20-сабак   6-тема: Ишти уюштуруу Иш сапар

1.      – Иштин зарылдыгына байланыштуу иш сапарга чыгууга туура келди.

− Качан жөнөйсүз?

− Бүрсүгүнү.

− Кайсы жакка барасыз?

− Москвага.

− Ой, Россиягабы?

− Ооба.

− Бажы кызматы бир болгондуктан Россияга барууга туура келип жатат.

− Аа, жакшы экен.

2.      – Иш сапарга жөнөдүңүзбү?

− Эртең жолго чыгам.

− Учак менен барасызбы же поезд мененби?

− Учак менен, поездде жүрө албайм.

− Мен да поездде жүрө албайм. Дайыма учак менен барам.

− Сага Москвадан эмне ала келейин?

− Өзүң аман-эсен келсең болду. Жакшы барып кел.

− Рахмат.

3.      – Мага тез иш сапардын отчётун алып келиңиз.

− Азыр алып келем.

−Эртең Жогорку Кеңеште отчёт берем. Сиздин Германияда өткөн иш сапардагы отчёт да эң маанилүүлөрдүн бири.

− Макул, макул, азыр алып келем.

− Даярдап койдуңуз беле?

− Ооба, албетте.

4.− Кийинки жылга 14 иш сапарды пландаштыралы.

− Эмне себептен?

− Иш сапар абдан пайдалуу.

Былтыркы жылы иш сапардан кийин көп нерселерди өздөштүрдүк.

− Ооба, чын эле иштин алдыга жылышына чоң өбөлгө түзөт экен.

− Сизди да иш сапарга чыкканга пландаштырып коёлубу?

− Албетте.

Омоним сөздөр: Айтылышы бирдей, мааниси ар башка, мисалы:  ат − жылкы,  ат− ысым; сыр –боёк, жашыруун сыр, жай− мезгил, жай− кыймыл-аракет ж.б.

Cабыр эртеӊ менен эрте турду. Бүгүн ал иш сапарга жɵнɵдү. Ал иш сапарга Аксы районуна барат. Сабыр жуунду, эртеӊ мененки тамагын ичти. Кийинди да, айдоочунун телефонуна чалды. Айдоочу: «Даярданып туруӊуз, 30 мүнɵттɵн кийин келип, алып кетем» − деди. Аксы району Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Бул район Бишкектен 550 км.алыс. Сабыр ал жакка учак менен барчу. Бул жолу  машина менен баргысы келди. Себеби машина менен барган кызыктуу. Жолдогу жаратылыш аябай кооз. Сабыр Суусамыр жайлоосунан кымыз ичет. Ашууда мɵӊгүдɵн түшкɵн таза, муздак суудан ичет. Ошентип Аксы районуна 9 саатта жетет. Эртеси иш сапардагы план боюнча ишин баштайт.

А. Суроолорго жооп бериңиз.

1. Сабыр кайда жөнөдү?

2. Сабыр Аксыга кантип барат?

3. Эмне үчүн ал жолдо кымыз ичет?

4. Сабыр кайсы жайлоо аркылуу өтөт?

5. Тоолор, туннель аркылуу машине менен алыс сапар жол жүрдүңүз беле?

Сабыр:    Туннелби?

Айдоочу: Ооба.

Сабыр:    Туннель канча км.?

Айдоочу:  3км.

Сабыр:     Узун го..?

Айдоочу:  Ооба.

Сабыр:     Канча мүнɵттɵ туннелден чыгабыз?

Айдоочу:  3мүнɵттɵ.

Сабыр:     Дагы канча туннель бар?

Айдоочу:  Дагы 3 туннель бар.

Сабыр:     Алар да узунбу?

Айдоочу:  Жок, алар кыска.

Францияга иш сапар


Төмөндө иш сапар үчүн бир канча багыт берилди. Багыттардын ичинен бирөөнү тандап дилбаян жазыңыз. 

Париждеги бир жума

 Марселдеги бир күн

Ницца шаарындагы көчөлөр

Дилбаянды төмөнкү суроолордун негизинде жазыңыз
  1. Иш сапарга кандайча даярдандыңар?
  2. Кайсыл жакка бардыңыз?
  3. Кандай кыйынчылыктар (жамгыр, бийик тоо, алыс жол, машина, кар көчкү, оору ж.б.) болду?
  4. Иш сапар учурунда ким/эмне менен тааныштыңыздар?
  5. Мамлекет өркүндөшү үчүн кандай пайдалуу сабактарды алдыңыз?
  6. Жылуу кийим, тамак-аш, каржы кыйынчылыгы жаралган жокпу?
  7. Иш сапарга жалгыз бардыңызбы? Эгер шерик менен барсаңыз бири-бириңиздерден адашып кеткен учурларда кантип байланышка чыктыңыздар?
Иш сапардын соңунда кандай сабак алдыңыздар? Кандай жыйынтык чыгардыңыздар