10-сабак   3.2 Кечээ кандай иштерди аткардым? Угуп иштегиле

Европада кызыл диплом алган Нурбек

 

Нурбек Жаанбаев Чехияда жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган биринчи кыргызстандык студент.

 Нурбек Жаанбаев Чехиядагы Агротехникалык университти быйыл артыкчылык диплому менен аяктады.

«Азаттык»: Чехиядагы Агротехникалык университти (Czech University of Life 

                      Sciences) тандашыңызга эмне себеп болду?

Нурбек Жаанбаев:  Европада окугум келген. Мен чет өлкөдө акысыз билим алуу

                      жолдорун издегем.

«Азаттык»: Окууга кантип өттүңүз?  

Нурбек Жаанбаев: Мектепти аяктарга жарым жыл калганда, аябай катуу даярдандым.

                      Интернеттен өз алдынча маалымат издедим. Ата-энем менен кеңешип, Чехиядагы Айыл чарба университетине тапшырууну чечтим. Кудай буйруп, өтүп кетти


Азаттык":  Кызыл дипломго Нурбек Жаанбаев курсташтары менен

 

жетүү оор болдубу?

  Нурбек Жаанбаев:  Ооба, күнү-түнү окудум. Бул жактын билим берүү деңгээли          

                 күчтүү. Досторум жума күнү кечинде көңүл ачуучу жайларда эс алышса, мен ал

                 жактарга барган жокмун. Төрт ай чех тилин үйрөндүм. Мектепте окуганда англис тилин жакшы билчүмүн. Ошондуктан мага англис тилинде окуган жеңил болорун сезип, англис тилинде окудум. 

"Азаттык": Азыр Кыргызстанга эс алууга кетип жаткан экенсиз. Алдыга койгон 

                    максаттарыңыз кандай?

Нурбек Жаанбаев: Ушул эле университетке магистратурага өттүм. Бул

                    жакта бир аз иштеп, тажрыйба топтойм. Кийин Кыргызстанга, ɵлкɵмɵ пайдам

                     тийсе деп кыялданам.

"Азаттык": Абитуриенттерге кандай кеңеш бересиз?

Нурбек Жаанбаев: Эч нерседен коркпогула дейт элем. Мүмкүнчүлүктөр аябай көп.

"Азаттык": Ийгилик!

Сɵздɵрдүн синонимдерин тапкыла ийгиликэс алуужакшымаксатүйрөнмаалыматаябайөлкө мамлекетөтөдем алуужетишкендикмыктытилекбилкабар Сɵздɵрдүн карама-каршы маанисин тапкыла. эс алпайдакыйынэр жүрөккөпжакшыэмгекчилал аззыяништежаманкоркоккелесоожалкообер Уктурулган текст эмне жɵнүндɵ?
Уктурулган текст эмне жɵнүндɵ?
Журналисттин аты-жɵнү ким?
Адилет министри кызга кандай китеп берди?
Министр белекке берген ноутбукка кандай чыгарма жүктɵлгɵн?
Тɵмɵнкү темалардын биринде дилбаян жазгыла
  1. Мен жумуш ордумда... (Сиз жумушта кандай иштерди аткарасыз? Ɵз кесибиӊиз сизге жагабы? Эмне үчүн кесибиӊиз жагат/жакпайт. Жумуштагы жакшы жана ыӊгайсыз учурлар)
  2. Кечээги жумуш күнүм... (Кечээ жумушта кандай иштерди бүтүрдүңүз? Жумушта ким менен жолугуштуңуз? Жумуш план боюнча иштелдиби же мурда бүтпɵгɵн ишиңиздин аягына чыктыңызбы?)