10-сабак   Жылмайып коюңуз!

Жылдыз: Салам Кубан иштерин кандай?

Кубан: Жакшы рахмат, өзүндүн иштерин жакшыбы?

Жылдыз: Жакшы, кайда иштеп жатасын?

Кубан: Мен банк… иштеп жатам.

Жылдыз: Кантип эле…

 



Бул сүрөттө канча кызматкер отурат?

_________________________      ______

Канчасы мырза?

_______________________________

Канчасы айым?

_______________________________

УГАЛЫ

Эртең Жогорку Кеңешке парламенттик угууга саат канчага баруу керек?

- Саат 11.00гө, тиешелүү маалыматтарды бөлүмдөр даярдашты.

- Катыша тургандыгым жөнүндө тактоо жиберилдиби?

- Ооба, чалып айтып койдум.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

- Саламатсызбы, мүмкүн бекен.

- Саламатчылык, эмне маселе менен келдиңиз эле.

- Жумушка орношуу тууралуу кимге кайрылсам болот?

- Кадрлар бөлүмүнө барыңыз.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

- Алло, мен эл аралык кызматташуу бөлүмүнөн чалып жатам, сизге кат калтырдым эле. Жетекчи ага кол койдубу?

- Ооба, кол койду. Келип алып кетсеңиз болот.

Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

Саламатсызбы, менин катым боюнча жооп бере аласызбы.

- Сиздин катыңызда сураган маселени чечүү биздин компетенциябызга кирбегендиктен, оң жагына жооп бере албайбыз.

- Анда мен кимге кайрылышым керек.

- Турак-жай жана курулуш департаментине кайрылыңыз.

- Ал кайсы жерде?

- Үчүнчү кабат, он бешинчи бөлмөдө.

- Рахмат.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

5.

- Биздин бөлүм кийинки айга «Сабаттуу жазалы» акциясын өткөргөнү жатабыз.

- Абдан жакшы. Жобосун даярдадыңарбы?

- Жобосун даярдап, чыгымдардын сметасын түздүк. Карап чыгып бекитип бересизби.

- Таанышып чыгайын, калтырып коюңуз.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

6.

- Министрдин кабылдамасынан чалып жатам. Ким менен сүйлөшүп жатам.

- Мен башчы Жапаров

- Эртен саат 14.00гө коллегияга райондун башчыларын чогултуп жатабыз. Сиз да келиңиз.

- Коллегия кайсы жерде болот?

- Экинчи кабаттагы чоң жыйындар залында.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

- Бизге үч күндүк мөөнөт менен Өкмөттүн Аппаратынан протоколдук тапшырма келди. Жетекчиге резолюция койдуруу керек.

- Калтырып коюңуз, жетекчи Жогорку Кеңештеги парламенттик угууга кеткен. 

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кеткен чыгымдардын  эсептен чыгаруу актысын өткөрүп койсоңуз.

- Актыны комиссия мүчөлөлөрүнө кол койдуруп жатам. Комиссиядагы бир кызматкер эмгек өргүүсүндө болгондуктан кармалып жатат.

 

1.
Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

- Саламатсызбы Чыңгыз, иштериңизжакшыбы?

- Жакшы Каныкей, өзүң кандайсың.

- Жакшы. Бүгүн 4450 кириш номериндеги кат келди. Биздин бөлүм жооптуу экен. Карап чыгып сунуш берсеңиздер?

- Азыр карап көрөйүнчү 4450 Экономика министрлигинен келген Евразия экономикалык биримдигине кошулуу тууралуу макулдашуу барагы экен ээ? Макулдашууну карап чыгайын анан бөлүм башчы менен кеңешип сунуш беребиз.

- Жакшы болот. Мүмкүн болушунча тезирек берсеңиздер. Мөөнөтү өтүп кетпесин.

- Жарайт 3 күндүн ичинде сунушту сиздин почтаңызга салып жиберебиз.

- Рахмат.

- Эч нерсе эмес.

Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатат?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

Жылмайып коюңуз.                    

  --Салам эмне кылып жатасын?

- Опер...  жазып жатам.                                                                                

-    Жакшы го. Мен жөнүндө да жазасынбы?                          

-  Албетте, опер бардыгын жаз деди.

Сүйлөшүү төмөнкүлөрдүн кайсынысы жөнүндө болду?