9-сабак   Ишти пландоо 3.1. Менин бир күндүк иш күнүм 1. Сүйлɵшкүлɵ


.‒ Саламатсызбы?                             2.  ‒ Салам, кандайсың?

‒ Саламатчылык.                                     ‒ Жакшы, Айдай. ϴзүң кандайсың?

‒ Иштен кечиккен жоксузбу?                ‒ Жакшы. Жумуш күнүӊ   ийгиликтүү улансын!     

− Жок, ɵз убагында келдим.                   ‒ Сенин да!

     3.    ‒ Жаңы жумуш ордуңуз менен куттуктайм!

‒ Рахмат.

‒ Жумуш ордуңуз майлуу-сүттүү болсун!

‒ Рахмат, рахмат жакшы тилегиңизге!

Саламатсызбы?

 ‒ Саламатчылык.

‒ Таанышып алалы, атым Акмат.

Менин атым  Айдай.

‒ Сиз кайда иштейсиз?

‒ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде .

Менин кесибим  геолог.

Силерде бош орун барбы?.

Келип көрүңүз.

Эске туталы

          В кыргызском языке слова, обозначающие профессию, в основном образуются при помощи следующих суффиксов: I.  -чы,-чи,-чу,-чү

 

Суффикс -чы присоединяется к словам, имеющим в  1 слоге гласные а, ы:

кызмат+ чы = кызматчы

* если в  1 слоге гласные ‒ е,и ‒ бий + чы = бийчи

*если в  1 слоге гласные комуз + чы = комузчу

*если в  1 слоге гласные үтүк + чы = үтүкчү

 

II. Кроме суффикса –чы имеются и другие суффиксы

-кер- талапкер            -кор- сүткор              -кеч- арабакеч

-поз- илимпоз           -мер-ишмер               - гүч- ɵрт ɵчүргүч

 

III. Отдельные слова обозначающие профессию, являются непроизводными.

                мугалим                 уста                      юрист                    

                чач тарач               дыйкан                  экономист

                дарыгер                 чабан                     бухгалтер

IV. Выражение «работает врачом, служащим, педагогом»: название профессии + сочетание слов болуп иштейт Например: дарыгер болуп иштейт; Ал дарыгер болуп иштейт. Ал бизнесмен болуп иштейт.

Единственное число (жекелик сан)

Множественное число (кɵптүк сан)

Мен дарыгер болуп иштейм

Биз дарыгер болуп иштейбиз

Сен дарыгер болуп иштейсиң

Силер дарыгер болуп иштейсиңер

Сиз дарыгер болуп иштейсиз

Сиздер дарыгер болуп иштейсиздер

Ал дарыгер болуп иштейт

Алар дарыгер болуп иштешет

Сүйлɵшкүлɵ



1. ‒ Саламатсызбы?

‒Министрге кирип чыгай-ынчы?

‒ Министр азыр  чогулушта.

‒ Кечиресиз, чогулуш качан башталды?

‒ 1 саат болду.

− Качан бүтɵт?

− Менимче, түшкɵ чейин созулат.

 

2. ‒ Салам, Жапар?

‒ Салам, досум.

‒ Жумушта саат канчага чейин болосуӊ?

‒ 7ге.

‒Жумуштан кийин кафеге баралыбы?

‒ Макул.

‒ Сүйлɵштүк.

 

 

3. ‒ Кандай Сулайман?

‒ Жакшы.

‒Сулайман, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясы-нын 18-беренесин кайталап окуп койчу.

‒ Эмне болду?

− Ошого байланыштуу бир материалды териштирип жатам.

Тɵмɵндɵгү түрдүү кесиптин ээлерин атагыла. Алар кандай кесипте ким болуп иштешет?
1дарыгер2өтүкчү3сүрөтчү4ырчы5мугалим сүрөтчүөтүкчүдарыгерырчымугалим

Мен Юстиция министрлигинде иштеймин. Мен эртеӊ менен саат 8де жумушка келем.  Жумушка келерим менен бɵлмɵмдү желдетем, терезелерди ачам. Андан кийин саат 12ге чейин:

- «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын карап чыгам, чогулуш ɵткɵрɵм. Саат 12ден-13кɵ чейин түшкү тыныгуу. Түшкү тыныгууда, кесиптешим менен кээде ашканага, кээде кафеге түштɵнгɵнү барабыз. Жумуштагы иштер боюнча сүйлɵшɵбүз. Саат бирде кайра жумуш башталат. Түштɵн кийин мамлекеттик кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана Юстиция министрлигинин ведомстволук актыларын текшерем.

                   Ошентип саат беш болгондо үйгɵ жɵнɵйм. Кээде ишим бүтпɵй калса, саат 8ге чейин жумушта отура берем. Кечинде жумуштан мени кээде күйɵɵм, кээде күйɵɵмдүн айдоочусу алып кетет. Кээде үйгɵ таксиде келем. Иш бүткɵндɵ машинада бара жатып, чарчаганымды сезем.  Ар күнү үйгɵ бара жатканда: «Бүгүн кандай жакшы иш бүтүрдүм?»− деп ойлоном. Эгер ишим оюмдагыдай болсо, маанайым кɵтɵрүлүп, үйгɵ барам. Υйгɵ чарчап, ачуулуу да келген күндɵрүм болот. Менин маанайымдын чɵгүӊкү жана кɵтɵрүӊкү болушу − менин аткарган жумушума жараша болот.

Ал ……………………. министрлигинде иштейт.
Саат он экиден бирге чейин …………….. ………………. ичебиз
Отурган бɵлмɵнү ………………………. туруш керек
Жалпы өткөн чак

Прошедшее неопределенное время (жалпы өткөн чак) используется для выражения действия, которое произошло вообще, без указания точного времени и образуется от основы глагола при помощи аффикса –ган, -ген, гон, -гөн, если основа оканчивается на гласную или звонкую согласную, и –кан, -кен, -кон, -көн,  если основа оканчивается на глухую согласную.

Данная форма отвечает на вопрос эмне кылган? (что делал?).

Например: Мен Жапонияда эки жыл окуганмын.

            Мен Жапонияда болгон эмесмин.

            Отрицательная форма образуется при помощи отрицательной частицы эмес, к которой присоединяются глагольные окончания.

Мен окуганмын – я читал

Сен  окугансың – ты читал                        

Сиз окугансыз – Вы читали                       

Ал окуган – он (она) читал (а)                       

Биз окуганбыз – мы читали                       

Силер окугансыңар – вы читали                       

Сиздер окугансыздар – Вы читали           

Алар окушкан – они читали

Мен окуган эмесмин – я не читал

Сен окуган эмессиң – ты не читал

Сиз окуган эмессиз – Вы не читали

Ал окуган эмес – он (она) не читал (а)

Биз окуган эмеспиз – мы не читали

Силер окуган эмессиңер – вы не читали

Сиздер окуган эмессиздер – Вы не читали

Алар окушкан эмес – они не читали

Асан эл аралык кызматташтык башкармалыгында төрт жыл (иште_______
Жок, мен чет өлкөдө (бол ______). Жок, мен чет өлкөдө (бол ______).
Сиз бул кинотасманы (көр ________)?
Ал ошол мезгилде бөлүм башчы болуп (иште________).
Биз бул тууралуу (сүйлөш________ ).
Мен 1981-жылы (туул ). Жаңы конституция эки жыл мурун (кабыл алын _____).
Жок, сиз анда биз менен (бар________ )
Сиз бул тармакта (иште ______)?
Бул кызматкер көп жаңылыктарды (киргиз_______).
Бактыгүл сизди ишке (ал____________).
Ал бул иште (иште____________).
Президент менен кечээ (жолук____________)?
ген, гом, гөнсүз, ген, көнбүз, гам,ган, гансыз, генсиз, ген, ган, ген, тук,