9-сабак   Кептик тема: УНАА Грамматика: ЭТИШТИН ШАРТТУУ ЫҢГАЙЫ

Этиштин буйрук формасы + -са, -се, -со, -сѳ + жак мүчѳлѳр + жардамчы этиш

I      кир+се+м                                      кир+се+к

II     кир+се+ң         болобу?                кир+се+ңер                  болобу?

        кир+се+ңиз                                   кир+се+ңиздер

III    кир+се                                           кир+иш+се

     Шарттуу ыңгайга «болот» же «болбойт» деген жооп берилет

УНААЛАР

Шаар ичиндеги эл ташыган автоунаалар;

Жүк ташыган автоунаалар;

Жеке менчик жеңил автоунаалар;

Автобустар;

Маршруттук таксилер;

Трактор, комбайндар;

Тез жардам автоунаалары;

Ѳрт ѳчүрүүчү автоунаалар;

Атайын автоунаалар.

 

Жолуңуздар шыдыр болсун!

Билет бериңизчи.

Кантип барсам болот?

Кайда барасыз?

Канча саатта жетебиз?

Сапарыңыздар байсалдуу болсун!

Жолуңуз ачык болсун!

Аман-эсен жетип алыңыз!

Салам айта барыңыз.

ЖООП БЕРГИЛЕ


Мисалы:    – Бул автобус Ысык-Кѳлгѳ күнгѳй жагы менен барабы?

                   Ооба, Ысык-Кѳлгѳ күнгѳй жагы менен барат.

                  Жок, бул автобус тескей жагы менен барат.

–       Катчы кызматтык катты даярдап бүттүбү?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 

–       Сиздер Эл аралык симпозиумга катыштыңыздарбы?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 

–       Бѳлүм башчылар кызматтарынан бошотулдубу?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 

–       Шайлоо боюнча үгүт иштери башталдыбы?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 

–       Кызматкерлерге кошумча эмгек акы берилип жатабы?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 

–       Жумушуңуздар жеңилби?

–       Ооба, ___________________________________

–       Жок, ____________________________________

 




Жоопту бул дарекке karamendeeva@mail.ru жөнөтүңүз.

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    Ѳргүүдѳн кайтып келип ишке киришсем болобу?

                   Кечигип келгениңиз үчүн, ордуңузга башка адис алып алдык.

 

  Айлык акыны жогорулат_______     болобу?

  __________________________________________________

 Айыл чарбанын  экономикасын кантип кѳтѳр_____  болот?

  __________________________________________________

 Тажрыйбалуу адистерден үйрѳн_______ болобу?  _________________________________________________ Чогулушту кийинки дүйшѳмбүгѳ жылдыр ____ болобу?

  1. _________________________________________________

 Ишкананын ишин канткеде жакшырт______   болот?

 _________________________________________________

Кеңсе товарларын кайдан ал_______ болот?

  _________________________________________________

   Башкы корпуска эмне менен бар ________  болот.

 __________________________________________________

 

КѲНҮГҮҮ

Ошко ........., ............ менен барса болот.Жүргүнчүлѳр жүктѳрүн ............ убактылуу тапшырса болотСаякатчылар Ысык-Кѳлгѳ ............... менен келишетАэропортто ............., .......... бар.Москва-Бишкек аба каттамы боюнча ....... самалёт качан жана канчада учат.Рейстерди билүү үчүн ..................... кайдан тапсам болот? аманат жайынашейшемби жана бейшемби күндѳрүжеңил автоунаалар, самолётсамолётмаалымат берүүчү жайды кафетерийлер,күтүү залы

СҮЙЛѲШѲЛҮ

1)    – Кечириңиз, Алма-Атага барат элем. Билетти кайдан алсам болот?

– Үчүнчү кассада сатылат.

– Саламатсызбы.

– Саламатчылык. Кезекке туруңуз.

– Аа.. кезекке туруш керек турбайбы. Акыркысы ким?

– Мен, менден кийин туруңуз.

– Рахмат!

 

2)    – Мага Таласка билет берип коёсузбу?

– Канча билет?

– Эки адамга. Канчадан?

– 350 сомдон, 700 сом бериңиз.

– Кайсы орундарга берейин?

– Мүмкүн болсо алды жагынан.

– Макул, күтѳ туруңуз. Мына алыңыз.

– Рахмат.

 

3)    – Сиздердин мекемеде канча айдоочу иштейт?

– Баардыгы болуп 7 айдоочу эмгектенет.

– Алардын бирѳѳ башкарманын автоунаасын айдайт. Үчѳѳ бѳлүм башчыларын тартат. Калган тѳртѳѳ мекеменин ичиндеги башка жумуштарды аткарышат.

– Абдан жакшы. Алардын ишин ким кѳзѳмѳлдѳйт?

– Кадрлар бѳлүмү кѳзѳмѳлдѳйт.

– Айлык акылары жакшыбы?

– Ооба, айлык акылары ѳз убагында берилет. Андан тышкары ар бир үч айда кызыктыруучу айлык алышат.

– Демек, айдоочулар үчүн жакшы шарттар түзүлгѳн экен да.

– Ооба, айтмакчы,  5 күн иштешип, 2 маалдан тамак берилет?

– Абдан жакшы.

 

4)    – Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Тоголок Молдо, Токтогул кѳчѳлѳрүнүн кесилишине кайсы маршруттук автоунаалар барат?

– Жолдун аркы жагына ѳтүп, 114-маршруттук автоунаага отуруңуз.

– Жардамыңызга рахмат!

– Эч нерсе эмес.

 

5)    – Автоунааңыздын маркасы эмне?

– Мерседес.

– Жаңы эле сатып алгансыз го?

– Ооба, бир жума болду. Күйүүчү майды аз талап кылган, сарамжалдуу автоунаа экен. Орундуктары да жумшак экен.

– Жакшы. Кут болсун!

– Чоң рахмат!

 

 

СУРАГЫЛА

Мисалы:    – Бул автобус кайда барат? Жол кире канча?

Акыркы аялдамасы Кѳк-Жар жаңы конушу. Жол кире 10      сом. 

 

–       Сизге кандай маркадагы автоунаа жагат?

–       _____________________________________________________

–       Менин автоунаамдын ѳңү кандай? Ал сага жагабы?

–       _____________________________________________________

–       Бул кызматтык унаа кимге таандык?

–       ______________________________________________________

–       Жакын жерде күйүүчү май саткан жай барбы?

–       ______________________________________________________

–       АИ 95-күйүүчү май канчадан болуп жатат?

–       _____________________________________________________

–       Кийинки аялдама эмне деп аталат?

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    – Бул кайсы көчө?

                   – Бул Байтик баатыр көчөсү.

 

– Бул кайсы көчө?

– _____________________________

 

– Бул кайсы көчө?

– _____________________________

 

– Бул кайсы көчө?

– _____________________________

 

– Бул кайсы көчө?

– _____________________________

 

– Бул кайсы көчө?

– _____________________________

 

(К.Баялинов, Ч.Айтматов, Шабдан баатыр, Саадак, Ж.Осмонова)

 

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    – Сен кайда жашайсың?

                   – “Кѳк-Жар” жаңы конушунда.

 

– Сен кайда жашайсың?

– _____________________________

 

– Сен кайда жашайсың?

– _____________________________

 

– Сен кайда жашайсың?

– _____________________________

 

– Сен кайда жашайсың?

– _____________________________

 

– Сен кайда жашайсың?

– _____________________________

(“Жал” , “Мурас Ордо”, “Тунгуч”,  “Аламедин”, ГЭС-5)

КѲНҮГҮҮ

Мисалы:    – Дордой базарына кантип барсам болот?

                  – «Айчүрѳк» соода түйүнүнүн жанынан кетсеңиз болот.

– Эмне менен барсам болот?

                   – 130 же 252-маршуруттук такси менен.

 

 

 

 

кантип барса болот?

“Ала-Тоо” аянтына

“Караван” соода үйүнѳ

Улуттук госпиталга

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексине

Экономика министрлигине

Ош базарына

Аэропортко

 

 

эмне менен барса болот?

 

 

 

152-маршруттук такси

42-автобус

шаардык унаа

11-тралейбус

такси

менчик унаа

кызматтык унаа

 

АУДИО

– Алло, салам, Алмаз.

– Салам, Айша.

– Даярдыктар кандай?

– Болот. Эртең канчада чыгабыз?

– Каттоодон ѳтүш үчүн бир саат эртерээк барышыбыз керек. 

– Анда “Манас аэропорт” деген такси кызматына чалып, такси заказ берип коёюн.

– Мейли.

– Учуу убактысы канчада?

– Таңкы саат 5те. Такси 3 жарымда келсе жетишебиз го.

– Ѳзүңѳ тиешелүү иш кагаздарды алууну унутпа.

– Жакшы болот.

– Кѳрүшкѳнчѳ

ОКУГУЛА

Кыргыз Республикасынын эл чарбасынын негизги тармагы унаа болуп саналат. Аларга: шаар ичиндеги автоунаалар, жеке менчик жеңил автоунаалар, темир жол унаалары, аба унаалары (самалёт, верталёт), тез жардам жана ѳрт ѳчүрүүчү унаалар, айыл чарба унаалары (трактор, комбайн ж.б.), атайын (жылуулук, электр, жол кыймылы ж.б.) тармактарынын  автоунаалар, тралейбустар кирет. Булардын бардыгы элдин турмушун жеңилдетип, элге кызмат кылышат. Унааларды кыймылга келтирүүчү күйүүчү майлар элдин мүмкүнчүлүгүнѳ жараша баада сатылат

Кайталагыла

Айдоочу, аялдама, жол, автобекет, аэропорт, темир жол бекети, билет кассасы, жол кире, аманат жай, маалымат берүүчү жай, жүк, бош орун, тешерүүчү, маршруттук такси, учкуч, күтүү залы, жол кыймылы, жол чырактары,  күйүүчү май, кызматтык унаа, темир жолчулар, шарт, штаттык тизим, жүгүртмѳ.

КѲРГҮЛѲ:    (ВИДЕО материал)

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Ысык-Кѳлгѳ эмне менен барсам болот?

– Автобустар барат, бирок күтүп каласыз. Эгер кааласыңыз жеңил автоунаалар, маршруттук таксилер да бар. Алар менен бара турган жериңизге чейин барасыз.

– Жакшы болбодубу! Жол кире канча? 

– 500 сомдон. Үйүңүзгѳ чейин жеткирет.

– Жүктѳрүм бар эле. 

– Жүрүңүз жардамдашайын.

– Чоң рахмат. 

– Эч нерсе эмес. Орун алып, отура бериңиз.

– Канча саатта жетебиз?

– Буюрса тѳрт жарым саатта жетип барабыз.