Экинчи сабак   Менин мектебим 1.

Менин мектебим Кант шаарынын ортосунда жайгашкан. Биздин мектептин сырты дубалдар

менен курчалып, сүрөттөр менен кооздолгон. Мектептин ичи таза жана кенен. Бизге атайын сахна жасалган, балдар ал жактан оюн коюшуп жана бийлешип ар кандай майрамдарга даярданышат.

Мектептин түндүк жагында трасса, түштүк жагында чоң футбол талаасы бар, батыш жагында дагы бир мектеп бар, жана соода борбору бар. Менимче балдар жакшы окушат, анткени мектепте бардык шарттар бар. Мен өзүмдүн мектебим менен сыймыктанам!