27-сабак   8.1 Жыл мезгилдери 1катуу шамал болуп турат2кар жаап жатат3жамгыр аралаш кар4күн чайыттай ачык катуу шамал болуп тураткар жаап жататжамгыр аралаш каркүн чайыттай ачык

Бир жылда төрт мезгил бар. Кыргызстанда кыш, жаз, жай, күз мезгили болот.

            Ар бир мезгил өзүнчө көрктүү. Айрыкча жаз, жай мезгилинде того, жайлоого, көлгө барганда табияттын сулуулугун көрөсүң. Ал эми кыш мезгилиндеги сулуулукту айтып түгөтө албайсың. Болгону суукка чыдаш бир аз кыйын. Жылдын эң кыска күнү −22-декабрь, эң кыска түн− 22-июнь болуп эсептелет.

Кыргызстанда жыл мезгили жаздан башталат. 21-март күнү “Нооруз” майрамы майрамдалат.  Себеби кыш кетип, күн менен түндүн теңелген күнү жаңы жыл мына ушул күнү белгиленет.

Айлардын кыргызча аталышы төмөнкүчө: март − жалган куран, апрель − чын куран, май − бугу, июнь − кулжа, июль − теке, августь − баш оона, сентябрь − аяк оона, октябрь − тогуздун айы, ноябрь − жетинин айы, декабрь − бештин айы, январь − үчтүн айы, февраль − бирдин айы. Кыргыздарда ай аталыштары мал чарбачылыкка, табияттка, аба ырайынын өзгөрүшүнө тыгыз байланыштуу.

 

Ø  Күзүндө

Кышында

Ø  Талаада түшүм жыйналат;

Ø  Жашылча-жемиштер терилет;

Ø  Кышка кам көрүшөт;

Ø  Аба-ырайы суук болот;

Ø  Жамгыр тез-тез жаайт;

Ø  Күн көп бүркөлөт;

Ø  Шамал болот;

Ø  Жалбырактар саргаят;

Ø  Канаттуулар учуп кетишет;

 

Ø  Айлана аппак болот;

Ø  Түн узарат;

Ø  Күн кыскарат;

Ø  Кар  көп жаайт;

Ø  Аба-ырайы суук болот;

Ø  Балдар  лыжа, коньки тебишет;

Ø  Суулар тоңот;

Ø  Элдер үшүйт;

Ø  Үйлөрдө от жагылат;

 

Жазында

Жайында

Ø  Кар эрийт;

Ø  Куштар учуп келет;

Ø  Көк чөп, байчечекей чыгат;

Ø  Бактар тигилет, бүрдөйт;

Ø  Гүлдөр гүлдөйт;

Ø  Жер айдалат, себилет;

Ø  Аба жылыйт;

Ø  Элдердин маанайлары көтөрүлөт;

 

 

Ø  Күн абдан ысык болот;

Ø  Күн тиет;

Ø  Жайкы эс алуу башталат;

Ø  Көпчүлүгү

Ø  эс алууга чыгышат;

Ø  Жайлоого барышат;

Ø  Кымыз ичип, эс алып, күч топтошот;

Ø  Ысык-Көлгө барышат;

Ø  Сууга түшүшөт, күнгө күйүшөт;

 

Мен кыш мезгилине таң калам. Себеби_________________
Жай мезгилин баары жакшы көрүшөт. Себеби _________________
Эртең Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Айрым жерлерде ала булут каптап, жаан-чачын жаайт. Бишкек шаарында эртең абанын температурасы +20+22° градуска чейин ысыйт. Тоолуу аймактарда салкын жел согот. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы +31+39° градуска чейин көтөрүлөт.  Ысык-Көлдө абанын температурасы +15+19° градуска чейин ысыйт. Нарын шаарында болсо күн күркүрөп, жаан жаайт. Жайлоолордо абанын темпертурасы +9+10° градус болот. Тоолордо мөндүр жаашы күтүлөт. Талас өрөөнүндө мезгил мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы  +12+15° градуска жетет. Ошто асман чайыттай ачык болот. Аба +25+27° градуска чейин ысыйт. Чүй өрөөнүндө болсо, +20+25° градус болот. Жаан-чачын күтүлбөйт

Бүгүнкү аба ырайын интернеттен  карасам жамгыр жаайт экен.

Б: Анда шайлоочулар менен кантип жолугушабыз?

А: Жолугушууну башка күнгө жылдырсак болбойт. Кол чатырлары менен келишет да.

Б: Катуу шамал болбойт бекен?

А: Жок, жамгыр жааганы менен аба жылуу болот экен. Аба +20+22° градуска чейин ысыйт экен.

 Б: Бүгүн бир аз ала булут каптап турат.

А: Эч нерсе эмес, бирок түштөн кийин асман чайыттай ачык болот экен.