8-сабак   Сыйлык тапшыруу

Манасчы Т.Бакчиев награжден нагрудным знаком «Отличник образования Кыргызстана»



Бишкек (АКИpress) – В Министерстве образования и науки КР 24 января манасчы, основателя республиканского интеллектуального конкурса среди учеников «Манас таануу» Талантаалы Бакчиева наградили нагрудным знаком «Отличника образования Кыргызской Республики», сообщается на сайте ведомства.



Нагрудной знак вручил заместитель министра Назаркул Ишекеев. Он поблагодарил манасчы за неоценимый вклад в изучении эпоса «Манас» и пожелал удачи в творческом развитии.

Сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын котормосун тапкыла.

Билим берүүнүн мыктысы             –

төш белги                                        –

баа жеткис салым                           –

министрдин орун басары              –

ыраазычылык билдирди                –

чыгармачылык 
Төмөнкү аталыштардын кайсынысы туура жазылганын белгилегиле


Өзү иштеген тармакты мыкты билгендиги                    

 жана анын өнүгүшүнө салым кошкондугу

үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

 деңгээлдеги сыйлыктары менен сыйланышат.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер

 атайын класстык чиндер менен сыйланышат.

Сөз жана сөз айкаштарын бириктиргиле
үзүрлүү
кызматтык
коомдук
ардак
Финансы
Каракол
көп
активдүү
эмгек , милдет, турмуш , грамота, министрлиги, шаары , жылдык, катышкандыгы ,

Маалымат үчүн:

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» - наамы Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана гүлдөп өнүгүшү үчүн кошкон эмгеги үчүн берилет.

«Ак шумкар» өзгөчө белгиси көкүрөктүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын жогору жагына тагылат.

Кыргыз Республикасынын ордендери: I, II, III даражадагы «Манас» ордени, «Курманжан Датка», «Данакер», «Баатыр эне» ордендери болуп  саналат.

Кыргыз Республикасынын медалдары.

Медалдар ордендерден кийин дайыма көкүрөктүн сол тарабына тагылат.

«Эрдик» - мамлекеттик деңгээлде жана күнүмдүк турмушта көрсөткөн чоң эрдиги үчүн сыйланат.

«Даңк» - жарандар мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, коомдук жана кайрымдуулук иште олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышат.

«Эне Даңкы» медалы менен беш бала төрөгөн жана тарбиялаган энелер, ошондой эле жетим балдар жана майып балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык иштеген айымдар сыйланышат

Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары:

1. «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу »,

2. «Кыргыз Республикасынын эл акыны»,

3. « Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»,

4. « Кыргыз Республикасынын эл артисти» ,

5. «Кыргыз Республикасынын эл мугалими»,

6. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими»,

7. «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер»,

8. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери»

9. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу»,

10. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген жол кызматкери» ж.б.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы

22-статья. Мамлекеттик кызматчылардын класстык чендери

Мамлекеттик кызматчылардын класстык чендери алардын даярдык деңгээлинин тийиштүү мамлекеттик кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келишин көрсөтөт.

Мамлекеттик кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:

1) мамлекеттик кызматтын кенже инспектору;

2) мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору;

3) мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору;

4) мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору;

5) мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;

6) мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;

7) мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;

8) мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси.

Сиздин кандай мамлекеттик сыйлыктарыңыз бар жана кайсы классты чендин ээсисиз?

Жогорудагыдай сыйлыктарга ээ болушуңузга тилектешмин.