3-сабак  



Телефондогу сүйлөшүү

–Алло, саламатсызбы

–Саламатчылык

Каныбек: Мамлекеттик кадр кызматыбы? Билим берүү министрлигинин адиси Каныбек тынчыңызды алып жатат.

Жаркынай: Ооба, сизди башкы адис Жаркынай угуп жатат.

Каныбек: Сиздер жиберген телефонограмманы жетекчи мага резолюция жазып берди. Мен эмне кылышым керек?

Жаркынай: Мамлекеттик кызматка киришкендигиңиз менен үчүн иш-чарада сиз “Мамлекеттик кызматчынын антын” бересиз. Бүгүн керектүү маалыматтарды алуу үчүн мага келе аласызбы?

Каныбек: Макул канчага барайын

Жаркынай: Саат 15.00го (3кө) 305-кабинетке келиңиз. Сизди күтөм.

Каныкей: Албетте, саламатта туруңуз


Сүйлөшүү кайда болуп жатат?
Сүйлөшүү эмне жөнүндө болду?
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?
Жаркынай Каныбекти эмнеге чакырды?
Каныбек эмне үчүн ант бергени жатат?
Иш-чара эмнеге байланыштуу өткөрүлгөнү жатат?
Иш-чара кайсы жерде өтөт?

Маалымат үчүн:

    Мамлекеттик кызматтын коомдогу ролун жана маанисин белгилөө максатында Бириккен улуттар уюмунун башкы Ассамблеясы 2003-жылы атайын резолюция кабыл алып, 23-июнду “Мамлекеттик кызмат күнү”, деп жарыялаган. Кыргызстан дагы бул демилгеден четте калбай, 2007-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин күнүн белгилеп келе жатат.

Мамлекеттик кадр кызматы


Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 26-статьясы. Мамлекеттик кызматчынын анты биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, мамлекеттик кызматчы жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй ант берет:

"Мен, ___________________________________________,

    Кыргыз Республикасынын жараны, мамлекеттик кызмат ордуна киришип жатып жана Кыргызстандын элинин алдындагы өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин гана жолдоп, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарып жана Кыргызстандын элине мыкты билимиме жана ниеттериме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант берем. Бул антты бузгандык үчүн белгиленген жоопкерчилик тартууга даярмын". Ант берген адам анттын текстине кол коет жана аны кабыл алган күндү көрсөтөт. Анттын текстти мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакталат.

Төмөндөгү сөздөрдүн котормосун тапкыла жаранмыйзамжоопкерчиликмамлекеттик кызматкермыйзамдуулукадилеттүүлүкмилдеткызмат кылуученемант гражданинзаконгосударственный служащийзаконностьслужитьсправедливостьответственностьобязанностьнормаприсяга Текстте төмөндөгү маалыматтардын Бар же Жок экендигин аныктагыла.
1. Мамлекеттик кызматка Кыргыз Республикасынын жараны гана иштей алат.
2. Мамлекеттик кызматкер Кыргыз Республикасынын конституциясынын негизинде иш алып барат.
3. Мамлекеттик кызматчы жоопкерчиликтүү, адилеттүү болушу керек.
4. Мамлекеттик кызматчы жумушка келбей койсо жоопкерчилик тартат.
5. Мамлекеттик кызматчы жогорку билимдүү болушу керек.
6. Мамлекеттик кызматкер кайрылуучуларга жооп бериш керек.
Бар, Жок,
Чакыруу

Урматтуу мекендештер!

    2015-жылдын 9-ноябрында саат 10.00до “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1938-жылы репрессияда курман болгон алгачкы агартуучу, мамлекеттик ишмерлерди эскерүү жана аларга гүл коюу аземи болот. Бардык мекендештерибизди гүл коюу аземине чакырабыз.

Уюштуруу тобу: Бишкек шаардык мэриясы

Байланыш телефону: 611166
Маалымат үчүн:

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин тагдырлары

    1938-жылдын 5-7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз Совет Республикасынын ошол кездеги көрүнүктүү жетекчилери, алдыңкы илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Москванын буйругу менен түн ичинде атылып өлтүрүлгөн.

    “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы атылгандардын арасында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов ж.б. Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик ишмерлери болушкан.

    Репрессиянын курмандыктарынын көмүлгөн жери жөнүндө 1973-жылы Бүбүйра Кадыралиевага атасы Абыкан:“Эсиңде болсун, бул жерде көп адамдын сөөгү жатат. Бул сырды жакшы заман келсе элге айт”, - деп аманат сөзүн калтырган. 1991-жылы Бүбүра апа атасынан уккан окуяны билдирип, Коопсуздук комитетине кат жазган. Комитеттин бөлүм башчысы болуп иштеген Болот Абдрахманов казууну уюштурганда бир чуңкурга чогуусу менен көмүлгөн 137 адамдын сөөгү чыгат. Маркумдардын сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине сый-урмат менен кайра көмүлгөн.

Сүйлөмдү толуктагыла. 1. Репрессияда курман болгон адамдардын сөөгү жаткан жерди2. 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү кыргыздын алгачкы көрүнүктүү жетекчилери3. Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлерине4. 1991-жылы Коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы5. Бир чуңкурга чогуусу менен көмүлгөн6. Маркумдардын сөөгү “Эл душманы” деген жарлык тагылган.Бүбүйра Кадыралиева айтып берген. Москванын буйругу менен түн ичинде атылып өлтүрүлгөн.137 адамдын сөөгү табылган.Болот Абдрахманов казууну уюштурган.“Ата-Бейит” мемориалдык комплесине кайра көмүлгөн. Бош орундарды толуктагыла.

    1938-жылдын .....................(1) күндөрү Кыргыз Совет Республикасынын ошол кездеги көрүнүктүү .....................(2), алдыңкы илимий-чыгармачыл .........................(3) өкүлдөрү Москванын ....................(4) менен түн ичинде атылып өлтүрүлгөн.

    “Эл душманы” ...............(5) тагылып, 1938-жылы атылгандардын арасында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов ж.б. Кыргызстандын алгачкы ..........................(6) болушкан.

    Репрессиянын курмандыктарынын көмүлгөн жери жөнүндө 1973-жылы ....................................(7) атасы Абыкан: “Эсиңде болсун, бул жерде көп адамдын сөөгү жатат. Бул сырды жакшы заман келсе элге айт”, – деп аманат сөзүн калтырган. 1991-жылы Бүбүра апа атасынан уккан окуяны билдирип, ...........................(8) кат жазган. Комитеттин ...................(9) болуп иштеген Болот Абдрахманов казууну уюштурганда бир чуңкурга чогуусу менен көмүлгөн ........................(10) сөөгү чыгат. Маркумдардын сөөгү ....................(11) мемориалдык комплексине сый-урмат менен кайра көмүлгөн.

(1)
(2)
(3)
(4)
(5)
(6)
(7)
(8)
(9)
(10)
(11)
Тексттен кездешкен сөз жана сөз айкаштарын белгилегиле.
көрүнүктүү жетекчилер
жаран
мамлекеттик ишмерлер
эмгек акы
бөлүм башчы
интеллегенция өкүлдөрү
чакыруу
жобого ылайык
кайрылуу
мыйзам
1938-жыл
бекитем
Ата-Бейит
эл душманы
келишим
маалымат
документ
коопсуздук комитети
токтом кылат
тармак
компенсация
жарлык
министр
маркум
1991-жыл
Президент
137 адам
саясий
репрессия курмандыктары
буйрук