19-сабак   Өмүр баян Төмөнкү үлгүгө карап өмүр баяныӊызды жазыӊыз

1

3

4

 

2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


1.     Иш кагазынын аты(Өмүр баян);

2.     Текст;

3.     Датасы;

4.     Колу.

Өмүр баян

 

Мен, Курманалиев Жанар 1988-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Курманалиев Жаныш жана апам Курманалиева Гүлкайыр пенсияда.

2005-жылы Бишкек шаарындагы №2 мектепти бүтүп, Кыргыз улуттук универстетинин тарых факультетине окууга өттүм. Аны 2010-жылы ийгиликтүү аяктадым. Адистигим  - орто мектептин тарых мугалими.

2010-ж. тарта КУУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келем.

2010-2014-жылдары КУУнун аспирантурада окудум. “Кыргыз элинин ташка чегилген тарыхы” деген темаданын үстүндө кызуу иштөөдөмүн.

Партияда жокмун.

Азырынча үйлөнө элекмин.

Дарегим: Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону,

21-үй, 40-батир, Телефонум: 29-68-15

12.04.15.                       (колу)             Ж. Курманалиев 

Өмүр баяныӊызды жазыӊыз

1.

Иш кагазынын аты

Өмүр баян

2.

Текст

         Мен, ...

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

        Дарегим:

 

3.

Датасы;

 

 

...            

4.

Колу

                              (колу)          Ф.А.А.

 

 

Музыкалык тыныгуу: Кыргыз жери

2-тапшырма: Ырды угуп, төмөнкү ырдын тексттин толуктагыла. Ырды жаттагыла.

Кыргыз жери

 

........  .......  ак калпагын кийген кезде.

Аскасы көк асманга тийген кезде.

Мен дагы жолго чыгам ..........  тосо,

Кучактайм ой-кырларын нурга кошо

Улуусуӊ – ...........   ...... нурдан бүткөн,

Сулуусуӊ – кыргыз жери ырдан бүткөн.

 

Ысык-Көл – жердин көзү, кырлар – кашы,

Адырлар – көкүрөгү, токой – чачы.

Дайралар – .....  .........., чоку – таажы

Седеби, топчулары – ар бир ташы.

Кеӊ түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,

Нур жүздүү, ................ кыргыз жери.

 

Жылдыздар .....  бетинен өчкөн кезде,

Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,

.....   чалкып, тоолор койнун ачкан кезде.

Көркүнө көрк кошулат кыргыз жери,

Сезилет .....  ............. мээримдери.

 

III жак менен жазылган өмүр баян

Өмүр баян иш кагазы 3-жак менен да баяндалат (үлгү №2). Мындай өмүр баяндын текстин автор эмес башка бирөө (мисалы, изилдөөчү, журналист, архив кызматкери) түзөт. 

Алыкул Осмонов 


        Кыргыз адабиятынын залкар өкүлү Алыкул Осмонов 1915-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Каптал-Арык айылында кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө туулган. Ал бир жашарында тоголок жетим калып беш жашка чыкканда Токмок интернатына кабыл алынган. Ал жерде тогуз жыл тарбияланып 1929-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумга өткөн. Алыкул техникумда көркөм адабиятка дитин коюп, орус тилин үйрөнүп алгандыктан орус адабиятынын классиктери Пушкин, Лермонтов, Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголь ж.б.у.с. чыгармаларын окуган. Ал ар түрдүү ийримдерге жана кечелерге дыкаттык менен катышып, акырындап өзүн поэзияда сынай баштаган. 1932-жылы Алыкул Осмонов залал ооруну жуктуруп алып, техникумдагы окуусун таштап, ар түрдүү редакцияларда адабий кызматкер болуп иштөөгө мажбур болгон. Бирок оорусуна байланыштуу ал редакцияларда дайыма иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес, ошондуктан, ал үйүндө өмүрүнүн аягына чейин чыгармачылык менен алектенген. Ал ошол 1932-жылы эле ыр жазып баштаган. Анын китептери 1935-жылы – «Таңдагы ырлар», 1937-жылы – «Чолпонстан», «Жылдыздуу жаштык» биринин артынан бири чыга баштаган. 1939-жылы Шота Рутавелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын кыргыз тилине эркин которууну мыкты ишке ашырган. 1939-жылы Москвадагы кыргыз адабиятынын жана искусствосунун декадасына катышып «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.                 А.Осмоновдун Улуу Атамекендик согуш мезгилинде жазган поэтикалык чыгармалары «Махабат» аттуу китебине чогултулган. Акындын «Новые стихи» (1946-ж.), «Моя земля – земля песен»
(1947-ж.), «Новые стихи» (1949-ж.) чыгармалары орус тилинде жарык көргөн.

Алыкул Осмонов поэтикалык котормонун чебери. Анын кыргызчага которгон Пушкиндин, Шекспирдин, Лермонтовдун, Крыловдун, Маршактын чыгармалары адабий котормонун үлгүсү болуп калды. Таланттуу акын 1950-жылы 12-декабрда чыгармачылыгы гүлдөп турган чакта айыкпас оорудан дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкек шаарынын Аларча көрүстөнүнө коюлган.

 

1- көнүгүү. Төмөнкү маалыматтардын туура же ката экендигин белгилегиле

 

1.

Алыкул Осмонов 1915-жылы туулган.

2.

Ал балалык чагын бактылуу өткөргөн.

3.

Ийримдерге, кечелерге катышкан.

4.

Котормочу да болгон.

5.

“Махабат” ырлар китеби жарыяланган.

6.

Жогорку кызматта иштеген.

7.

Орус классиктеринин чыгармаларын сүйүп окуган.

8.

Ата-энеси тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

9.

Залкар акын, котормочу болгон.

10

 Таланттуу акын 30 жашында дүйнөдөн кайткан.  

2– көнүгүү. Төмөнкү боштуктарга туура келген вариантты белгилеӊиз
1. Алыкул Осмонов .......... котормонун чебери
Токмок ………. кабыл алынган
3. Таланттуу акын ............... жарык дүйнөгө келген.