28-сабак   8.2 Эмгек өргүүсү
1чарчаганымды сездим2отелдин кире бериши3уктоочу бөлмө4ашкана отелдин кире беришичарчаганымды сездимуктоочу бөлмөашкана
Сүйлөшөлү Диалогду уккула, кайталап окугула.


 Эрмек:    Сизди Жогорку Кеңеште конференцияда көргөм.Таанышканыма кубанычтамын.

Алмагүл: Мен да таанышканыма кубанычтуумун.

Эрмек:   Сиз кайда иштейсиз?

Алмагүл:Мен Юстиция министрлигинде   иштейм.

Эрмек:  Мен болсо  Экономика жана өнүгүү министрлигинде .

Алмагүл: Кайсы окуу жайында  окугансыз?

Эрмек:   Кыргыз-Славян Университетинде.

Алмагүл: Адистигиңиз  ким?

Эрмек:   Экономист.

Алмагүл: Анда дагы жолугушат турбайбызбы?

Эрмек:   Буюрса...

Алмагүл: Анда эмки көрүшкөнчө...

Эрмек:   Саламатта бололу.

– Саламатсызбы?

− Саламатчылык.

− Бөлмөнүн ачкычын берип коёсузбу?

− Канчанчы бөлмө?

−315.

− Мына ачкычыңыз, сумкаңызды курьер жеткирип берет.

− Сиз Кыргызстандан келдиңизби?

− Ооба. Кантип билдиңиз?

− Сизди тааныдым.

− Анда таанышып алалы. Атым Бек.

− Менин атым Бекболот.

− Экөөбүз тең Бек турбайбызбы?

− Ооба мени да Бек деп чакырышат.

− Сиз дагы эки күн отелде  каласызбы?

− Дагы бир жума. Узарттым.

− Мен эртеңкиге Кыргызстанга билет алып койдум.

− Апеей, эс алууңуз тез эле бүттүбү?

−Ооба, мен бир эле жумага келгем.

− Эмне мынча шашып?

− Шайлоочуларым мени күтүп жатышат. Мен алардын көйгөй маселелерин чечүүгө жардам беришим керек.

− Аа, андай маселе ыйык! Элди күттүрбөш керек!

− Мен Түркияда биринчи жолу эс алып жатам.

− Мен болсо жылда келем.

− Бул жак аябай ысык. Ысыкты көтөрө албайм. Мен Францияда жакшы эс алам. Абасы биздин Кыргызстанга окшош.

− Мен Францияга барган эмесмин, бирок аябай ал жакты көргүм келет.

– Мен бул жылы  кышкысын барам. Эгер кааласаңыз сизди ала барайын.

− Жол көрсөтүп койсоңуз жакшы болмок.

− Макул, сүйлөштүк.

1.       Силер кайсы жакка барып эс аласыңар?

2.       Кайсыл убакта эс алууга чыгасыңар?

3.       Эс албай иштеген учурларыңар болду беле?

4.       Силер кантип эс аласыңар?

Тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн суроолор

1.      Кыргызча өз оюңузду эркин айтып бере аласызбы?

2.      Кыргызча үйрөнүп калдым деп ойлойсузбу?

3.      Кыргызча тил үйрөнүү оңой бекен же кыйынчылыктарга дуушар болдуңузбу?

4.      Кыргыз тилди үйрөнүп жатканда сиз үчүн кайсыл тема  эң кыйын болду?

5.      Кыргыз тилин үйрөнүүнү улантасызбы? Сиздин оюңузча кыргызча толук үйрөнүү үчүн канча убакыт кетет деп ойлойсуз?

Эмнелерге жетиштим?

Темалар

начар билем

орточо

эң жакшы

1.

Жыл мезгилдери жөнүндө айтып бере алам.

 

 

 

2.

Эмгек өргүүсү жөнүндө айтып бере алам.

 

 

 

3.

Кыргызча өз оюмду айта алам.

 

 

 

1.       

Буйрук боюнча айтып бере алам.

 

 

 

5.

Өтүлгөн тексттердин мазмунун  айтып бере алам.