Тескеме   Распоряжение Тескеме Шартынжаңыфинансытуура акчатиркемелергеТолук жана так жакшыртууэмеректеркаражатыпландаштыруумаалымат берүүүкаражаттарыберүү . Берилген маалыматтардын текстте “Бар” же “Жок” экендигин белгилегиле.

2014-жылы бөлүнүп берилген акча каражатына эмеректердин сатылып алынгандыгы........

2014-жылдын 15-апрелине чейин финансылык пландоо бөлүмүнө жөнөтүү талап кылынгандыгы...........

 

 

Керектүү эмеректер кызматкерлердин санына жараша эсептелгендиги……….

Ошол жылы бөлүнүп берилген акча каражатына компьютерлердин сатылып алынгандыгы..........

Суроолорго жооп бергиле. 1. “Машиналар жана жабдуулар” беренесинде эмнелер айтылат?

2014-жылы сатылып алынган эмеректер, жабдыктар тууралуу так маалымат берилиши талап кылына тургандыгы.....                             

б.  2014-жылы заманбап компютерлердин саны тууралуу так маалымат берилиши талап кылына тургандыгы...            

в.  2014-жылы принтерлердин саны тууралуу так маалымат берилиши талап кылына тургандыгы….

г. 2014-жылы проекторлор жана телевизорлор тууралуу так маалымат берилиши талап кылына тургандыгы.......

2. Эмеректер кантип эсептелинет?

а. Ар кандай берилиши мүмкүн.

б. Ашыкча бериле берет.

в. Бөлмөлөрдүн санына жараша коюлат.

г. Кызматкерлердин санына жараша берилет
акчафактпайдалануутаасынМөөнөт пулмаалыматколдонуутакУбакыт 1. Берилген текстти окуп, мазмунун айтып бергиле.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн  тиркелген тизмесинин тескемеси

   2012-жылдын жалган куран айынын жыйырмасында Кыргыз Республикасынын аймагында болгон кар көчкүлөрдүн натыйжасында 9 адам каза болду, анын ичинен төртөө жаш балдар.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн каза болгондордун тиркелген тизмесине ылайык ар бир үй-бүлөгө 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фодунан Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн  450 000 (төрт жүз элүү миң) сом суммасында акча каражаты бөлүнсүн, анын ичинен:

- 50 000 (элүү миң) сом – Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына;

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына;

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясына;

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына;

- 200 000 (эки жүз миң) сом – Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына;

- 50 000 (элүү миң) сом – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына.

3. Ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам берүүнү уюштурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укуктук  тартип жана өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                                  Т. Сариев

2. Сүйлөмдөрдү толуктагыла
1. ................ болгондордун ........................... социалдык .................. көрсөтүү максатында:
Кыргыз Республикасынын ............................ болгон кар көчкүлөрдүн ................................... 9 адам каза болду, анын ичинен төртөө ............ балдар.
50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад …………………………. Сузак ………………… мамлекеттик …………………………. берилди.
1-буйрукта берилген башкы ой кайсы?
4-буйрукта эмнелер айтылды?
1. Тескеме кимдерге жазылды?
2. Кырсык канчанчы жылы кайсы числодо болду?
3. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө кимдер жардам беришти?
4. Акча каражаты кайдан бөлүндү?
5. Канча акча бөлүндү?
6. Канча аймакка жардам беришти?
7. Ар бир аймакка канча сомдон жардам беришти?
9. Иш кагазына ким кол койду?
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Тескеме

 

15.06.2015                                     №15                              Бишкек шаары

 

        Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги  Россиядан  алып келинген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарды кызамык оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жүргүзүүнү ишке ашыруу зарыл. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн министрликтин илимий иштер боюнча орун басары

Д.Э.Ибраевага  төмөнкүлөрдү МИЛДЕТТЕНДИРЕМИН:

1.                     Республиканын бардык  медициналык  участканын   башчыларына дарыны пайдалануу боюнча бир күндүк семинар өткөрүлсүн.

2.                     Дарылар ар бир райондон берилген суроо-талапка ылайык бөлүштүрүлүп берилсин.

3.                     Алдын ала дарылоо иши 2015-жылдын үчтүн айынын жыйырмасына  чейин аяктасын.

 

Министр                                   (колу)                                      А. Жылкычиев

                         2015-жылдын 15-мартындагы №316 тескемеси

1.                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) түзүлгөндүгүнө байланыштуу, финансы полициясынын органдарындагы кызмат орундарына талапкер болгон, жогорку кесипкөй жана моралдык сапаттарга ээ болгон талапкерлерди иликтөө максатында төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:

2.               

 Оторбаев Ж.К. ‑ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

 

Аширов Б.А.      - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;

 

Сариев Т.А. -      Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;

 

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын

 бирдин айынын экисиндеги № 153 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

3. Комиссия бир айлык мөөнөттө финансы полициясынын органдарындагы кызмат орундарына талапкерлерди иликтөө боюнча ишти аяктасын жана тандалган талапкерлерди дайындоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасына киргизсин.

 

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 Премьер-министр                                       Ө. Бабанов

 

Төмөнкү сүйлөмдөр кайсы текстте айтылгандыгын  аныктагыла.

1.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин тескемеси.

 

2.

Комиссия бир айлык мөөнөттө финансы полициясынын органдарындагы кызмат орундарына талапкерлерди иликтөө боюнча ишти аяктасын.

 

3.

Россиядан  алынып келинген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарды кызамык оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жүргүзүүнү ишке ашыруу зарыл.

 

4.

Оторбаев Ж.К. ‑ Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы болду.