17-сабак   5-тема: Иш баяндар Планга ылайык бир жумалык иш баян (отчет)

Иш баян

Саламатсызбы Гүлжан Мамбетовна?

‒Саламатчылык Арсен.       

‒ Мен Силердин бөлүмгө  келгениме аз эле убакыт болду, бирок ошого карабастан жетекчиликке бир жумалык иш баян тапшырышым керек.

‒ Кантип тапшырышты билесизби?

–Эмнелерди жазам, жардамдашып коёсузбу?

  ‒Бир жумалык пландаштырылган ишиңиз боюнча жазасыз. Эмне

аткарылды,  эмне аткарылган жок.  Биздин башкармалык жакында жарандар менен ал-абал актыларын каттоо боюнча семинар өткөрбөдүкпү? Ошол семинарга сиз да катыштыңыз да, ошол жөнүндө жазыңыз.

‒Чоң ыракмат жардамыңызга!

‒ Эч нерсе эмес

 

‒Кечиресиз, Гүлжан Мамбетовна.

‒Иш баянды кимдин наамына жазышым керек?

‒Азыркы учурда Башкармалыктын башчысы Урмат Исаковдун наамына жазасыз?

Эгерде иш сапар боюнча иш баян жазсаңыз, анда жогору жакка жазышыңыз керек.

Иш баянга сунуштарды жазса болобу?

‒Албетте,  болот.

 

 Мен  Асел Мамбетова Юстиция министрлигине келгенииме аз убакыт болду.  Мен министрликте Жарандар менен иштөө башкармалыгында жетектөөчү адисмин. Жаңы кызматкер катары ишимди пландап, жазып коём. Дүйшөмбүдө – презентацияга катышуучуларга телефон чалам. Шейшембиде – отурум залын даярдайм. Шаршембиде –  презентацияга катышам. Бейшембиде –  отчёт жазам. Жумада –  семинарга катышам. Ишембиде, дүйшөмбүдө  алгачкы бир айлык отчёт жазганга даярдык көрөм.  Дүйшөмбүдө башкармалыктын башчысына бир жумалык ишим боюнча иш баян тапшырышым керек. Отчётто  мен жооптуу болгон негизги иш-чара жөнүндө жазышым керек. Ал иш-чара  ал-абал актылары боюнча жарандарга маалымат берүү иш-чарасы болгон. Ал жакшы өттү. Мен чакыруу катын даярдагам. Мекемелерге билдирүү жибергем.

 

Асел Мамбетова Саламаттыкты сактоо министрлигинде иштейт Асел Мамбетова отчёт жазат. Ал мекемелерге билдирүү кат жөнөтөт. 4. Асел Мамбетова бейшемби күнү семинарга катышат.

Б. Жогорудагы тексттеги караланган мүчөлөр:

1. Кайсы жөндөмөлөрдө турат?...........................................................................................

2. Кандай суроого жооп берет?............................................................................................

3. Апта-жуманын атын атагыла………………………………………………………………

4. Бир жумада сиз кандай жумуштарды жасайсыз?.............................................................

5. Бир жумада кандай иш план түзөсүз?..............................................................................

6. Бир жумалык иш планды аткарууда кандай тоскоолдуктарга кабыласыз?..........................

А. Жогорудагы отчетко таянып, өзүңүз отчёт түзүңүз. Сиздер отчетту кантип түзөсүздөр?

Б. Суроолорго жооп бергиле.

1. Семинар-тренингдин кандай пайдасы бар?

2. Сиздер кандай семинар-тренинг өткөрөсүздөр?

3. Кандай семинар-тренингдердин пайдасы көп?

                                                                   

Этиш ( Глагол)

В предложении чаще всего является сказуемым и находится в конце предложения. Начальная форма глагола совпадает с формой повелительного наклонения (буйрук ыңгай) в ед.ч.

Н: бар-иди, иште-работай.

В словарях глаголы часто даются с суффиксами-оо (өө) или –уу (үү). Все другие формы глаголы образуются от повелительного наклонения в ед.ч. –гын/кын: баргын -иди

Суффикс -чы придает этим формам глагола значение: просьбы, близкое к русскому «пожалуйста»: угуп туруңузчу-послушайте, пожалуйста.

 Сел

 

Сел – тоодон агып түшкөн,  кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы. Таш агызган селдер – ири таштардын,  шагылдардын, кесек таштардын, кумдардын ылайланган аралашмасынан турган 1,5 т/м3 киргилт суу. Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарында селдин жүрүшү кайталанып турган көрүнүш. Селдин жүрүшүнө түрткү берген себептер:узакка созулган, нөшөрлөп жааган жамгыр,күндүн катуу ысып кетиши, кардын же мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши, жер титиреп, жанар тоолордун жарылышы, токойлордун кыркылышы,  казуу иштерин туура эмес уюштурулушу.

Сел  күтүүсүз келип, 10 мүнөттөн бир нече саатка чейинки аралыкта бир нече толкундар менен коштолуп, тез ыкчамдыкта (секундасына 10 метр жана андан көбүрөөк) жылышы мүмкүн.  Башка агымдардан айырмаланып, сел өз-өзүнчө толкундар менен коштолот. Биринчи толкун 15 метрге чейин же андан жогору бийиктикте болушу мүмкүн.

Ар кандай аралаш массаны өзү менен кошо ширеп, саатына 15-20 км аралыкты басып өткөн катуу сел кыйраткыч күчкө ээ болот. Ал айдоо аянттарын жок кылып, адамдарга, мал жандыктарга коркунуч алып келет.  Мындай бөөдө кырсыктан айрыкча адамдар (туристтер, геолог чалгындоочулар, чек арачылар, тоо этегинде жайгашкан айыл жашоочулары) турак үйлөр,  жол курулушунун имараттары жабыр тартат.

Сел кырсыгын алдын алуу үчүн  тосмолорду жана жээктерди бекемдөө, сууну буруп кетүүчу каналдарды куруу, тоо көлдөрүнүн деңгээлин төмөндөтүү, ар кандай бак-дарактарды тигүү, көчүрүү

чарасын пландаштыруу. Катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин ошол жерден алыс болуу керек. Селдин ырайымсыз катуу толкунунан аман калуу мүмкүн эместигин эч качан унутпаш керек. Андан убагында качып кутулуу гана сактап калат. Эгерде, селден сактаныш үчүн көчүү талап кылынса, үйдөгү электр энергияны, газды, сууну бекитип, эшик-терезелерди, желдеткичтерди бекем жаап, чыгуу керек.

 

 

Электр энергияныГаздын жытыБиринчи толкунТосмолорду жана жээктерди бекемдөөСелдин жүрүшүнө адамга зыян берет.дайыма үнөмдөө керекөтө бийик көтөрүлүшү мүмкүн.катуу жааган жамгыр таасир этет.сел кырсыктарынын алдын алат. Туура жоопту белгилеңиз
Кыргыз Республикасынын (1)………….. аймактарында селдин жүрүшү кайталанып турган көрүнүш.
Узакка созулган ………………… селдин жүрүшүнө алып келет
Сел ………………… ………….. пайда болот.