15-сабак   4.2 Телефон аркылуу кызматтык сүйлөшүү




Уккула,кайталагыла.

1.‒ Алло, саламатсызбы?                                      2. ‒ Алло, Жайна, кандайсың?

‒ Саламатчылык.                                                       ‒ Жакшы, Айгүл. ϴзүң кандайсың?

‒ Кечиресиз, Ирина Ивановна                                  ‒ Жаман эмес. Жумуштасыңбы?            

менен байланыштыра аласызбы?

 ‒ Ооба. Бир мүнɵт.

Сүйлɵшкүлɵ

1.

‒ Саламатсызбы?

‒ Саламатчылык.

‒ Тɵрага ɵзүндɵбү?

‒ ϴзүндɵ.

‒ Азыр кирсем болобу?

‒ Болот.

2.‒ Саламатсызбы, Акин Эмилевич?

‒ Саламатчылык, ким менен сүйлɵшүп жатам?

‒ Мен жаңы кызматкермин. Атым Арсен.

‒ Угуп жатам.

‒ Жаңы токтомдун бир үлгүсүн сизге кɵрсɵтɵйүн…

‒ Макул.

3.‒ Саламатсызбы, салык кызматыбы?

‒ Дал ɵзү.

‒ Айрым маселелер боюнча кимге кайрылсам болот?

‒ Мага.

‒ Анда азыр сизге жолуксам болобу?

‒ Албетте.

 

4.‒ Саламатсызбы?

‒Мүдүр менен байланыш-тырып коюңузчу.

‒ Мүдүр азыр бош эмес, чогулушта.

‒ Кечиресиз, анда түштɵн кийин байланышсам боло-бу?

‒ Макул.

 

 

 

 

5.‒ Салам, Шарапат?

‒ Салам, курбум.

‒ Жумуштасыңбы?

‒ Ооба.

‒Жумуштан кийин жолу-гушалыбы?

‒ Макул.

‒ Сүйлɵштүк.

‒ Кɵрүшкɵнчɵ.

− Кɵрүшкɵнчɵ.

 

 

6.‒ Кандай Адыл?

‒ Жакшы.

‒Адыл, бүгүн мен жумуш-тан кеч чыгам. Балдарды бала-бакчадан  сен алып койчу.

‒ Мен да кеч чыгам. Таенеси алып койсунчу.

‒ Макул, анда ага телефон чалайын.

− Макул.

Телефон

Кечээ «Айчүрɵк» универмагына уулум менен бардым. Уулум кɵптɵн бери жаңы телефон алгысы келип жүргɵн. Универмагдын биринчи, үчүнчү кабаты чɵнтɵк телефонго жык толгон. Телефон тандай албай башың айланат. Уулум 10 жашта. Бирок кичинекей экенине карабай, телефондордун маркасын, ар кандай түрлɵрүн жакшы билет экен. Мен буга бир чети таң калсам, бир чети кубандым. Азыр техниканын заманы, ошондуктан жаш балдардын баары  техниканы жакшы түшүнүшɵт. Универмагда классташымды жолуктурдум. Экɵɵбүз жыйырма жыл кɵрүшкɵн эмеспиз. Анын аты Эдил. Эдил бир аз толуп, чоң киши болуптур. Экɵɵбүз кучакташып кɵрүштүк. Аны уулум менен тааныштырдым. Анын уулу универмагдын биринчи кабатында телефон сатат экен. Эдил да мени уулу менен тааныштырды. ‒ Атым Эрбол, ‒ деди Эдилдин уулу. Эрбол бизге чɵнтɵк телефон алганга жардам берди. Мен ɵзүмɵ да, уулума да телефон сатып алдым. 

Ошентип, универмагдан уулум экɵɵбүз кубанычтуу кайттык
Универмагдан телефонУулун досу Ал досунМектепте чогуу менен тааныштырды.сатып алдыдүкɵндɵ жолуктурдубир класста окушкан.