12-сабак   Кептик тема: СООДА ҮЙҮНДӨ Грамматика: БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ

Үндүү жана жумшак үнсүздөн кийин     

 -га, -ге, -го, -гө;

Каткалаң үнсүздөн кийин                        

-ка, -ке, -ко, -кө;

I жана II жак таандык мүчөдөн кийин    

-а, -е, -о, -ө;

III жак таандык мүчөдөн кийин              

-на, -не, -нө.

КӨНҮГҮҮ

Мисалы:   

Иш+га=ишке

Командировка+га=командировкага


Мамлекет       +   ____ =___________________

Саякат            +   ____ =___________________

Иш сапар        +   ____ =___________________

Айыл              +   ____ =___________________

Тажрыйба       +   ____ =___________________

Жыйын           +   ____ =___________________

Мекеме           +   ____ =___________________

Оорукана        +   ____ =___________________

ЖООП БЕРГИЛЕ

Мисалы:   – Бул окуяны уктуңбу?        

Ооба, бул окуяны  уктум.

Жок, бул окуяны уккан жокмун.

 

–       Келишимге кол койдубу?

–       Ооба, __________________________

–       Жок, ___________________________

 

–       Сиз жыйналышка катыштыңызбы?

–       Ооба, ___________________________

–       Жок, ____________________________

 

–       Ал ооруканага бардыбы?

–       Ооба, ____________________________

–       Жок, ____________________________

 

–       Эсеп бөлүмүнө жаңы адис келдиби?

–       Ооба, ____________________________

–       Жок, _____________________________


–       Кызматкерлерге сыйлык бердиби?

–       Ооба, _____________________________

–       Жок, _____________________________

 

–       Сиз өргүүгө чыктыңызбы?

–       Ооба, _____________________________

–       Жок, _____________________________

КӨНҮГҮҮ
Апам ______ таазим кылам.
Мен___ ишеним көрсөттү.
Балдар____ белек берилди.
Карыя____ сый көрсөтүлдү.
Угуучулар_____ сертификат тапшырылды.
Жактоочу______ тапшырма берилди.
Эмнеге?
Ал китеп ______ ой-пикирин жазды.
Жетекчи арыз _____ кол койгон жок.
Бөлүм башчы иш сапары ____ кетти.
Окуучулар жалпы республикалык тест____ катышты.
Штаттык тизимге ылайык айлык ______ белгиленди.
Кабарчылар окуя_____ саресеп салышты.
Кайда?
Ишкана ______ жаңы техникалар алынып келди.
Ал жогорку окуу жай______ өттү.
Кадрлар бөлүмү_____ жаңы адис келди.
Жайлоо_____ чет элдик туристтер келишти.
Мекеменин жамааты Ысык-Көл___ эс алууга жөнөштү.
Мамлекет башчысы Лондон_____ иш сапар менен кетти.

СООДА ҮЙҮ

Баш кийимдер бөлүмү;

Бут кийимдер бөлүмү;

Сырт кийимдер бөлүмү;

Ич кийимдер бөлүмү;

Белектер бөлүмү;

Кездемелер бөлүмү;

Турмуш-тиричилик техникалар бөлүмү;

Балдар кийимдери;

Кир жуугуч каражаттар бөлүмү.

Эмне алайын дедиңиз эле?

Көрсөтүп коюңузчу.

Размерлери барбы?

Көрсө болобу?

Кийип көрүңүз.

Жарашат бекен?

Чак экен.

Дагы кандай моделдер бар?

Өңдөрү кандай?

Кайсынысы жакты?

Абдан жакшы экен.

Кымбат экен.

Сизге ылайыктуу.

ОНДОО КЕРЕК!!!!!!!

(сүрөттөр)

 

* Булар эмнелер?

* _____________________

 

СҮЙЛӨШӨЛҮ

1)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Мага 44-размер кастюм шым керек эле

– Мына, бул жакты көрүңүз.

– Мага бул кастюм шым жакты. Баасы канча?

– Болгону 2500 сом. Аласызбы?

– Ооба, мага туура келет экен. Салып бериңиз.

– Албетте, акчасын кассага төлөйсүз.

– Рахмат.

 

2)    – Кечиресиз, мага тиги бут кийимди көрсөтүп коёсузбу?

– Канчанчы размер керек эле?

– 38 размер болсо болот. Кийип көрсөм болобу?

– Ооба, кийип көрүңүз.

– Мага чак экен, баасы канча?

– 5900 сом, Италиядан келген.

– Мейли алайын. Мына алып коюңуз.

– Соодаңызга рахмат. Келип туруңуз.

 

3)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Сиздерде кургак териге арналган бет май, упа сатылабы?

– Ооба, бул бөлүмдөн караңыз.

– Жардамыңызга рахмат!

 

4)    – Бул күрмө жактыбы?

– Ооба, жакшынакай экен.

– Жакса, кийип көрүңүз.

– Чак экен, баасы канча?

– 1500 сом. Өзүбүздүкү. Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү тиккен.

–Абдан жакшы.

КӨНҮГҮҮ

Мисалы:    Мага саркеч, сапаттуу, жарашыктуу көйнөк керек эле.

Бизде ........., ............, .......... алынып келинген костюмдар.Бул бөлүмдө ............, .............., ........... сатылат.Сырт кийимдердин ....., ....., ........ өлчөмдөгүлөрү бар.Бул бут кийим абдан .........., ........., ........ экен.Жоолуктардын ........., ........, ........ өңдөрү бар. жеңил, ыңгайлуукостюм шым, юбкакырк алтынчы, кырк сегизинчи, элүүнчүсары, кызыл, жашылТүркиядан, Кореядан, Кытайдан

СУРАГЫЛА

Мисалы:   

Өрүк кайсы жердики? Канчадан?               

Баткендин өрүгү, баасы 70 сом.

 

–       ___________________________________

–       Мага жарашыктуу туфли керек эле.

–       ____________________________________

–       Менин размерим кырк сегизинчи.

–       ____________________________________

–       Ооба, кийип көрсөм болобу?

–       ___________________________________

–       Абдан жакты. Мен сатып алайын. Баасы канча?

–       ________________________________

–       Алыңыз. Чоң рахмат.


 УГАЛЫ


– Алло, саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Мен сиздердин дүкөнгө жаңы буюмдар келгенин уктум. Ошол тууралуу билсем болобу?

– Ооба, албетте. Түркиядан күзгү сезонго ылайыктуу костюмдар, көйнөктөр, бут кийимдер келди. Бардык размерлер жана түстөр бар. Келип көрсөңүз болот. Биз күнүгө саат 9дан кечки саат 8ге чейин иштейбиз.

– Ии, жакшы болбодубу! Бүгүн жумуштан кийин барып көрөйүн. Маалыматыңызга чоң рахмат!

– Эч нерсе эмес, күтөбүз.

 ОКУГУЛА


Биздин борбор шаарыбызда соода үйлөрү абдан көбөйдү. Анда кийимдердин, бут кийимдердин, баш кийимдердин, сырт кийимдердин, балдар кийимдеринин жана турмуш-тиричилик техникалардын ж.б. бардык түрлөрү сатылат. Буюмдар ар кайсы өлкөлөрдөн: Россиядан, Кытайдан, Кореядан, Бириккен Араб өлкөсүнөн, коңшу Казакстандан алынып келинет.

Өзүбүздүн өндүрүүчүлөр чыгарган кийимдер да арбын жана сапаттуу. Соода үйлөрү шаардын жашоочулары үчүн да, сырттан келгендер үчүн да соода кылууга ылайыктуу жай болуп саналат.

 КАЙТАЛАГЫЛА


Аялдардын кийимдери, баш кийим, белдемчи, жеңил кийим, жоолук, жибек, ичик, тон, ич кийим, кымбат, калпак, кол кап, маасы, моюн орогуч, тумак, мээлей, шым, костюм шым, күрмө, топу, спорттук костюм, топчу, сыдырма, жака, этек, жең, пальто, чий баркыт, драп, жүн, тукаба, пахта, пахтадан токулган, чыптама, өлчөп көр, оюнчук, чынжыр, шуру, шакек, иймек, кездеме.

КӨРГҮЛӨ:  (ВИДЕО материал)


Тема: “Караван” соода үйүндө

– Саламатсызбы.

– Саламатчылык. Жардам керекпи? Эмне издеп жүрөсүз?

– Классикалык шым жана кеңсеге кийилүүчү стилдүү көйнөк керек эле.

– Канчанчы размер керек? Кандай өңдөр жагат?.

– Жакасы 46-размер көйнөк керек. Агыш өңдөрү барбы?

– Ооба, мынакей, кийип көрсөңүз болот. Кийип көрүүчү жай тигил жакта. Сиз бара бериңиз, мен азыр сизге көйнөк менен шымды алып барамын.

– Көйнөк чак келди, шым бир аз чоңураак экен?

– Бир размер кичирээк берейин анда.

– Эми туура келди. Бирок узунун кыскартууга туура келет экен.

– Албетте, шымдардын бардыгы узун болот, негизгиси өйдө жагы чак келиш керек.

– Буларды сатып алайын. Кайсы жерден кыскартса болот?

– Биринчи кабатта кийим оңдоочу жай бар. Ошол жерге барсаңыз, сиз каалагандай кылып кыскартып берет.

– Эми мага эсептеп бериңиз.

– 3700 сом болду. Карточка менен төлөйсүзбү же акчалай төлөйсүзбү?

– Карточка менен.

– Жакшы болот. Соодаңызга рахмат! Жакында сезондук жаңы кийимдер келет. Келип карап көрүңүз. Мүмкүн сизге жаккан жана жарашыктуу кийимдер болуп калышы ыктымал.

– Рахмат. Албетте келебиз.