АДАМДЫН ЖҮРҮМ-ТУРУМУ. МҮНӨЗДӨМӨ.  

Сөз жана сөз айкаштары

Сылык, адептүү, маданияттуу, жөнөкөй, токтоо, сыпайы, оор басырыктуу, жупуну, жоош, сабырдуу;

чыйрак, сергек, ойлуу, капалуу; түнт, коркок, уяң, муңайым, уялчаак, шуулдаган, тынчы жок, туталанган, шамдагай, күжүрмөн, сүйлөөк, орой, тайманбас, жүрөктүү, тартипсиз, маданиятсыз, ачуулуу, каардуу;

ак көңүл, асыл, жумшак көңүл, кайрымдуу, боорукер, мээримдүү, меймандос, кең пейил, айкөл, жайдары, жылуу жүздүү, көңүлчөөк, көңүл калтырбаган, жардамын аябаган, камкор, сак, сергек, сезгич, уяң, жумшак, назик, жароокер, жагымдуу, ынак, ак ниет, кара ниет, сарамжалдуу, ишенчээк, ак пейил, чыдамкай, бекем, чыдамдуу, сөзмөр, ачык айрым, чынчыл, түз, калыс, адилет, эстүү, аң-сезимдүү, принципиалдуу, объективдүү, активдүү, ишкер, туруктуу, өжөр, жеңилбес, майтарылбас, кажыбас, прогрессивдүү, алдыңкы;

эмгекчил, мээнеткеч, талаптуу, кайраттуу, жигердүү, күжүрмөн, аракетчил, ишкер, демилгечил, уюштургуч, катуу, бекем, чечкиндүү, эрктүү, кайраттуу, көшөргөн, баатыр, максаттуу, кекирейген, текебер, куунак көңүл;

жаалдуу, заар, ырайымсыз, мээримсиз, таш боор, катаал, эң эле жаман, көрө албас, ичи тар, ач көз, эки жүздүү, көшөкөр, кекчил; заардуу, уу тилдүү, долу, шылдыңчыл, менменсиген, таарынчаак, ызакор, сараң, сугалак, зыкым, катуу баш, жарыбаган;

принципсиз, өзүн сүйгөн, калпычы, жалганчы, анткор, жеңил ойлуу, көөдөк, алаңгазар, туруксуз, шайкелең, пассивдүү, шалаакы, демилгесиз; мактанчаак, өзүмчүл, карамүртөз;

жалкоо, өзүн-өзү уюштура албаган, илээнди, уятсыз, майдачыл, көк, өзүнүкүн бербеген, өзүмчүл, начар, алсыз, күчсүз, бош, эрксиз, мажирөө, кайратсыз, коркок, жүрөксүз, сак, сөз аңдыгыч, кыйкымчыл;

акылдуу, эстүү, жөндөмдүү, зээндүү, шыктуу, таланттуу, гениалдуу, даанышман, акылман, тапкыч, сөз тапкыч;

акылсыз, эси жок, чектелген, жетишсиз, акылы аз (жок), акылы кыска;

таасирдүү, сүйгөн, кубанган, кумарлуу, эмоционалдуу, кызуу кандуу, урушчаак, курч, кылдат, чебер, кызганчаак, терикме, ачуусу чукул.



Адамдын баштан өткөргөндөрүн кайгы-кубанычын чагылдырган этиш сөздөр:

Тынчсыздануу, чочулоо, убара болуу, шыктануу, көңүл алуу, көңүл көтөрүү, көңүл сергитүү, кубануу, сүйүнүү, ачуу келүү, кыжыр кайноо, жини келүү, толкундануу, тынчсыздануу, жандуу, кайраттануу; сүйүнүч, кубаныч, суктаныч, кызыкчылык, жин кайнаткан ачуу, айран таң калуу (изумление), кызык, кызыкчылык, таламдар, таарыныч, ыза, кайгы, капа, капалануу, жан кирүү, укмуш, эң сонун, көркөм, көрктүү, чочуу, шаттык, кыжырдануу, туталануу, оңтойсуздануу, уялуу, кысынуу, коркунуч, чарчоо, алсыроо, жабыр тартуу, кызыгуу, кумардануу, жакшы көрүп калуу, таң калуу, айран таң болуу, тынчтануу, сооронуу, басылуу.



Лексиканы өздөштүрүү үчүн суроолор жана тапшырмалар

Жогоруда берилген сөз айкаштарын жана түрмөктөрдү пайдаланып суроолорго жооп бергиле.

 

а) Сиздин агаңызга (бир тууганыңызга) кандай сапаттык белгилер  мүнөздүү? Бул кандай киши? Ага кайсы сапаттар мүнөздүү? Сиздин досуңуз, өзүн кандай алып жүрөт? Ал эмнеге кызыгат? Сиздин досуңуз тамашага жакынбы? Эжеңиз кандай адам? Анын мүнөзүндөгү негизги белгилер кайсы?

б) Бул адам сизге кандай ой калтырды? Адамдын сырткы кебетеси  анын   мүнөзүн ачып бере алабы? Сиз аялдардагы (эркектердеги) кандай мүнөздү өзгөчө баалайсыз (жактырасыз)?

в) Бүгүн сиздин досуңуздун маанайы кандай? Сиздин көнүлүңүз бүгүн кандай? Кимге ачууланып жатасыз? Мага ачууңуз келип жатабы? Кимге таарынып жатасыз? Эмнеге кубанып (сүйүнүп) жатасыз? Сиздин досуңуздун мүнөзүн айырмалай турган белгилер кайсы?

«Бул кимдин портрети?» деген темада адабий викторина өткөргүлө.

 

1. Бул портретте белгилүү адам тартылган.

2. Ал 30 жаштагы, шыңга бойлуу

3. Билими жогорку

4. Мүнөзү токтоо, аракетчил, чынчыл, сылык, ыймандуу, жайдары, ачык, өжөр.

5. Келбети: чачы кара жана узун, маңдайы жазы, бети тегерек, келишимдүү

6.Ал күлгөндө, анын чымкый кара көзүнөн ден соолуктун, жакшылыктын күчү көрүнөт.

7. Анын хоббиси: спорт менен техникага абдан кызыгат, сүрөт тартат.

8. Адамдар менен бат тил табат, бирок көп сүйлөгөндү жакшы көрбөйт.

9. Ал кыялданганды, өзүн башкалардан окчун кармап, өзүнчө жалгыз жүргөндү жакшы көрөт.

10. Кесиби мугалим.

Төмөнкү сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланып «Ким эмнеге кызыгат?» деген темада аңгеме түзгүлө

Бош убакыт, ар түрдүү пайдалануу, кол тийгенде, бош убакта, жөндүү эс алуу, эс алууну билүү, радио кабылдагыч жасоо, түрдүү мамлекеттердеги радио сүйүүчүлөр менен байланышуу, почта маркаларын жыйноо (ачык каттар, конверттер, эски монеталар тыйындар), аквариум балыктарын өстүрүү, спортко (музыкага, көркөм сүрөткө) кызыгуу; кызыгуу, артынан түшүү, жыйноочу (чогултуучу), коллекционер, филателист, нумизмат.

Төмөндөгү темаларга эссе жазгыла

  1. Турмуш жолундагы алгачкы кадам.
  2. Илимге арналган өмүр.
  3. Өзүм жөнүндө аңгеме.
  4. Мага үлгү болгон адам тууралуу.
  5. Күнгө умтулган адам.
  6. Эрдик тууралуу аңгеме.
  7. Талант – бул эмгек кылууга милдеттенүү.
  8. Адам жасаган иш түбөлүктүү.

ТЕКСТТЕР

1-кадам. Тексттерди окугула.

2-кадам. Текстти жаап коюп, түшүнгөнүӊөрдү кайра айтып көргүлө.

3-кадам. Текстти өзгөртүп түзгүлө.

Жамийла

 

Жамийла өзү шыңга бойлуураак, белдүү келин. Эки өрүмгө батпаган калың чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына салынып алса, кызыл торусунан келген төгөрөк жүзүнө ак жоолук жарашып калат.

Жамийла күлгөндө анын чымкый кара сүйрүрөөк көзүндө ден соолуктун, жаштыктын ашып-ташкан күчү жайнап, ийилген кашы көтөрүлүп, күлкүсү чыгып, ал эмнегедир өзүнчө секетбайдын туздуусунан (сүйүү ырлары) ырдап жиберет.

 

Данияр

 

Арадан көп өтпөй, бир күнү шинелин ийнине арта салып, сол бутунан кичине төкөрөңдөп баскан, узун бойлуу, мойну куркуйган бирөөнү бригадир Орозмат ээрчитип келди. Орозматтын жанында тиги узун бойлуу аскер, салмагын соо бутуна салып унчукпай келе жатты. Тартайган москоол боюна жараша Данияр бет түзүлүшү чап жаак, кабагы дайыма чарчаңкы жыйрылып, көзү бир калыпта салмактуу тиктейт. Анын жүзүн өзгөртүп кыймылга келтирген ийкемдүү кашы. Кээде канат серпкендей кашы өйдө боло берип, көзү жалжылдап, бир нерсеге сүйүнгөн өңдүү болот.

 

*          *          *

Бул чалдын кебетеси Ажар менен Каныбекке өтө мейримдүү көрүнөт. Эски сары жаргак шымына шымданган сары ала шайы чапан, белиндеги чоң кисе, кисенин айланасында илинип турган ок салгыч, куу салгыч, дары салгыч, оттук, устара, шибеге, кездик бул кишинин кесиби мергенчилик экендигин көсөтүп турат.

«Каныбек» романы (Жолой менен Алтынкөкүл Раушан) 90-91-бет.

 

*          *          *

Анан, Алтынкөкүл Раушан – Алтынкөкүл Раушан эле. Бою ноода чыккан кырчын талдай, кашы жаңы тууган айдай, көзү карагаттай, жаагы субагай, бети талдырмач кызылдуу, аркар көкүрөк. Башында жекей, көйнөгү жашыл тувар, сары ноколуу кызыл манат бешманты бар; чачтары төрттөн он эки өрүлүп, айдалы менен эки жаактан төгүлүп, алдыңкы чачы тизеден, арткы чачы толорсугунан өтүп турат. Алтынкөкүл Раушандын турган турпаты, суналган келбети, кабагын салып капаланбай күлүмсүрөй маңкайып турганы, көрүп турган элдин санаасын санга, оюн онго бөлдү.

«Каныбек» романы (Жолой менен Алтынкөкүл Раушан) 95-96-бет.

 

*          *          *

Кубат болсо Эсенкелдинин коюн он жылдан бери кайтарат. Жашы отуздарга барып калган, сары чийкил, көзү көк чекир, бети кууш, маңдайы жайык, болук неме: көсөө адам сыяктуу анда-санда гана эрбейген жээрде сакал, муруту бар.

 

 

*          *          *

Жомокту окугула. Мүнөздү жана сапатты билдирген сөздөрдү тапкыла.

 

Илгери өткөн заманда абдан момун бир чал жашаптыр. Анын алты эркек баласы, жалгыз кызы жана өлөйүн деген аты болуптур.

Эң улуу баласы өтө кыйкымчыл экен, ал эч нерсени жактырчу эмес: айжамал, кымча бел кыздар да, көздөрү жоодураган бакыракай. көздүү селкилер да жакчу эмес экен. Андан кийинки уулу арам, ал аз келгенсип жалкоо болуптур. Ал эртеден кечке «алма быш, оозума түш» болуп жата берчү жана эч кимге жакшылык каалоочу эмес. Абышканын үчүнчү уулу деле агаларынан артык эмес эле. Ал эң эле мактанчаак, анан калса эч кимди, жада калса атасын дагы тоотчу эмес. Атасы жумшаса, угуп да койбойт.

Абышканын төртүнчү уулу сараң, битир эле, андан эч ким эч нерсе сурап ала алчу эмес. Кийинки баласы деле агаларынан кем калчу эмес. Ал өзүмчүл, ичи тар, эки жүздүү болуп өстү. Эл буларды жек көрчү жана эч ким сыйлачу эмес.

Кичүү уулун эл терең урматтап сыйлачу, ал элге жакчу. Калк аны менен сыймыктанчу жана суктанчу. Чындыгында анын мүнөзү, кыялы киши суктангандай эле. Ал абдан шайыр, калыс, өткүр жигит болду.

Абышканын жалгыз кызы сулуунун сулуусу, акылдуунун акылдуусу эле: анын тили чечен, колунан баары келчү. Ал жел таман, ушакчы, сугалак адамдарды жек көрчү. Өңү серт болсо да, адамдагы жакшы сапаттарды жогору баалачу. Жаркыратып жакшынакай тараган чачы, жаңысында көрүнгөн айдай ийилген кара кашы, карагаттай кара көзү, жүзүнө жараша кол менен жасагандай болгон мурду, жаш баланын эрдиндей эриндери кичинекей оозуна жарашып, сулуунун көркүнө көрк кошкондой болуп турду. Кийгени узун ак жибек көйнөк, бутунда кара батинке, колго соккон ак байпагы бар. Эки кулагынын көнчөгүнө илинген кичинекей иймектери, сулуунун көркүнө кубанып бийлегендей кыймылдап турат.

 

 

*          *          *

Мария Семеновна, Лизанын энеси, орто бойлуу, кызына түспөлдөш, каш менен чачынын каралыгына жана жалпы түспөлүнө, караганда, кавказдыктардын кандайчадыр чалымы бар. Кимге да болсо күлүмсүрөй карап, дайыма кичи пейилдик менен мамиле кылат.

Атам Матвей Матвеевич, жапалдаш бойлуу, жашы элүүлөргө келип калган, томолонгон семиз сары киши. Амалкөй сөздөргө абдан уста. Бирок, ачуусу эң чукул. Ачуусу келсе колундагы буюмун сындырбай тынбайт. Эгер колунда буюм жок болуп калса, балтаны ала коюп ташка чаап ала турган. Эгер энем экөө урушуп калса, короодогу кызматкерлер коркконунан көчөгө качып чыгыша турган. Анткени энем ашкан албуут, жаактууга жай бербеген карасур киши. Жайбаракат отурганда, качанкы бир жеген котлетин же бирөө менен сөз талашып калганын же дагы бир эки короздун урушканын айтып мээни ачыта турган маңыз адам эле. Бир айткан окуясын күнүгө кайталайт. Эгер бул окуяны уккамын, башкасын айт десе уруша кетет.