25-сабак   7-тема:Менин өлкөм Менин айылым Текстти окугула.

Айылымдагы эс алуум

Мен Жогорку Кеңеште иштейм. Ар жылы туулуп өскөн айылыма, ата-энемдин үйүнө барып эс аламын. Үйүбүз айылдын башында тоонун түбүндө жайгашкан. Үй беш бөлмөлүү, 2 бɵлмɵлүү ашкана өзүнчө бөлөк курулган. Коноктор үчүн 4 котедж, 3 бɵлмɵлүү үй, жана 1 вагон бар. Бул жерде жаратылыш абдан кооз. Котедждин артында чоӊ дарыя агып турат. Дарыянын суусу тунук. Суу шаркырап агат. Суунун жээгинде бадалдар, дарактар, бүлдүркɵн ɵсɵт. Суунун шары мээни эс алдырат. Дарыянын аркы бети токой. Ал Текстти окугула.

жерде арчалар, жаӊгактар, бадалдар, карагайлар, кожогат ɵсүп турат.

 Үйдүн алдындагы бактын ичинде карагай бар. Анын кɵлɵкɵсүндɵ тапчан турат.  Биз күнүгө карагайдын кɵлɵкɵсүндɵ, тапчандын үстүндɵ,  тамактандык. Таза абада, салкын жерде, суунун шарын тыӊшап тамактануу − стрессти кетирет, ден соолукка пайдалуу. Шаардын ызы-чуусунан, ысык абасынан тажагандыктан, ал жерде жыргап калдык.  Ал жерде дайыма жеӊил шамал жүрүп турат. Ошондуктан киши тердебейт. Күн дайыма ачык. Бирок тез-тез жамгыр жаап турат.  Эӊ кызыгы, жамгырдан кийин ылай болбойт, жамгырдын суусу жерге сиӊип, кургап кетет.

Эс алууну иш менен айкалыштырып, айылдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн пландарды түзүп, эртеӊ менен таза абада басып, валейбол, баскетбол, теннис ойноп, айтор, көңүлдүү эс алдык. Чет өлкөлөрдө да  көп ирет эс алам, бирок айылдагы эс алганыма жетпейт. Туулган жер− Мисир деп бекеринен айтышпаса керек…

Боштуктарды толтургула
Мен ………….. барып эс аламын.
Үйүбүз …………………………түбүндө жайгашкан
Үйдүн алдындагы ………………………………….бар.
Карагайдын көлөкөсүндө………………………………… турат.
Ар жылы туулуп өскөн айылыма, тоонун, бактын ичинде карагай , тапчан,
Текстти окуп иштегиле.

Темир: Менин атым Темир.  Мен үй-бүлөм менен айылда жашайм. Айылда жашаган мага абдан жагат.  5 үйүр жылкым, 100 коюм, 15 уюм, 100 тоогум, 78 үндүгүм бар. Айылдын абасы таза жана жолдо унаалар аз. Айылдыктар бири-бирине жардам беришет, ишеничтүү адамдар. Айылда менин жеке менчик жерим бар. Ал жерде мен картошка, жүгөрү, бадыраң, помидор, буудай жана жашылчалар менен бирге мөмө-жемиштерди өстүрөм. Талаадан жыйнаган түшүмдүн жарымын базарга алып барып сатып, үй-бүлөмдү багам. .

Сабира: Менин атым Сабира. Бишкектеги  Жал кичирайонунун 25-үйүнүн 7-батиринде жашайм. Батирим үч бөлмөлүү, балкону бар, балконго чыксаң жолдун аркы бетиндеги кооз гүлбакты көрөсүң. Менимче, шаарда жашоонун артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар.  Шаарда аба таза эмес, анткени завод, фабрика, машинелер абдан көп. Жолдо унаалар көп. Азыр, музей, гүлбактар, ооруканалар, банктар, университеттер, эс алуу борборлору сыяктуу жерлер абдан көп.

Сабира дарыгер болуп иштейт Сабиранын үйү -Жал кичи районунда, 27-үй. Темирдин жеке менчик үйү бар. Темир кыштакта жашайт Сабира калаада жашайт Суроолорго жооп жазгыла.

. Сизге айылда жашаган жагабы же шаарда жашаган жагабы?

2. Азыр айылда деле заманбап үйлөрдү салып, шартын шаардагыдай кылып койсо болот.         

 Бирок ага карабай эле адамдар шаарда жашоону каалашат?

3. Айылды кантип өзгөртсө болот?

                   

Берилген сөздөрдүн жакын маанилерин тапкыла. мезгилөсжежыйнажашооайыл турмушонүктурмуштоптоичкыштак

Синоним сөздөр: Жазылышы ар башка, мааниси бир болот.

Мисалы: шамал-жел, шаар-калаа, айыл-кыштак,  акылдуу-эстүү, бактылуу-таалайлуу

Бак өстүрүү

 Жагымдуу климаттык шарттар мөмө-жемиш өстүрүүгө жакшы шарт түзөт. Бак өстүрүү чарбачылыгы ар түрдүү сорттору: алма, алмурут, айва, алча, чие, кара өрүк, гилас, абрикос, шабдаалы, жаңгак, бадам, мисте, инжир, анар, курма, лимон, бүлдүркөн, кожогат, карагат, бөрү карагат болуп айырмаланат. Кыргыз жер иштетүү боюнча илим изилдөө институту аба ырайынын шартына жана топурактын абалына жараша Кыргызстандын аймагын бир канча зоналарга бөлөт. Кыргызстандын түндүгүндө бүт жемиштер өстүрүлөт. Түштүк тарапта бак өстүрүү боюнча негизги аймак. Республикабыздын түштүгү жылуу климатты сүйгөн мөмө-жемиштерге бай. Ошондуктан жаңгактын жана цитрус сымал өсүмдүктөрдүн мекени.

Жаңгактын пайдалуу касиеттери

Кыргызстанда  жаңгак дарагы аябай көп өсөт. Тоонун боорундагы    жаңгактын капталынан чоң уюл өсүп чыгат. Аны «кап» деп коюшат. «Кап» жаңгагынан  аябай кооз эмеректер жасалат. Себеби, ошол уюлду тилдиргенде, тактанын бетиндеги тегерек-тегерек шакекчелери кооз көрүнөт, ошондуктан андан жасалган эмеректер аябай кымбат турат. Жаңгак  узак жашай турган дарак. Ал 300 жылдан 500 жылга чейин өсө берет. Демек, жаңгактан жасалган эмеректер да аябай бышык болот.  Грек жаңгагынын дарычылык касиети өтө чоң. Жаңгактын сөңгөгүнөн тартып, жалбырагы, мөмөсүнө чейин дарылык касиетке ээ. Мөмөсү быша электе кабыгы көпкөк болот, ошол көк кабыгы да дары. Ал эми жаңгакты тез-тез жеп жүргөн адамдын эске тутуусу жакшырат. Каны аз адамдар жаңгактын данын балга кошуп жесе, гемоглобин калыбына келет. Жаңгактын ичиндеги данын бөлүп турган  тосмолору да дарылык касиетке ээ. Жаңгактын жалбырагын ысык сууга демдеп, чачты чайкаса, чачтын түбү бекемделет, чач жалтырап  жибектей жумшак болуп калат. Жаңгак быша электе көк кабыгынан кесип алып, эринге тийгизбей тишти тазаласа, тиш аппак болуп,  түбү бекемделет. Андан сырткары, жаңгак ашказан, ич өткөк, кант диабети жана башка бир топ ооруга дары. Кыргызстанда өскөн грек жаңгагын сатып алуу үчүн чет өлкөлүктөр тарабынан суроо-талаптар чоң. 

Сөздөрдүн жакын маанилерин белгилегиле дарыжасалаткабыгыкымбатэске тутуусалкындарылайт даярдалатшыпааайыктыратэсте сактоосыртымелүүнбаалуу