25-сабак   Иш күнүӊүздү жылмаюудан баштаӊыз, ошондо ийгилик сизди дайыма коштоп жүрөт!



Тасмадан алынган үзүндүнү көрөлү жана андагы каармандардын мүнөзүнө талдоо жүргүзөлү.

1-    көнүгүү.

Диалогду толуктаӊыз:

Иляс: - Кете бер .....

Асел: - Мен ....

 

2-көнүгүү.

Суроолорго жооп бериӊиз:

1)    Иляс менен Асел кайдан таанышышат?

 

а)  Көчөдө кетип баратып.

б)  Мейманда жүрүп.

в)  Жүк машинанын ичинен.

г)  Алар мурда эле бири-бирин таанышкан.

 

2)    Асел ким болуп иштейт?

 

а)   Иштеген иши жок.

б)   Убактылуу дарыгер болуп.

в)   Ал иштебейт, окуйт.

г)   Убактылуу китепканада иштейт.

 

3)    Жүк машинада жүк жүктөлгөн беле?

 

а)   Билбейм, жүктү көргөн жокмун.

б)  Албетте, жүк ташыган машинада жүк бар.

в)  Бош эле болчу.

г)  Жолоочуларды ташуучу.

 

4)    Иляс алгач машиненин алдынан өтүктү көргөндө эмне деп ойлоду?

 

а) Өтү бара жаткан бирөө деп ойлоду.

б) Машинеӊе сала кет деген чоӊ энелердин бири деп ойлоду.

в) Сулуу кыз деп ойлоду.

г) Эч нерсеге маани бербеди.

 

 

5)    “Тили гана сүйлөбөгөнү болбосо барын түшүнөт...”. Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?

 

а) Билбейм, түшүнгөн жокмун.

б) Албетте, машинеси жөнүндө.

в)  Кичинекей бала жөнүндө.

г)  Аргымак жөнүндө.

 

6)    Аселдин окууга өтпөй калганына Иляс эмнеге кубанды?

 

а) Окууга өтсө экөө жолукмак эмес.

б) Окууга өтсө китепканада ким иштейт эле.

в) Окууга өтсө колхоздун жумуштарын калып калмак да.

г) Окууга өтпөй калганы баарына жакшы болгон үчүн.

 

3-көнүгүү. Каармандардын мүнөздөрүн карап маалыматтардын туура же ката экендигин белгилегиле Иляс шайыр, тамашакөй жигит Асел китепканада иштейт. Айылга барчу жол өтө жакшы жасалган экен. Аселдин жүзүнөн назиктик байкалып турат. Иляс “Көк тулпарын” мингенди жакшы көрөт Аселдин келбети Илясты таӊ калтырды. Каармандар тамашаны көтөрө алышпайт экен. Иляс менен Асел бирин-бири жек көрүү менен карашты Ильяс да, Асель да жумушка кечигип, шашып баратышкан Төмөнкү тасмадан Раймаалы ага тууралуу маалыматтарга чоӊ көӊүл буралы.

1-    көнүгүү.

 

Маалыматтардын туура же ката экендигин белгилегиле

Тасмада Раймаалынын күлгүн курак кези тартылган. Каарман бүтүндөй журтту бийлеген башкаруучу. Ал комузда кол ойнотуп, күүлөрдү мыкты черткен. Элдин таламын талашкан эл ичинен чыккан ырчы болгон. Дайыма таза, тыкан, жарашыктуу кийинет Чоӊ жыйндарды өткөрөт Элдин маанайын көтөрүп, жашоого үмүт кошот. Журт кадырлаган инсан. Тасмада азыркы учур сүрөттөлөт Раймаалы чындыкты бетке айтып ырдаган.

2-көнүгүү.

Башкы каармандын мүнөзү, сапаттары, сырткы келбетин жазалы:

.........................................................................................................................................................................................................................................................................................................................................................................................................

 

3-көнүгүү.

Тасмадагы Раймаалы ырдаган ырдан эсиӊизде калган саптарын жазыӊыз:

..................................................

.................................................