22-сабак   6.3 Иш сапар боюнча отчёт

    Сүйлөшөлү

1.− Саламатсызбы?

− Саламатчылык, иш сапардан кача келдиң?

− Кечээ.

− Бир күн эс алып албайсыңбы?

− Иш сапардын отчётун жазышым керек.    

    Антпесе үлгүрбөй калам.

− Баары сендей жоопкерчиликтүү болсо…

− Баарыбыз эле ушундайбыз го?

−Араңарда жалкоолор да бар.

1.      – Саламатсыздарбы?

− Саламатчылык.

− Иш сапарга жакшы барып келдиңизби?

− Кабинетиме жарым сааттан кийин келсең, сага Германиядан белек алып келдим.

− Ой эже, жөн эле койбойсузбу?

− Сага кантип куру келейин…

 

− Иш сапарым ийгиликтүү болду. Турцияда мейманканада болдум. Түрк тилин жакшы билгендиктен мага көп деле кыйын болгон жок. Бир жумалык иш сапарыбызды 5күндө өздөштүрдүк. 2 күн шаарларын кыдырып сейилдедик. Иш сапарым жемиштүү болду.

− Менин иш сапарым Нарын облусунда өттү. Нарын азыр аябай жылуу экен. Жайлоонун баары туристтерге толуп кетиптир. Туристтик базалар ачылып, элдер тынбай иштеп жатышат. Биздин өлкө да туристтик өлкөлөрдүн бирине айланып баратат. Иш сапарым ийгиликтүү өттү.

− Саламатсызбы, иш сапарга алыска кеттиңиз беле?

− Вавилонго иш сапарга барып келдим.

− Охоо, сонун болгон турбайбы?

− Ооба, көптөгөн жаңы маалыматтарды алып келдим. Вавилондуктар өздөрүнүн тарыхына көп көңүл бурат экен. Аккаде шаарында да болдум.

− Кандай экен?

− Укмуштай сонун!

 

− Иш сапарыңыз бүттүбү?

− Ооба. Өз өлкөмө кайтканы турам.

− Сиз менен таанышканыма кубанып жатам. Кыргызстанга барсам тосуп аласызбы?

− Оо, албетте. Сизди Кыргызстандан чыдамсыздык менен күтөм.

− Анда, сөзсүз барам.

− Сөзсүз келиңиз!

 

Семирамиданын асма бакчалары


I тыным

          Семирамиданын Асма Бакчалары «Вавилондун асма бакчалары» деген ат менен белгилүү. Бул дүйнөнүн Жети кереметинин бири, тилекке каршы, биздин күндөргө чейин сакталган эмес. Семирамиданын Бакчалары  1989-жылы Роберт Кольдеев аттуу археологдун казуулары убагында табылган. 

II тыным

 

Бул шедевр Вавилондун падышасы, 43 жаштагы Навуходоносор IIнин буйругу менен биздин заманга чейин VI кылымда курулган. Падышанын жубайы жыттуу бакчалар менен жашыл дөңдөргө толгон Мидиядан болгон. Ысык, чаңдуу Вавилондо ал өзүн жаман сезип, мекенин сагынып кыйналган экен. Навуходоносор II жубайы Амитисти сүйүнтүш үчүн мыкты инженер, математик, куруучуларды чакырып, укмуштай бир керемет сейил бак курууга буйрук берген. Жубайына болгон сүйүүсүн далилдеш үчүн, аялына арналган бул сейил бактын жомоктогудай кооз болуп, Вавилонду дүйнө жүзүнө тааныта тургандай  курулушун талап кылган. Кургакчыл өрөөндө жашыл дөбөлөрдү куруу ошол учурда фантазия сыяктуу сезилген. Мындай жомоктогудай колго жасалган тоолорду жана анын үстүнө курулган бакчаны аз убакыт ичинде даяр кылыш абдан кыйын болгон. Ефрат дарыясы Вавилондон алыс болгондуктан, ал кездеги адамдар  бакчанын өзүн тургай, аны сугарууну да элестете алган эмес. Ошентсе да, падышанын көздөгөн максаты орундалып, ал керемет бакча хан сарайдын түндүк-батыш тарабынан орун алган. 

III тыным

 

Сейил бак бир нече жүз фут бийиктиктеги дөбөдө жайгашкандыктан, жерден караган адамга бактар асылып тургандай көрүнүп, укмуш кооздукту жараткан. Бакчаны аралап сейилдеген адам тоого чыккандай болгон. Балкон сымал курулмаларда экзотикалык өсүмдүктөр: дарак, пальма, гүлдөр тигилген. Өсүмдүктөрдүн уруктары, көчөттөрү сууга чыланып, бүт дүйнө жүзүнөн алынып келинген. Бакчаны сугаруу жолу төмөнкүдөй болгон: үстүңкү дөңгөлөктөрдө тросторго бекитилген чакалар болгон. Алардын жардамы менен астыңкы дөңгөлөктүн түбүндөгү бассейнден суу алынып, көтөрүүчү чынжырлар аркылуу үстүнкү дөңгөлөккө берилип, экинчи бассейнге куюлган. Ал жердеги, арыктар аркылуу суу ар кайсы тарапка агып, жолундагы өсүмдүктөрдү сугарган. Вавилондо бакчаны сугара турган суунун жетишсиздигинен улам, көп адамдар ал жерде кооз сейил бак болгондугунан күмөн санашкан. Бирок, Ефрат дарыясынан кулдар күндөп-түндөп сууну ташып, бассейнди толтуруп турушкан. Бул курулманын үстү коргошун менен бекитилген, ошондуктан, пайдубалга бир да тамчы суу жеткен эмес. Вавилондо таш болбогондуктан, Навуходоносор асма бакчаны куруу үчүн таш плиталарын алыскы жерлерден кантип алып келгени ушул күнгө чейин табышмак бойдон калган

IV тыным

 

Александр Македонскийге Вавилон шаары өтө жаккандыктан, бул жерге келгенде, ал өз мекенин сагынганын унутуп, согуштарын да таштап койгон имиш. Ал сейил бактын көлөкөсүндө алыскы  мекенин эстеп, эс алууну аябай жакшы көргөн дешет. Уламышка ишенсек, А.Македонский дал ушул жерден жарык дүйнө менен кош айтышкан. Александр Македонский өлгөндөн кийин жомок-шаар бошоп, эл азайып, бакчалар сугарылбай калган экен. Бир нече жер титирөөнүн айынан эки таяныч дубалдын ийилип кошулган төбөлөрү урап түшкөн. Көптөгөн кылымдар бою Вавилондун урандылары кум, таш жана ар кандай калдыктарга көмүлүп калган.

 

Сөздүк:                  трос – темир чынжыр

                чынжыр- бирине-бири илиништирилип жасалган темир тизмек

                коргошун - тез эрий турган оор металл

урандылар- сынык бөлүктөрү

сейил бак- сейилдөө, эс алуу үчүн курулган, ар түрдүү гүлдөрү, дарактары көп бакча

кум-катуу минералдын (көбүнчө кварцтын) эшилме, куюлма майдасы

көмүлүп калган- жердин астында калган

мекен-мамлекет, өлкө

урук- үрөн, үрөндүк дан, уруктан өсүмдүк өсүп чыгат

өрөөн- тоонун ортосундагы же суу бойлото созулган чоң узун тилке мейкиндик

 

Төмөндөгүлөр кайсы каарманга таандык экендигин белгилегиле

 

Маке-донский

Навуходо-носор II

математик,

инженерлер

ханыша

акылмандар

кулдар

1.

Орто жаштагы падыша, биздин заманга чейин VI кылымда жашаган

 

 

 

 

 

 

2.

Жыпар-жыттуу бакчаларга жана жашыл дөңдөргө толгон өлкөдөн келген 

 

 

 

 

 

 

3.

Сейил бак курууга буйрук берген

 

 

 

 

 

 

4.

Күнү-түнү суу ташып турушкан

 

 

 

 

 

 

5.

Вавилондо көз жумган

 

 

 

 

 

 

6.

Сейил бактын архитектурасын ойлоп тапкан адамдар

 

 

 

 

 

 

7.

Вавилондогу асма сейил бакты  сүйгөн баатыр