Резюме, визиттик карточка, куттуктоо   1-тема:
РЕЗЮМЕ // ТАРЖЫМАЛ
2-тема:
ВИЗИТТИК КАРТОЧКА
1.

1-тема:

РЕЗЮМЕ  // ТАРЖЫМАЛ

Маалыматты угуп, суроолорго жооп бериӊиз.

Айрымдар ондогон компанияга резюмелерин жөнөтүп, бирок биринен да жооп ала албайт, ал эми экинчилер болсо, 3 компанияга кайрылып, үчөөнөн теӊ чакыруу алат.


Суроо: Мунун жашыруун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Жазыңыз.


Жообун жазып zarul1982@mail.ru  дарегине жөнөтүңүз

Туура жообун текшериңиз. “Жолу ачык адам да” деп жооп беришиңиз мүмкүн, бирок бул далил эмес, негизги сыр туура, сабаттуу түзүлгөн резюмеде.  Ал Сизди  керектүү жумушка, карьералык  өсүшкө, дегеле Сиз кыялданган нерселерге жеткирет. Резюмени туура түзүүнүн негизги 4 талабы:

1.     Cабаттуу резюме – бул … .

 а) каталарга, жаргон, диалектилерге жол бербөө

б) хронологиялык тартипте түзүү

в) эмгек жолун толук көрсөтүү


2. Жарыя кылынган вакансиялардын тизмесине таянып кайрылып жатасызбы же кадрлар бөлүмүнө кайрылдыӊызбы, айырмасы жок, сөзсүз түрдө бул компаниядагы Сиз кызыккан кызмат ордун так көрсөтүӊүз.

«Вакансияга туура келүү» талабына жооп берген макалды белгилеӊиз.

3. Такталган көлөм:   

Жарым бет аз болот.

3 бет өтө көп.

1-2 бет туура чечим.

Керексиз маалыматтарды берүүнүн зарылчылыгы жок.

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы экономисттин кызмат ордуна жазылган резюме үчүн керексиз маалымат?

4. Түшүнүктүү жана жөнөкөй түзүү 

Резюмени туура түзүүнүн бирдиктүү формасы жок. Төмөндө кеӊири тараган резюменин үлгүсү берилет: 

ТАРЖЫМАЛ

Айнабекова Дамира Памирбековна

Жеке маалыматтары:

Туулган жылы, жери: Талас ш., 14-апрель 1982-ж.

Улуту: кыргыз

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, балдары: Темирлан, Айсезим
Билими:

жогорку

1998-2003-жж. Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2011-ж. КР ЖАКтын 14-октябрь 2011-жылдагы чечими менен филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген ИК № 003051
Иштеген жери:

2003-2005-жж. Талас мамлекеттик университетинин алдындагы “Бектур агай” гуманитардык лицейинде кыргыз тили мугалими

2005-2007-жж. Талас мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу

2007-2009-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил борборунда методист

2009-2011-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социология кафедрасында ага лаборант

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик тил кафедрасынын улук окутуучусу
Алган сыйлыктары:

2004-ж. “Бектур агай” сабак таймашынын жеңүүчүсү үчүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

2006-ж.  Талас мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2009-ж. Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун ыраазычылыгы

2012-ж. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы
Билген тилдери:
                                                      
Кошумча маалыматтар:


        


Кластерге резюмеге мүнөздүү маалым даректерди толтуруӊуз.




Төмөнкү өмүр баянда сүйлөмдөр башаламан тартипте берилди, кашаанын ичине катар номерин иреттеп жазыӊыз.
Мен, Касымов Мурат, 1964-жылы 11-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулгам. Атам- Касымов Токон, апам – Касымова Шайыр. Алар азыркы учурда да Шамшы айылында иштешет, «Береке» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү
2002-жылдан бери Бишкек шаарындагы Тазалык муниципиалдык ишканасында башкы эсепчи болуп иштеп келе жатам.(6 ) 2005-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлангам.
1988-жылдан өзүмдүн эмгек ишмердигимди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы маданият үйүндө эсепчи болуп иштөөдөн баштадым 1991-жылы Дархан айыл өкмөтүндө финансы бөлүмүндө иштедим.
Үй- бүлөлүүмүн. Аялым – Суранова Бактыгүл 1966-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Мамкаттоодо эсепчи болуп иштейт. Кызым – Гүлжан, уулум - Азат Б.Алымов атындагы №39 орто мектепте окушат
1999-жылдан Ысык-Көл облустук жашылдандыруу мекемесине эсепчи кызматына которулуп, ошол эле жылы Бишкек гуманитардык университетинин бухгалтердик эсеп факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө документтеримди тапшырдым
1985-жылдан университетте окуумду улантып, аны 1988-жылы ийгиликтүү аяктап экономист кесибин алдым.
Мен 1971-жылы Шамшы орто мектебине биринчи класска кирип, мектепти 1981-жылы аяктагам. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы факультетине тапшырдым. 1983-1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм.
2002-жылдан бери Бишкек шаарындагы Тазалык муниципиалдык ишканасында башкы эсепчи болуп иштеп келе жатам
( 1 ), ( 7 ), ( 4 ) , ( 8 ), ( 5 ), ( 3 ), ( 2 ), ( 6 ),
Өмүр баяндан резюме түзүңүз.

ТАРЖЫМАЛ

Жеке маалыматтары:                        
Билими:
Иш тажрыйбасы:
Билимин жогорулатуусу:
Сыйлыктары:

Үй-бүлөлүк абалы:

Кошумча маалыматтар:



Сизге ийгилик каалайбыз!

Сизге ийгилик каалайбыз!



2.

2-тема:

ВИЗИТТИК КАРТОЧКА

Резюмеӊиз талапка жооп берип, сизге ийгилик жылмайып, кызматка кабыл алындыӊыз. Визиттик карточка даярдоо мезгили келди.

ОКУЙЛУ

Визиттик карточка

        Визиттик карточканын тарыхына кайрылсак, мындан 2500 жыл мурунку тарых барактарына барып такалат.  Байыркы Кытайдын ошол мезгилдеги маданий гүлдөө доору визиттик карточканы жараткан. Ал мезгилде  бамбук жыгачынан жасалган өзгөчө жука тактайчалардын бетине иероглифтерди түшүрүү менен даярдалган. 

      Кийинчерээк, б.з.ч. III кылымда кеӊири таралган материал болуп жибек кездеме саналса, бүгүнкү күндө, темир, жыгач, резина, шоколад, түстүү кагаздардан жасалган түрлөрү кездешет. Ал учурда каллиграфтар тарабынан ар бир учурга жараша өзүнчө даярдалган, ошондуктан анын даяр үлгүсү болгон эмес.  

Мен таттуу визиттик карточкамын!


Сиз кандай таттуу визиткаларды билесиз? Ой бөлүшүӊүз.

Туура вариантты тандаӊыз
Б.з.ч. III кылымда визитка эмнеден даярдалган?




УГАЛЫ

Текстти угуп, тапшырмаларды аткарыӊыз. Заманбап үлгүдөгү визиттик карточкалар Францияда XVII кылымдын ортосунда пайда боло баштаган. Аны даярдоого өзгөчө маани беришкен, жыйынтыгында ээсинин коомдо ээлеген ордуна туура келген графикалык искусствонун шедеврлери жаралган. Бирок бул өнөр кымбат баалангандыктан, коомчулукка кеӊири таралган эмес. Мезгилдин өтүшү менен визиттик карточканын абалы өзгөрө баштаган. Кийинчерээк ал милдеттүү салттык мүнөзгө ээ болгон. Ошентип, визиттик карточкалар этикеттин айрып алгыс бөлүгү боло баштады. Аларды колдонуу өзгөчө эрежелерди талап кылган. Визиттик карточкалар титул, чин сыяктуу түшүнүктөр менен катар каралып, ишкер адамдын атрибуту болуп саналган. Суроолорго жооп бериӊиз.

1.     Атрибут дегенди кандай түшүнөсүз?

2.     Конокко барууну маалымдоочу визиттик карточканын ордун заманбап коомдо кайсы каражат алмаштырууда?

Дүйнө таанымыӊызды текшериӊиз? 

Тарыхый визиттик карточкалар

Эң биринчи визиттик карточка кайда жана качан басмаканадан басылып чыгарылган.

Жооп жазып  zarul1982@mail.ru  дарегине жөнөтүңүз

Жообу: Германияда 1786-жылы


Белгилүү император Наполеон I Бонапарттын(1769-1821) визиттик карточкасы эмнеси менен таң калтырат? 

Жообу: тамгаларынын өтө кичинекейлиги


Адольф Гитлердин (1889-1945) визиттик карточкасы эмнеси менен өзгөчөлөнгөн?

Жообу: Рейхтин алтын жалатылган эмблемасы түшүрүлгөн


Италиялык тенор ЭнрикоКарузонун  (1873-1921) визиттик карточкасынын өзгөчөлүгү эмнеде болгон?

Жообу: автопортрети түшүрүлгөн


Альберт Эйнштейндин визиттик карточкасы эмнеси менен айырмаланган?

Жообу: Профессордун өз колу менен дарегин жазуу адаты болгон


Эмне үчүн Л.Н.Толстой визиткасын французча жаздырган?

Жообу: визиттик карточканы чет өлкөлөргө чыкканда пайдаланган Заманбап визиттик карточкалар кандай маалыматтарды камтыйт?
Аты-жөнү
Кызмат орду
Дареги
Байланыш телефондору
Факс
Электрондук дареги
мекеменин толук аталышы
үй-бүлөсү
турак-жайы
мал-мүлкү
УГАЛЫ Тапшырмаларды аткарыӊыз.
Бүгүнкү нанотехнологиялар заманында да визиттик карточкалар маанисин жоготпой келет. Кагаздын  бурчуна ар кандай белги коюу менен ага кошумча маани беришет.            
Мисалы, француз тилиндеги бул белгилер эмнени билдирет? pfpr pc pp ыраазычылык билдирүүкуттуктоо таанышууну каалоо дегенди түшүндүрөт.көңүл айтуу Төмөнкү катка кандай белги коюлган? кошумча дагы кандай маанилерди туюндурат?