19-сабак   5.3 Баяндама кат, түшүнүк кат

1.− Динара айым, баяндама катыңызды алдым.

− Жакшы болуптур, алган болуш керек деп ойлоп жаттым эле.

− Алдым.

− Окуп чыктыңызбы?

− Ооба, купулума толду. Азамат!

− Рахмат.

− Баяндама каттын копиясы сизде барбы?

− Жок эле, копиялап алайынчы.

− Тез копиялап, кайра мага бериңиз. Мурда эмнеге копиялап алган жоксуз?

− Копия иштебей калган экен. Сизге кечиктирбей, өз убагында берейин дедим.

2.− Түшүнүк кат жазыңыз.

− Эмне үчүн?

− Чогулушка келген жоксуз го?

− Кайненем ооруп калып, аны ооруканага жеткирип келдим.

− Ооруканада болгонуңуз жөнүндө тастыктаган документиңиз барбы?

− Догдурдун кайненем үчүн жазган рецепт дарысын, кайненимдин оору таржымалын копиялап келдим.

− Анда, түшүнүк кат жазып, ал далилдерди түшүнүк катка тиркеп коюңуз.

− Жарайт.

3.− Түшүнүк катты кимге таштап коёюн?

− Мага бериңиз.

− Мына алыңыз.

− Түшүнүк кат эмне жөнүндө?

− Эмне эле, баягы эле башчынын башчылык жүргүзүп жаткандагысы да…

− Аа, капа болбоңуз, баары жакшы болот.

− «Түшүнүк кат жазыңыз»,− дегенде бир аз териге түштүм. Маанайым да бир аз бузулду. Азыр өзүмө келип калдым. Күнөөсүз экенимди тастыктоочу далилдерди тиркеп койдум.

− Жакшы экен, кабатыр болбоңуз.

 

4.− Баяндама кат жолдодуңарбы?

− Ооба.

− Качан жөнөттүңөр?

− Бир саат мурда.

− Баяндама кат алардын  колуна качан тиет?

− Электрондук почта аркылуу жөнөткөм. Алар катты азыркыга чейин алышты.

− Экинчи баяндама кат да бар.

− Кайсы?

− Германияга студенттерди бир жылдык мөөнөт менен окууга жөнөтүү боюнча элчиликке баяндама кат жолдошубуз керек.

 

   Бишкек шаардык

Жогорку сотунун башчысы

  А. Исмаиловго адвокат

М. Ибраевден

Түшүнүк кат

              2015-жылдын 5-августунда саат 10.00дө өтө турган сот ишине катыша албаганымдын себеби, ошол убакта мен Москва шаарда элем. Аба ырайынын  кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Москвадан  учак 4-август күнгө учпай калып, эртеси  5-август күнү саат бирде учту.

Моска−Бишкек аба лайнеринин учак билети түшүнүк катка тиркелди.

 

                  06.08.15.                                   Колу                                            М. Ибраев

Төмөнкү түшүнүк каттын катасын тапкыла.

   Бишкек шаардык

                                                                                                           Ленин райондук сотуна

                                                                                                               «Жал»  кичи районунун

                                                                                                             тургуну Жумакан Алымовага

 

Түшүнүк Кат.

              2015-жылдын 10-майында саат 10.00дө өтө турган Администрациялык жыйынга келе алган жокмун.  Кандай себеп экенин айта албайм, бирок орчундуу болчу. Мен мындай жыйынга көп катышчумун, мындан ары да катышамын.

 

                  11.05.15.                                   Колу                                            М. Максатов

1.      Көчөдө кармалып калгандыктан

жыйналышка катыша албай калды.

2.Жумуштун планын көпкө жазгандыктан

…………………………………………. .

3.Жогорку инстанцияга баяндама кат

………………………………………….. .

4.Түшүнүк катка тиркеле турган

…………………………………………. .

5.Мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгын

…………………………………………. .

6.Кечигип калгандыгына байланыштуу

…………………………………………. .

7.Ооруп калганына байланыштуу

………………………………………….. .

 

Төмөнкү сөз айкаштарын катыштырып түшүнүк кат жазыңыз.

Катыша албай калуу, келе албай калуу, кечирим суроо, түшүнүк катты жазуу, убада берүү, уялып калуу, маалым кат алуу, кайра-кайра жазуу, билбей калуу, кабарлап коюу

Капыскы өткөн чак

      Глагол – (ы)птыр,  (и)птыр, (у)птыр, (ү)птыр                                                                                                                                                                                                                                                                             

    Мен барыптырмын.                                           Биз барганбыз.

    Сен барыптырсың.                                            Силер баргансыңар.

    Сиз барыптырсыз.                                             Сиздер баргансыздар.

 Юстиция министри

А. Шыкмаматовго

мыйзамдар долбоорунун

 экспертизалоо бөлүмүнүн

 башчысы У. Асанбековдон

 

Баяндама кат

 

                                                 Мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү боюнча

 

             Сиздин көрсөтмөңүз боюнча 2015-жылдын аяк оона айынын 15де долбоорлорду экспертизадан өткөрдүк жана аларга корутунду даярдадык. Ар бир долбоорго тиркемелер тиркелди. Долбоорду экспертизадан өткөрүү үчүн жети кишиден турган комиссия түзүлдү. Комиссия адилеттүү корутунду жасагандыгын белгилеп кетким келет.

 

                            20.09.15.                              колу                                         У. Асанбеков

Эмгек жамаатынын сунуштары

2.Билим берүүнүн сапаттуулугу

3.Жогорку окуу жайлары                                                                                 жөнүндө

4.Жоопкерчиликтүү кызматкерлер

5.Экономика илиминин кандидаттары

 

 

 

 


Баяндама катка мүнөздүү сөз айкаштары

текшерүүнүн жыйынтыгын аныктадык

объекти кабыл алууга болору (болбошу)

дагы бир нече текшерүүнү талапка ылайыктуу

мөөнөттү узартуу керек

терең карап таанышуу

так маалыматты аныктоо

мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү (кечиктирүү)

заказ берүү

Сүйлөйлү

1.Баяндама кат жазып көрдүңүз беле?

2. Түшүнүк кат жазып көрдүңүз беле?

3. Түшүнүк кат менен баяндама каттын айырмасы кандай?

 

Диалогду мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктагыла.

− Саламатсызбы?

−…………………………………………. .

− Баяндама кат ……………………………… .

− Кантип жазам?

− …………………………………………………………………………….

− План боюнчабы?

− ……………………………………………….

Биздин мекемедеги аткарылган жумуштар…. Жумуштагы  иш планды кандай түзөсүз?  Пландалган жумуштар аткарылабы? Баарын аткарып жетишүүгө болобу?

 

Эмнелерге жетиштим?

    Темалар

начар билем

орточо

эң жакшы

1.

Бир жумалык иш планды кантип түзгөндү билем жана ал жөнүндө айтып бере алам.

 

 

 

2.

Бир айлык иш планды кантип түзгөндү билем жана ал жөнүндө айтып бере алам.

 

 

 

3.

Баяндама кат жаза алам.

 

 

 

1.       

Түшүнүк кат жаза алам.

 

 

 

5.

Этиш, капыскы өткөн чак, баяндагыч ыңгайдагы этиштин чактарын билем.