4-сабак   ӨМҮР БАЯН Өмүр баян

Өмүр баян  -кимдир бирөө өзүнүн өмүр жолун баяндап жазышы.Өмүр баянда адамдын эмгек жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги фактылар камтылат.Бул иш кагазы кадр  тандоодо суралат.

  Мен, Жумабаева Гульмира,1978-жылы 1-январда Кара-Балта шаарында төрөлгөм.1985-жылы Кара-Балта шаарынын №2- орто мектебине кабыл алынып жана аны 1995-жылы аяктадым.

 1995-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика жана башкаруу факультетине тапшырып  2000-жылы бүтүрдүм.

2000-2006-жылдары Бишкек шаарынын каржы башкармалыгына адис катары катары кабыл алынынып, 2006-жылы конкурстук негизде «Бай түшүм» банкынын кредиттик бөлүмүнө башкы адис катары кабыл алындым.

Учурда ушул банктын кредит жана аудит бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатам.

 Үй-бүлөлүүмүн.Эки кыз бир уулум бар.Жолдошум Ормушев Санжар “Кыргызтелеком”ААКта юрист болуп иштейт.

 

Дарегим:                                       29.08.2012

Бишкек шаары                              Колу..............

“Жал”кичи району

24-үй,батир №2

Тел: 25-16-60

Уюл.тел.: 0779 778555                 Жумабаева Гульмира

Мен Абакирова Нуркамал Жантаевна,1981-жылы 22-октябрда Чүй ......... ................, Ысык-Ата............, Туз айылында туулгам
1988-жылы Кант шаарынын №2 -орто............1-классына кабыл..........,аны 1999-жылы............... 1999-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун Чыгыш таануу факультетинине ..............,2004-жылы.........
2004-жылы Япониянын Кокусикан университетинин магистрлик курсуна тапшырып,2007-жылы магистр даражасына ..... болдум.
2007-жылы ТИМдин Чыгыш өлкөлөр бөлүмүнүн кызматкери болуп ............
Үй-бүлөлүүмүн .Эки уул ,бир кызым бар.Жолдошум Эсенаманов Мурат 1978-жылы..........., Чүй областык администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы......... ......... .
областынын,районунун, мектебинин,алынып, ийгиликтүү аяктадым, ээ, дайындалдым, туулган,болуп эмгектенет, ,
1.
Өмүр баянда колдонулуучу сөздөр Төрөлгөм/туулгам,окудум,которулдум,кабыл алындым, кирдим, иштедим, сыйландым,аяктадым,бүтүрдүм,артыкчылык диплому, дайылдым, татыктуу,болдум,сыйлыкка ээ болдум

      УГУУ аудио

а)Төмөндө белгилүү инсандардын өмүр баянынан үзүндүлөрдү угуңуз.Бул адамдар кимдер болгон? Алар жөнүндө башка дагы эмнелерди билесиз?

 

К.К.Юдахин.

Менин кыргызтаануучулук эмгегим негизинен сөздүктөрдү тузүүдө айгине көрүнүп турат.Эки орусча-кыргызча сөздүк(1944-ж жана 1957-ж) менин түздөн-түз катышуум менен түзүлгөн.Эки кыргызча-орусча сөздүктүн да автору мен болдум.

 1940-жылы Москвадагы улуттук жана чет элдик сөздүктөрдүн

Мамлекеттик басмаканасы тарабынан менин сөздүгүм басылып чыккан. Адегенде сөздүктү өзүм түзүп баштадым.Бир аздан соң

Х.К.Карасаев менен Ж.Ш.Шүкүровдор келип кошулушту.

 1965-жылы “Советская энциклопедия”басмаканасынан басылып чыккан сөздүктө 40 000ден ашуун сөз камтылган.

 

Жеңижок

Өтө Көкө уулу Таластагы Кара-Бууранын оозунда 1860-жылы туулган.Ал кичине кезинде атасы дүйнөдөн өтүп,иниси Болотой менен жетим калат.Өтө жаш чагынан комуз чертип ,күү үйрөндү.

Оорунун айынан Аксыга барып,Садыр деген кишинин үйүндө тарбияланат. Өтө эл алдында ырдап,акындык менен аты алыска угулуп,тааныла баштайт.Ал дайыма жеңи жок кемсел кийип жургөндүктөн,эл аны “жеңи жок”дей турган.Бара-бара ал сөз

Өтөнүн Жеңижок аталып кетишине алып келген.

 

1965-жылы “Советская энциклопедия”басмаканасынан басылып чыккан сөздүктө .............. ашуун сөз камтылган
Эки ............ сөздүк (1944-ж жана 1957-ж) К.К.Юдахиндин түздөн-түз катышуусу менен түзүлгөн.
Адегенде сөздүктү өзүм түзүп баштадым.Бир аздан соң ................ ..........келип кошулушту.
Өтө Көкө уулу Таластагы Кара-Бууранын оозунда ........... туулган
Оорунун айынан Жеңижок ............. барып,Садыр деген кишинин үйүндө тарбияланат.
Ал дайыма жеңи жок ........... кийип жүргөндүктөн,эл аны “жеңи жок”дей турган
....... эл алдында ырдап,акындык аты алыска угулуп,тааныла баштайт.
К.К.Юдахиндин кыргызтаануучулук эмгеги негизинен сөздүктөрдү түзүүдө айгине көрүнүп турат. Эки кыргызча-орусча сөздүктүн да автору Х.К.Карасаев менен Ж.Ш.Шүкүровдор болушту Адегенде сөздүктү К.К.Юдахин өзү түзүп баштады Өтө кичине кезинде атасы дүйнөдөн өтүп ,агасы Болотой менен жетим калат Өтө жаш чагынан комуз чертип ,күү үйрөндү Ал дайыма жеңи жок кемсел кийип жүргөндүктөн, эл аны “жеңи жок”дей турган. Кедейликтин айынан Аксыга барып,Садыр деген кишинин үйүндө тарбияланат

 

Фамилисы                              Эркебаева

Аты                                          Саламат

Атасынын аты                      Шайырбековна

 

Е-дареги                                  erkebaeva @yahoo.com

Уюлдук  телефону                +996 0770 468892

 

Туулган жылы                       1972-ж 09.03.

Туулган жери                         Бишкек ш.

 

Улуту                                       кыргыз

 

 

Үй-бүлөлүк абалы                Турмушка чыккан

 

Билими                                    1989-1994жж. И.Арабаев атындагы КМУ

                                                  Филология факультети

 

Адистиги                                 Кыргыз тили жана адабияты

Тил үйрөнүү курстары         2001-2005-жж. Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борбору,

                                                   япон тили

Иштеген жери                        1997-жылдан  бүгүнкү  күнгө чейин Ж.Баласагын атындагы                                                                                                                            

                                                   КУУнун  Чыгыш таануу факультети

Тил өстүрүү

тажрыйбасы                           2006-2007-жж.Япон фондунун тажрыйба алмашуу

                                                   программасынын алкагында тажрыйба топтоо

                                                   Осака ш.  Япония өлкөсү

 

Сертификаттар                      Япон тили курстарын аяктагандыгы тууралуу расмий

                                                   сертификат Бишкек 2005-ж.

                                                   Тил тажрыйбасын топтогондугун тастыктоочу расмий

                                                   сертификат  Осака 2007-ж

 

Кызыгуулар                            Искусство , адабият,музыка