2-сабак. Телефонограмма   Чакыруунун бир түрү Телефонограмма жөнөтүү
Телефонограмма – тексти өзгөчө ыкма менен (телефон аркылу айтылып, багышталган тарап жазып алчу) берилчү ар кыл мазмундагы документтердин жалпы наамы.



Телефонограмма төмөндөгүдөй реквизиттерден турат:

  1. Дата
  2. Текст
  3. Кол койгон жетекчинин аты-жөнү
  4. Жиберген жана кабыл алган кызматкердин аты-жөнү, телефондору
Телефонограмма 50 сөздөн ашпоого тийиш.

Телефонограмма

                                                                     25.05.2015

Көнүгүү

Төмөнкү маалыматтардын туура же ката экендигин белгилегиле
Отурумда министрлик, ведомстволордун отчету угулат Мамлекеттик тилди жана расмий тилди өнүктүрүү боюнча жыйын болот Отурум Жогорку Кеңеште өткөрүлөт Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча парламенттик угуу өтөт Телефонограмма министрлик, ведомстволорго жөнөтүлдү. Отурумду Ч.Турсунбеков жетектейт Улуттук программа боюнча бөлүнө турган каражаттар такталат.

Төмөнкү сөздөрдү жана сөз айкаштарын бириктиргиле:

отурумга
министрликтин
мамлекеттик тилди
программаны
каралуучу
каржылоо маселеси
катышуу , отчетун угуу , өнүктүрүү, ишке ашыруу , маселе, каралат,

Төмөнкү үлгүгө карап расмий чакыруу жазыңыз.

Аталышы

Чакыруу

Чакырылган адамдын аты-жөнү

Кубатбек Айылчиевич

Чакыруунун түрү

Расмий

Текст

Сизди белгилүү түрколог, академик Константин Кузьмич Юдахиндин 125 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага чакырабыз.

 

Чакыруунун аталышы

Салтанаттуу иш чара

Өткөрүү убагы, күнү

26.06.2015. саат 10.00

Дареги, өтүүчү жайы

Кыргыз улуттук филармониясы

Өткөрүүчү мекеменин аталышы

Уюштуруу комитети

Расмий чакыруу жазыңыз

Аталышы

Чакыруу

Чакырылган адамдын аты-жөнү

….

Текст

Сизди.......................................................................................чакырабыз.

 

Чакыруунун түрү

 

Чакыруунун аталышы

 

Өткөрүү убагы, күнү

 

Дареги, өтүүчү жайы

 

Өткөрүүчү мекеменин аталышы

 

Пресс-конференцияга чакыруу каты

Урматтуу журналисттер!

Сиздерди эртең, 2013-жылдын 11-июнунда SOT.KG интернет ресурсуна арналган пресс-конференцияга чакырабыз. Иш-чара Коомдук саясат институтунун конференц-залында өтөт.

         Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Джамашева, Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматов, USAID жана ИДЛО Программасынын Кыргызстандагы аймактык директору Фред Хьюстон катышат.

         Пресс-конференциянын башталышы саат 10:30да.

         Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42/1 (Токтогул көчөсү менен кесилишет), Бизнесборбор, 3-кабат.
         Суроолоруңуздар болсо, 0550 01 99 44 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Жогорку Соттун Басма сөз катчысы
10.06.2013.

 

Жогорудагы чакыруунун тексттине ылайык толтургула

1.

Аталышы

Чакыруу

2.

Чакырылган адамдын аты-жөнү

 

3.

Текст

 

4.

Чакыруунун аталышы

 

5.

Өткөрүү убагы, күнү

 

6.

Дареги, өтүүчү жайы

 

7.

Өткөрүүчү мекеменин аталышы

 

 

Төмөнкү маалыматтардын туура же ката экендигин белгилегиле

Жогорку соттун төрайымы Ф.Жамашева USAID жана ИДЛО Программасынын Кыргызстандагы аймактык директору Фред Хьюстонду жолугуушуга чакырды Коомдук саясат институтунун конференц-залында SOT.KG интернет ресурсуна арналган пресс-конференция өтөт Пресс конференцияга журналисттер чакырылды Пресс-конференцияны Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматов уюштуруп жатат. Пресс-конференция Бишкек шаарында өтөт Пресс-конференцияга башкы прокурор катышат Чакырууну Жогорку Соттун Басма сөз катчысы жөнөттү



Пресс-конференция - коомдук-саясий   

маселелер боюнча информация кылуу

үчүн официалдуу адам тарабынан                

чакырылган басма сөз өкүлдөрүнүн

чогулушу           

 

                                              

Бош орундарды толуктагыла: Жогорку Соттун, пресс-конференцияга, төрайымы, суроолоруңуздар, конференц-залында, директору, судьясы, 

Пресс-конференцияга чакыруу каты

Урматтуу журналисттер!

 

         Сиздерди эртең, 2013-жылдын 11-июнунда SOT.KG интернет ресурсуна арналган ........................... чакырабыз. Иш-чара Коомдук саясат институтунун .......................... өтөт.

         Пресс-конференцияга Кыргыз  Республикасынын Жогорку Сотунун ...................... Феруза Джамашева, Жогорку Соттун .................... Болотбек Акматов, USAID жана ИДЛО Программасынын Кыргызстандагы аймактык ........................ Фред Хьюстон катышат.

         Пресс-конференциянын башталышы – саат 10:30.

         Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42/1 (Токтогул көчөсү менен кесилишет), Бизнесборбор, 3-кабат.
         .............................. болсо, 0550 01 99 44 телефонуна кайрылсаӊыздар болот.

Басма сөз катчысы 10.06.2013.

Телефонограмма

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата өткөрө турган иш-чарага мамлекеттик кызматка жаңыдан киришкен кызматчыны ант берүү үчүн жиберүүңүздү өтүнөт.

Иш-чара 2015-жылдын 23-июнунда саат 10.00до Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 3-кабаттагы жыйындар залында өткөрүлөт.

Кол койгон: Б.Сагынбаев

Жиберген: Ж.Усупова, 620310

Кабыл алган: Г.Токоева, 621198