчү, айдоочу, ашпоз, эсепчи, каржы, насыя, сактап калуучу, жарнама, жарыя, жумуш орду, жан сакчы, милдет, тандоо.

КӨРГҮЛӨ

– Кандай?

– Салам!

– Сенин үй-бүлөң барбы?

– Ооба, менин үй-бүлөм бар. Жубайымдын аты – Чынар. Жеке фирмада иштейт, кесиби – эсепчи.

– Жакшы. Менин жубайым болсо мугалим. Ал Жогорку окуу жайына кыргыз тилинен сабак берет.

–  Өзүңүз ким болуп иштейсиз?

–  Мен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштейм. Кесибим – сактап калуучу.

– бул иште иштегениңизге көп болдубу?

– Ооба, он жети жыл болду.

– Ай-ий, чын эле көп болуптур. Жумушуңуз оор болсо керек?

– Оор деп айта албайм. Биздин жумуш абдан жоопкерчиликтүү жана опурталдуу. Адамдын өмүрүн сактап калуу менен кээде өзүбүздү тобокелге салабыз.

– Чынында эле, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин эмгеги абдан оор. Кээде ар кандай кырсыктардан сактап калган сакчылардын ишин көрүп, азаматтар деп ыраазы болосуң.

– Рахмат. Сиздин айтканыңыз туура. Өзүңүз ким болуп иштейсиз?

– Мен Свердлов райондук прокуратурасында тергөөчү болуп иштеймин.

– Сиздин деле жумушуңуз оор болсо керек?

– Биз кылмыш кылган накта кылмышкердин күнөөсүн далилдейбиз. Күнөөсүз адамды жактайбыз. Кандайдыр бир деңгээлде адамды сактайбыз.

–  Сиз менен таанышканыма кубанычтамын!

–  Мен дагы. Эл үчүн кызмат кылган адамдардан экенбиз. Ишибизде дайыма ийгилик болуп турсун!

– Мен да сизге кошуламын.